Хроника: Москвада митингдер өтүп жатат [17:51 + фото]

Москва шаарынын Болотный аянтында парламентке болгон шайлоолордун жыйынтыктарына каршы кайрадан митинг өтүп жатат. Азыркы учурда митингчилер Болотный аянтына бара жатышат. Бул марш менен бирге Орусиядагы митингдерге каршы «антиоранжевый» митингдер өтүп жатат.

Санкт-Петербургдагы митинг

17:51 «Ридус» кабар агенттигинин маалыматы боюнча митингичлер эки топко бөлүнүп калышты. Биринчи топ «Таза шайлоо үчүн»: «Яблоко», «Справедливая Россия», «Левый фронт» ж.б.партиялар. Экинчи колоннада «Жарандык комитеттин», КПРФ, «Другая Россия» жана «Орусиянын империялык кыймылынын» өкүлдөрү болду.

Митингдин катышуучулары «Эгер мени дагы бир жолу алдаса, жарылып кетем», «Таза шайлоо үчүн» жана «Мен алданбайм» деген жазуулар менен ак шарларды жана КПРФтын символдорун көтөрүп келишти. Туу жана траснпортанттар көрүнбөйт.

17:36 Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да Санкт-Петербургда «Таза шайлоо үчүн» маршы өттү. Грек аянтындагы Чоң концерт Залынан башталып Конюшенный аянтында бүтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө ушул эле аянтта митинг өтөт.

Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы митингдин уюштуучуларынын «Вконтакте» коомдук тармагындагы расмий баракчасында маалымдалган.

Петербургдагы уюштуруу комитетине КПРФ, Яблоко, Справедливая Россия, ЛДПР партияларынын жана Санкт-Петербургдун коомдук-саясий бирикмелеринин өкүлдөрү мүчө болду.

Москвада митингдер аяктады.

17:25 Митингдин катышуучулары боюнча ИИМ — «антиоранжевый» митингге 138 миң, Болотный аянтына 36 миң, Пушкин аянтына 1000 адам келди деп жаңы маалыматтарды берди.

Би-би-синин кабарчысы Юрий Маловерьяндын айтымында Болотный аянтына 50 миңден 60 миң адам келген. «Ассошиэйтед пресстин» маалыматында Поклонный тоосуна 15 миң гана адам келген, дейт Би-би-си.

17:08 Президенттикке талапкер, миллиардер Михаил Прохоров «Твиттердеги» блогунда «Митингдин очогунда турам, эл менен баарлашып жатам. Суук, бирок мени кое бербей жатышат. Кубантпай койбойт, демек, элдер мага муктаж», — дейт Прохоров.

17:00 «Ридустун» маалыматы боюнча митингчилер төмөндөгүдөй талаптар менен резолюция кабыл алышты:

«1. Саясий туткундарды жана адилетсиз соттолгондорду бошотуу
2. Думага болгон шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу
3. Чуровду отставкага кетирип, шайлоолордогу фальсификация жана Чуровдун ишмердүүлүгү боюнча иликтөө ишин жүргүзүү.
4. Оппозициялык партияларды каттап, саясий партия жана шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алуу. Ушул жылдын жаз айларына чейин саясий системанын реформасын жүргүзүү.
5. Парламенттик жана президенттик таза шайлоо өткөрүү.

Катышуучуларга кайрылып, сүйлөп жаткан адам дагы эки пункт кошумчалады:

6.Путинге бир дагы добуш берилбесин, басым жана коркутууларга ийилбей, мындай мыйзам бузуулар жөнүндө дароо кабар берүү.
7. 4-марттагы шайлоолорго байкоочу катары жазылып, мыйзам бузууларды алдын алуу.»

16:52 Кийинки митингдин датасы болжолдуу түрдө 26-фераль деп Рыжков маалымдап кетти.

16:51 Оппозициянын өкүлү Владимир Рыжков Болотный аянтындагы митингдин аяктаганын жарыялап, катышуучуларга ак шарларды асманга учурууга чакырып кетти. «Биз дагы келебиз» деп сөз берип, митингчилер «Путинсиз Орусия» деп кыйкырып жатышты, деп Би-би-си маалымдады.

16:46 «Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинский өз сөзүндө митингдин катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, бул кадамыңар менен Орусиянын келечегин коргоп жатсыңар деди.

«Биз өлкөбүздүн келечегин коргоп жатабыз. Биз жалгыз эмеспиз, биз Орусиянын желеги алдында бириктик. Силерге айткым келген эң негизги нерсе — 4-жана 5-март менен жашоо аяктабайт. Тескерисинче, бизге баардыгы ошол күндөн башталат, ал эми алар үчүн акыркы күндөр болот», — дейт оппозициялык партиянын лидери.

«Саясий реформа үчүн миңдеген комитеттерди» түзөм деп кошумчалап кетти.

«ММКларга болгон цензураны жоёбуз. Биз өз мекенибизди сүйөбүз, урууларга, фашисттерге жана башка кан соргучтарга талоончулукка бербейбиз», — дейт Явлинский.

16:42 «Твиттердеги» Cheburashenka колдонуучусу «антиоранжевый» митингдин катышуучулары акчага жалданган деп кабарлаган.

«Бат акча таап алууну көздөйсүзбү? Единая Россия үчүн митингге катышып, добушуңузду саткыла. Ар бир катышуучуга 5000 рублдан берип жатат», — колдонуучу.

16:28 «Твиттердин» колдонуучулары Болотный аянтында каршылык акциясынын бир катышуучусун камакка алгандыгын айтып жатышат.

«Болотныйда бир адам камакка алынды, Полянка ИИБне бара жатам», — дейт Moscow_advokat лакап атындагы колдонуучу.

16:24 РИА «Новости» кабар агенттиги Поклонный тоосундагы «антиоранжевый» митингдин аяктап жатканын маалымдады. ИИМдин маалыматы боюнча бул акцияга 125 миңден 128 миң адам катышты.

16:22 «Новости» орусиялык кабар агенттиги өзүнүн сайтында «Таза шайлоо үчүн» акциясынын катышуучуларынын баса турган жолунун картасын жарыялады. Инфографиканы http://ria.ru сайтынан көрө аласыздар.

16:16 Полиция кызматкерлери Поклонный тоосундагы акциянын уюштуруучуларына жаза берилет дейт. Анкени, алар митинг уюштуруу арызында 15 миң гана адам болот деген, ал эми ИИМдин маалыматы боюнча 100 миңден ашуун катышуучу келген — дейт Би-би-си.

16:15 Азыркы учурда Болотный аянтындагы сахнада «Таза шайлоо үчүн» акциясынын лидерлери сүйлөп жатат.

«Бийлик өкүлдөрү бизди акмак деп ойлоп жатышат. Акмактар — уруулар, Путин — акмак»,— дейт сахнадан лидерлердин бири.

15:53 Орусиялык алып баруучу Тина Канделаки «Твиттердеги» блогунда: «Мен Якиманкадамын, ар түрдүү көз каршатагы адамдардын колонналары бара жатат, ар түрдүүлүк коркутат» деп жазып чыкты.

Блоггер жана Илья Варламов «Твиттердеги» блогунда: «Улутчулдар «ким секирбесе ошол Путин» деп кыйкырып, секирип жатышат» деп кабарлады.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча аянтта 80 миң адам чогулду. Би-би-синин кабарчысы Юрий Маловерьян бул көрсөткүч «бир аз» апыртылган деп айтууда.

15:51 Болотный аянтындагы адамдар жыландын башы менен ак шарлардан курчалган узун лента жана «Путинден сактаналы» деген жазуу менен картондон жасалган презерватив көтөрүп бара жатышат. Эскерте кетсек, Путин кайсы бир телеберүүдө митингчилердин ак лентасын презерватив менен салыштырган.

15:44 «Ридус» кабарлап жатат:

«Метродон келип жаткан адамдардын саны азайды, митингчилердин көпчүлүгу Болотныйга келип бүттү. Аянттын кире беришинде улутчулдардын колоннасы фаер күйгүзүштү. Жергиликтүү рок топторун музыкасы ойноп жатат. Дааратканага кезекте турган адамдардын саны арбын»

15:44 Акциянын уюштуруучуларынын бири Владимир Рыжков Болотный аянтында 30 миңдей адам чогулду, дагы 50 миңдей адамдын келүүсү күтүүлүүдө деп «Интерфакска» маалымдаган. Полиция кызматкерлери катышуучулардын саны 23 миңе жеткендигин кабарлады дейт Би-би-си.

15:41 Эскерте кетсек, «Таза шайлоо үчүн» акциялары мурдагы жылдын 10- жана 24-декабрында Орусиянын 100дөн ашуун шаарларында өткөн. Ал митингдерде демонстранттар Борбордук шайлоо комитетинин жетекчисин жумуштан кетирип, Думага болгон шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылып резолюция кабыл алышкан.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, биринчи митингге 70 миң, экинчи митингге 100 миң адам келген. Уюштуруучулардын бири митингчилердин саны беш эсе көп болот деген сөзү тилекке каршы орундалбай калган.

Азыркы күндө алардын бир дагы талабы ишке ашкан жок.

15:38 Поколонный тоосунда болуп жаткан «антиоранжевый» митингчилер орусиялык премьер Владимир Путинге колдоо көрсөтүп жатышат.

15:21 ИИМдин маалыматы боюнча Поклонный тоосундагы адамдардын саны 87 миңден 90 миңге чейин жетти, ал эми Якиманка көчөсүндөгүлөрдүн саны 23 миң. Коомудк тармактардын колдонуучулары мындай расмий маалыматтар апыртылып берилди деген көз караштарын айтышууда.

15:13 Поклонный тоосунда «антиоранжевый» митингдин лидерлери сүйлөп жатат:

«Биз эркин жарандарбыз, өз жолубузду өзүбүз табабыз, бул митингге келгендердин баары менен сыймыктанам. Таза шайлоо өтсүн деп айтуу үчүн «оранжевый» төңкөрүштүн бизге кереги жок», — дейт катышуучулардын бири.

«Душмандарыбыз алдап жатат — бизди мажбурлап митингге чыгарды деген жалган!!! Жок!», — дейт уюштруучулардын бири.

15:08 Би-би-синин маалыматы боюнча, митингчилердин бир бөлүгүн Михаил Прохоров жетектеп жатат. Мындан сырткары митингге оппозициянын көрүнүктүү өкүлү Алексей Навальный да келгенин «Ведомости» гезитинин кабарчысы «Твиттерде» кабарлап өттү.

«Прохоров жакшы жыйынтык берээринен күмөн санайм. Бирок, ал жаш, жаңыдан аттанып жатат, келечекте Президент болот», — дейт митингчилердин бири "Ридустун" түз эфирдеги трансляциясында.

15:06 Кирилл тамгалары менен жазылган «Поклонный» сөзү «Твиттер» платформасынын дүйнөлүк тренддердин тизмесине кирди.

15:01 Митингчилер кыймылга келишти. «Ридус» кабар агенттиги митингчилер Болотный аянтына келе баштады деп маалымдады.

14:55 «Интерфакс» кабар агенттиги митингчилерди полиция кызматкерлери токтоткондугун маалымдады.

Полиция кызматкерлери митингчилер бат басышкандыктан «өздөрү күнөөлү» деп жатышат. Полиция митингдин уюштуруучуларын күтүүдө. Полициялык курчоолорго азырынча басым жасалбай эле.

14:45 ИИМдин маалыматы боюнча Поклонный тоосунда 35 миң, ал эми Якиманка маршында 11 миң адам чогулду. ЛДПР партиясынын акциясы Пушкин аянтында бир миңге жакын жактоочуларын чогултту.

14:30 «Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинскийдин жактоочулары «Путинге — жок! Явлинскийге — ооба!» деп кыйкырып жатышат.

«Москва — орустардын шаары!» деп митингге келген фашисттер кыйкырып жүрүшөт.

14:23 «Ридус» кабар агенттиги сайтында митингди түз эфирде көрсөтүп жатат. «Ридустун» кабарчысы асманда алгачкы полициянын вертолету пайда болгондугун маалымдады.

14:20 Оппозициянын өкүлдөрү Думага болгон шайлоолордун жыйынтыгына жана 4-мартта өтө турган президенттик шайлоолордогу Путиндин талапкерлигине каршы митингге даярданып жатышат.

Митингчилер Октябрь метросунан баштап Якиманка көчөсүнөн Болотный аянтына барышат. Эскерте кетсек, ушул эле аянтта 10-декабрда оппозициянын «Таза шайлоо үчүн!» деген биринчи акциясы болгон.

Оппозициондук митингден тышкары Москвада дагы эки митингдин болушу күтүлүүдө.

Поклонный тоосунда москва сааты боюнча 13.00дө «антиоранжевый» митинг пландаштырылган. Би-би-синин маалыматы боюнча, бул митингди  каршылык акциялардын толкуну 2004-жылкы Украинадагыдай козголоңдорго алып келиши мүмкүн дегендер өткөрүп жатат.

Шаардын борборунда Пушкин аянтында москва сааты боюнча 12.00дө ЛДПР партиясыны жактоочулары чогулат.

Калуга аянтында темир издөө рамалары орнотулуп, коопсуздукту камсыз кылуу шарттары күчөтүлдү. Кабар агенттиктери жүздөн ашуун полиция кызматкерлери чогулганын маалымдап жатат.

Фото «Ридус» кабар агенттигинен алынды

Которгон: Бермет Абдыкадырова