Биринчи жолу парламент депутаты укук коргоочу Аскаровдон келип кабар алды [+аудио]


«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ширин Айтматова парламент өкүлдөрүнүн арасынан биринчилерден болуп, эркинен өмүр бою ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров менен жолугушуп кайтты.Маек учурунда Аскаров сот ишин кайра карап чыгуусун талап кылды.

Аскаров 2010-жылы этникалык кагылышууларды уюштургандыкта жана милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешелүү деп табылып, эркинен мүр бою ажыратылган.

Айтматова менен болгон маегинде ал, сот ишин кайра карап чыгуу үчүн жетиштүү күбөлөрдүн бар экендигин айтып өткөн.

«Күбөлөр бирөө гана эмес -алар көп. Мага карата айтылган айыптоолордун баары жасалма экенин тастыктоочу бир эмес, жүздөгөн күбөлөр бар! Күбө деген толтура, бирок бирөөсү да суралган жок»,—деди Аскаров Айтматова менен биргеликте эки журналист жана Бишкектин №47 колониясынын жетекчисинин орун басары катышкан жолугушууда.

Колониянын кызматкерлери видеого тартууга тыюу салып, «Клооптун» кабарчысынын видеокамерасындагы маектин жазылган алгачкы мүнөттөрүн өчүрүп салган.

Видео камерага тартылып алынган жазуу өчүрүлгөн, кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Аскаровдун айтымында, анын жактоочулары азыркы күндө күбөлөр тарабынан Базар-Коргондогу тополоңго тиешси жоктугун тастыктаган көрсөтмөлөрдү расмий түрдө документештирип, маалымат чогултуп жатышат.

2011-жылдын декабрь айындагы Жогорку Соттун чечиминен кийин Аскаровдун эки гана жолу калган — БУУнун адам укуктары комитетине кайрылуу же болбосо Кыргызстандын сот системасында ишинин кайрадан каралып чыгуусун талап кылуу.

60-жаштагы укук коргоочу сот ишин Кыргызстанда каралышын талап кылып жатат. Анын айтуусу боюнча, эл аралык инстанцияларда бул процесс көпкө созулуп, көп убакытты талап кылат. Ошого байланыштуу ал убакыттка чейин жетпей калуусу (каза болуп калышы) мүмкүндүгүн айтып өткөн.

«Түшүнсөңүз, мен 24 жаштагы улан эмесмин да», — деди Аскаров Айтматовага.

Аскаров менен Айтматованын сүйлөшүүлөрүн бул жерден угууңуз мүмкүн.
REC095

Ден-соолуктун начарлап баратышы

Айтматова менен Аскаровдун маегинин жарымы 2010-жылдын июнь окуялары — өзбек жана кыргыздардын ортосундагы этникалык кагылшуу жөнүндө болду. Укук коргоочу күнөөсүз экендигин билдирип, өз айткандарынан кайткан жок, ошондой эле милиция кызматкерлери кыйноолорду колдонгондугун айтып жатты.

Маектин экинчи бөлүгүндө Аскаровдун начарлап жаткан ден-соолугу талкууланды. Айтматованын айтымында, ден-соолук маселеси анын Аскаровго келүүсүнүн себеби болгон.

Аскаровдун негизги арызы — анын айтымында жашоо шарттары, жер төлөдөй болгон бөлмөдө суук, ным болгондуктан бронхит жана астмасы күчөп жатат. Андан сырткары кардиологдун текшерүүсүнөн өтүшү керектигин билдирди Аскаров.

Жолугушууда болгон колониянын жетекчисинин орун басары, Аскаров жашаган камера эркинен өмүр бою ажыратылгандарга ылайыкталган эң жакшы камера экендигин айтып, жаңы камера курууга колониянын мүмкүнчүлүгү жок,-деп билдирди.

Врачтар укол жасаган соң колдонулган шприцтерин сындырышпайт,- деп Аскаров Айтматовго арызданып өттү.

«Бул туура эмес! Кайдан билем, шприцти кайрадан колдонбогонун?!, — дейт укук коргоочу.

Жетекчинин орун басары, күндүн аягында шприцтер отко жагылаарын айтып, Аскаровду ынындырды, бирок укук коргоочу бул маселе боюнча баары бир арыз жазаарын билдирди.

Жалпысынан алганда колониянын кызматкерлеринин мамилесине ыраазы экендигин укук коргоочу билдирди.

«Мактап жатат деп ойлобоңуз, жок, кошомат кылып жаткан жокмун, чын эле кызматкерлерине ыраазымын. Тышка алты саатка чыгарышат, алты саат тең китеп окуйм! Күндүзгү сейилдөөдө да каалаганча үзгүлтүксүз китеп окуу менен алекмин», — деди укук коргоочу.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Сүрөттүн автору: Илья Каримджанов
Авторлор: Бегимай Бекболотова жана Бектур Искендер