Репортаж: Кыргызстанда коммерциялык кинотасмалар көбөйүүдө

Мурдагы жылы Кыргызстанда акыркы 10 жылдын ичинде эң көп жергиликтүү өндүрүштөгү кинотасмалар прокатка чыкты. 2011-жылы чыгарылган кинолордун саны жыйырмадан ашык.

Ыйык Валентин күнүндө Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында «Сүйө бил» кинотасмасынын премьерасы өтөт.

Кинотасманын продюсери Каарманбек Кулуевдин айтымында, бул кино «экшн жана хореографиялык кылдаттык менен коюлган мушташуулар». «Сүйө бил» - махабат жөнүндөгү тасма. Башкы каармандар — эркектерден көңүлү калып, алардан өч алууну көздөгөн үч кыз жөнүндө.

Продюсер тасманын коммерциялык ийгилигине ишенет.

«Кыргызстандык кино акырындык менен кирешелүү болуп жатат, ошондуктан жай айларында дагы бир тасма тартууга киришебиз», — деди Кулуев.

2011-жылы Кыргызстанда жыйырмадан ашуун толук метраждуу кинотасма прокатка чыкты. Алардын ичинен күйөрмандардын купулуна толуп ийгиликке жетишкен «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?», «Бишкек мен сени сүйөм» жана «Көк Салкын» кинотасмалары болду.

«Манас» жана «Октябрь» кионтеатрларынын өкүлдөрү жогоруда айтылган тасмаларды кыргыз кинопрокатынын алдыңкылары деп атап кетишти.

Кино үчүн курмандыктар жана жардамдашуулар

Мындай оптимистүү маанайга карабастан, тасмалардын жаратуучулары кинону аягына чейин тартып бүтүү үчүн курмандыктарга баргандыгын айтып жатышат.

«Көк Салкын» комедиясынын продюсери Камчыбек Жумабековдун айтымында, ал азыркыга чейин монтаждын жана актерлордун гонорарларын төлөп бүтө элек. Тасма прокатта жакшы киреше алып келээрине үмүттөнөт, бирок кандай гана жыйынтык болбосун кино тартууну уланта берет.

Камчыбек азыркы күндө «Саяктар» КВН командасы менен тамашалуу скетч-шоудун үсүтүндө иштеп жатат.

«Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?» комедиялык драманын режиссеру Данияр Абдыкеримовдун айтымында, тасманы аягына чейин тартып бүтүү үчүн авто унаасын сатканга чейин барган. Ошого карабастан, ал каражат да жетпей, демөөрчүлөрдү издөөгө аргасыз болгон.

«Демөөрчүлөрдү өзүбүз издейбиз. Көпчүлүгү жеке ишкерлер, кызматташтык өз ара жардамдашуу принцибинде курулат,башкача айтканда  тасмада биз алардын продукциясын жарнамалайбыз, алар финансылык жаатта жардам берет», — дейт Абдыкеримов.

Кинону тартуу үчүн 20 миң АКШ доллары кеткен, прокатта тасма жаратуучуларына «жакшы эле» киреше алып келди, бирок Данияр так сумманы атоодон баш тартты. Азыркы күндө Абдыкеримов «Голливуд стилиндеги» толук метраждуу мультфильмдин үстүндө иштеп жатат.

Коммерциялык ийгиликке жетишкен  «Аят-2» кинотасмасы болгон. Тасманын продюсери, режиссеру жана башкы ролдогу актер Азамат Арыковдун маалыматында, кинону тартуу үчүн достору жана тааныштары жардам берген. Алар керектүү имараттарды, авто унааларды издөөдө жардам берип, кээ бирилери бекер эле беришип чыгымдардын бир кыйла азайышына өбөлгө болгон.

«Чыгымдар 80 миң АКШ доллары болгон (ред. 3,5 млн.сом). Бирок бул сумма тасманын сметасына кирген жок, анткени ал досторумдун жана тааныштарымдын жардамы», — дейт режиссер.

Анын айтымында, азыркы күндө прокатта тасма эки миллион сом чогултту.

Актерлор

Актерлор кастинг аркылуу же болбосо тааныштар аркылуу тандалат. Тандоо критерийи көпчүлүк учурда артисттин амплуасына көз каранды. Профессионал эмес актерлорду да киного тартып келишет.

«Режиссерлор башкы каармандын ролун жарата турган актерду профессионал болбогондордун арасынан издөөгө аргасыз, анткени профессионалдар турпаты, жашы же башка көрсөткүчтөрү боюнча төп келбей калышы мүмкүн. Кээ бирөөлөр эстрада жылдыздарын тартылууга чакырат», — дейт Темир Бирназаров.

Актерлор дайыма киного тартылып туруш керек. Кээ бирилери ачка калбаш үчүн жарнамалык роликтерге үн коштоп, корпоративдик кечелерде алып баруучу болуп иштешет

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун айтымында, актерлордун гонорарлары атактуулугуна, тажыйырбасына жана болочок ролго жараша бир күн үчүн 500 сомдон 1500 сомго чейин жетет. «Белгилүү эмес» актерлор бекер эле тартылууга даяр.

Актер Камчы Сарыбаев бир күндө тапкан эң көп гонорары 700 доллар болгондугун айтып берди.

«Голливудагыдай актерлордун класстарга бөлүнүшү бизде жок. Ошондуктар актерлорду атактуулугуна жараша баалашат», — дейт Сарыбаев.

Советтер Союзунун таркалышына чейин кыргыз киносу автордук жана коммерциялык деп бөлүнчү эмес. Мындай эки жааттуулук акыркы жылда кескин түрдө сезиле баштады.

«Коммерциялык кино дегенде көпчүлүк начар сапаттагы кино деп түшүнүшөт. Мындай пикир менен макул эмесмин, анткени автордук кино бир эле учурда коммерциялык да болушу мүмкүн. Мисалы, «Боз Салкын» жана «Свет Аке» тасмалары көптөгөн эл аралык фестивалдарда байгелүү орундары ээлеп келишип, коммерциялык ийгиликке да жетишкен. Ошондуктан, мен кинотасмаларды сапаттуу жана сапатсыз деп гана бөлөм», — дейт Эрнест Абдыжапаров.

Кинонун аталышы «Бишкек мен сени сүйөм» «Көк Салкын» («Невеста поневоле») «Аят-2» «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?»
Жанры; чыгарылган датасы драма, комедия; 2011 комедия; 2011 боевик, криминал; 2011 романтикалык комедия; 2011
Режиссер Русланбек Акун Тилек Чериков Азамат Арыков Данияр Абдыкеримов
Продюсер Александр Цай Камчыбек Джумабеков Азамат Арыков Данияр Абдыкеримов
Тасманын бюджети Маалымат жок 20 миң АКШ доллары 30 миң АКШ доллары 20 миң АКШ доллары
Кыскача мазмуну Адамдардын ортосундаы карым-катнашты, алардын сезимдерин баяндаган тасма. Башкы каарман — Бишкек шаары. Атасынын туулган күнүнө чейин үйгө келин алып келбесе Эркин мурас-мүлкүнөн ажырап калат. Али атуу жаш спортчу ийгилик нурларына бөлөнүп жатып, жашоодогу эң маанилүү болгон үй бүлө, ата-эне, Кудай жөнүндө унутуп коет. Жакын досунун чыккынчылыгынан кийин, үй-бүлөсүн жоготкондон соң гана өз катачылыгын түшүнөт. Гу Чжун Пё, корей сериалынн каарманы — Алияныны кумири. Ийгиликке жетишүү үчүн Алияга ал стимул болуп калат. Бирок, ия нерсеге жетпейт эле, АНЫ жолуктурбаса...
Кайдан көрсө болот «Movie Star» кинотеатры «Ала-Тоо»
«Октябрь»
«Манас»
«Movie Star»кинотеатрлары
«Манас» кинотеатры

Фото: «Бишкек мен сени сүйөм» тасмасынын тартылышы учурунда, Limon.kg порталынан алынды.

Редактор: Анна Лелик

Автор: Урмат Борченов