Оппозиционерлер жана Путинчилер бир убакытта Москвада нааразычылык акцияларын өткөрүштү


4-февраль күнү Москва шаарынын Болотной аянтында Орусияда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы наарызычылык акциясы болуп өттү. Ошол эле учурда болжолдуу билдирүүлөргө караганда Поклонный тоосунда азыркы бийлик өкүлдөрүн колдоого алган «антиоранжевый» митинг болуп өткөн. Кийинки каршылык акциясы 26-февралда болуусу күтүлүүдө.

Москва убактысы боюнча саат бирде башталган «Таза шайлоо үчүн» митингинде, ар кайсы маалыматтар боюнча 36 миңден 120 миңге чейин адам чогулган. Мурунку акцияларда катышуучулардын саны 100 миңге чейин жеткен.

Нааразычылык акциясын 10-декабрда өткөрүшкөн оппозиция өкүлдөрү жана митингчилер «Октябрь» метросунан баштап Якиманка көчөсү менен өтүп Болотный аянтында чогулушкан.

Маалымат агенттиктеринин билдирүүлөрү боюнча, нааразычылык акциясына ар түрдүү багыттагы инсандар чогулган- митингге анархистер, улутчулдар, антифашисттер, гейлер жана башка оппозициондук кыймылдын жана партиялардын өкүлдөрү катышышты.

Болотный аянтына чыккан митингчилер оппозиция лидерлеринин «мекенибизди урууларга, фашисттерге жана башка кан соргучтарга бербейбиз»,- деген сөздөрүн угушту.

Нааразычылык акциянын жүрүшүндө лидерлерлер катышуучулар менен биргеликте резалюция кабыл алышты.

Резалюцияда төмөнкү талаптар кобюлган: саясий туткундарды жана адилетсиз соттолгондорду бошотуу, парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу, БШКнын жетекчиси Владимир Чуровду отставкага кетирүү, оппозициялык партияларды каттап, ушул жылдын жаз айларына чейин саясий системада реформа жүргүзүү, парламенттик жана президенттик таза шайлоону эркин түрдөө өткөрүү, ошондой эле 4-марта боло турган шайлоодо Путинге бир дагы добуш берилбөөсү тууралуу чакыруу жасап, шайлоолорго байкоочу катары жазылып, мыйзам бузууларды алдын алуу.

Ушундай эле талаптарды 24-декабрда оппозиция лидерлери сунуштаган. Бирок,азыркы күнгө чейин митингчилердин бир дагы талабы аткарыла элек.

Митингчилер президенттик шайлоого бир жума калганда- 26-февралда кайрадан митинг өткөрөөрүнө сөз берип кеттишти.

«Таза шайлоо үчүн» митинги 4-феварлда Москвада болуп өткөн жалгыз акциялардан болгон жок. Поклонный тоосунда 15 миңден 138 миңге чейинки адам катышкан «антиоранжевый» митинг болуп өткөн. Алардын айтуусу боюнча, Москвада болуп өтткөн митинг 2004-жылы Украинада болуп өткөн «оранжевый ревалюция» сыйяктуу таң калууну жаратышы мүмүкүн.

«Таза шайлоо үчүн» оппозициялык акциянын катышуучуларынын көпчүлүгү, «антиоранжевый» митинги 4-мартта президенттик шайлоодо катышуучу орусиялык премьер Владимир Путинди колдоо үчүн уюштурулган,- деген пикирде.

«Антиоранжевый» акциянын катышуучулары бир дагы тарапты колдобойбуз,- деп жатышкан, бирок сахнадагы сүйлөөчүлөрдү бири Путин бизид колдойт,-деп айткан.

Полиция кызматкерлери Поклонный тоосундагы акциянын уюштуруучуларына жаза берилет,- деп билдирди. Алардын айтуусу боюнча, митинг уюштуруучулары арызында 15 миң адам болот,- деп кабарлаган, ал эми ИИМдин маалыматы боюнча 138 миңден ашуун катышуучу келген.

Би-би-синин маалыматы боюча, Орусиянын премьери Путин Поклонный тоосундагы акциянын уюштуруучулары менен биргеликте айып пулдун жарымын төлөөгө даяр экенин билдирген.

Дагы бир акция Пушкин аянтында болуп өттү — миңге жакын ЛДПР (Либерал-демократтар патриясынын) жактоочулары Владимир Жириновскийге колдоо көрсөткөнү келишкен.

Митингдерге эки күн калганда Би-би-синин орус тилдүү кызматы, «Москвадагы митингдер — бир адамга 1000 рубледен» деген репортажын жарыялаган.

Кабарчы Мария Васильеванын айтымында, 4-февралга бир күн калганда интернет мейкиндикте митинг үчүн актерлор изделип жаткандыгы жөнүндө маалыматтар толуп калган.

«Митингдеги иши үчүн 300 рублден 1500 рублга чейин төлөнөт», — деп жазат өзүнүн макаласында Васильева.

Кабарчынын маалыматы боюнча, мындай жарыялоолор үч митингге тең тиешелүү, бирок Путинди колдогондор башкага салыштырмалуу арбын.

Мындан сырткары мамлекеттик уюмдардын, жергиликтүү органдардын жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин күчкө салып митингге катыштырып жаткандыгы тууралуу Би-би-си маалымат кызматынын кабарчысы маалымдады. Бул боюнча кабарчыларга анонимдик чалуулар болгон.

Мекемелердин кызматкерлеринин айтуусу боюнча, Владимир Путинди колдогоого арналган акцияга катышышпаса «жумуштан кетирүү», «куугунтука алуу», «акчалай сыйлыктарын жокко чыгаруу» менен коркутушкан. Кээ бирөөлөрүнө, тескерисинче митингге барсаңар жумуштан бир-эки күнгө эс алуу аласыңар, акчалай сыйлыкка ээ болушуңар мүмкүн,- деген, сөздөрүн Би-би-си кызматты кабарлайт.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Сүрөт «Ридус» маалымат агентигинен алынды