Дүйнөлүк банк: Өкмөт менен жолугушуудан Кремер ден-соолугуна байланыштуу кетүүгө аргасыз болду

Дүйнөлүк Банктын Бишкектеги бөлүмүнүн жетекчиси Александр Кремер Өкмөт менен болгон жолугушуу учурунда  күтүүсүздөн кетип калды. Чыгып баратып стаканды түшүрүп жиберген. Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча, кан басымынын жогорулушунан жана ден-соолугуна байланыштуу кетүүгө аргасыз болгон.

Бул окуя жергиликтүү ММКларда эле эмес, Орто Азияда  талкууга алынган тема болуп калды.

Өкмөт үйүндөгү Кыргызстанда реформалоо программасы боюнча жолугушууда Кремер «котормо үчүн техниканы вице-премьер Жоомарт Оторбаевге ыргытып жиберди»,- деп алгач кыргызстандык кабар агенттиктери маалымдашкан.

Дүйнөлүк Банктын өкүлчүлүгү, ден-соолугу күтүүсүздөн начарлап, өзүн жаман сезгендиктен кетүүгө аргасыз болду, ал эми стаканга колу капыстан тийип кеткен,- деп кабарлашты. Кремер азыркы учурда ооруканада.

«Кремердин мындай кадамдары ден-соолугу менен гана байланыштуу. Мээдеги кан айлануу системасынын бузулушунан улам  күтүүсүздөн каттуу таасир берип приступ болуусуна алып келген. Ошондуктан Кремер мырзанын жүрүм-туруму өзгөрүлүп кеткен», — деп билдирет  Дүйнөлүк Банк пресс-релизинде.

Ушундай эле версияны Өкмөттүн басма сөз катчылыгы кабарлады — Кремер «жүрөгү ооруп» жолугушуудан кетүүгө аргасыз болгон.

«КирТАГ» кабар агенттиги, Кремер бөлмөдөн чыгып баратып сөгүнгөнүн кабарлаган, ал эми «Мир» телеканалы өз сайтына жүктөгөн видеодон Кремердин «God, I need to get out of here!» («О, Кудай, бул жерден кетишим керек!») деген сөзүн укса болот. Видеону бул шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар  http://kg.mirtv.ru/news/4665138 

Дүйнөлүк Банк, жетекчисинин мындай жүрүм-турумуна кечирим сурап, ошол учурда сүйлөп жаткан Эл аралык валюта фондунун өкүлү Коба Гвенетадзеге эч тиешеси жок,- деп кабарлашты.

Бул окуя «Твиттер» блогунда да кызуу талкууга алынган темалардын бири болду.

«Хахаха, Александр Кремер — красафчик, чыныгы эркек, байкеша, биздин чиновниктердин маанисиз сөздөрүнөн тажап кетсе керек», — дейт @Ahmadhon колдонуучусу.

«Твиттердеги» лакап аты @azzzik болгон «АКИпресс» кабар агенттигинин өкүлү Азамат Иманалиев, Кремер «эшикти катуу жаап кетти»,- деп жазып чыккан.

@abdalievn колдонуучусу Кремер ден-соолугу жакшы эле, «Ооруган адамдар эшикти катуу жаап, мындай ыкчам басышпайт» дейт.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Бектур Искендер