Бишкек -Баткен аба каттамы кайрадан иштеп баштады


«Авиатрафик» авиакомпаниясы Бишкек- Баткен авиакаттамдарын биринчилерден болуп карай ишке киргизди. Эскерте кетсек, Ан-24 үлгүсүндөгү учактарды колдонууга тыюу салынгандыктан Баткен, Исфана, Жалал-Абад шаарларынын Бишкек менен байланыштыруучу авиакаттамдары токтотулган.

Бир айлык тыныгуудан кийин Бишкек-Баткен-Бишкек биринчи каттамы 7-февралдан тартып уча баштайт.

«Авиатрафик» компаниясынын гендиректорунун орун басары Николай Кучеренко «Клоопко» берген интервьюсунда, бул авиакаттамды ишке киргизүү үчүн БАе-146-200 үлгүсүндөгү учактын сатып алынгандыгын кабарларды.

«Техникалык текшерүү рейсин үч жума мурун өткөрүлдү, бардыгын текшердик. Бул учак жүргүнчүлөрдү ташый ала тургандыгына күбө болдук»,-деди Кучеренко.

Директордун орун басарынын айтуусунда, мындай типте эки учак бар. Ошондой эле, тоолу аймактарга ылайыкташтырылган британиялык бул учак атайын модификацияланган.

Учак 99 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган. Азырынча авиакаттамдар бир жумада эки жолу — шейшемби жана жекшемби күндөрү болуп турат. Кийинчерээк бир жумада үч рейстин болушу күтүлүүдө.

Кучеренконун билдирүүсүндө, билеттин баасы 3300 сом.

«Кыргызстан» жана «Эйр Бишкек» авиакомпаниясы ылайыктуу учактардын жоктугунан улам Бишкек шаарынан Баткен, Жалал-Абад жана Исфана шаарларына болгон авиакаттамдарын жандандырууну пландаштыра элек.

«Эйр Бишкек» авиакомпаниясынын өкүлүнүн билдирүүсү боюнча, алар тараптан төрт жылдан бери Баткенге учак учурула элек.

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын учуу кызматынын жетекчиси Максат Акуловдун айтуусу боюнча, 2012-жылга чейин Бишкек-Ош авиакаттамдарынан сырткары Кыргызстан боюнча ички каттамдарда АН-24 учагы колдонулуп келген. Бирок өкмөт тарабынан 1-январдан тартып Ан-24 үлгүсүндөгү учактарды өлкө аймагында пайдаланууга тыюу салган.

Учактарга тыюу салынгандан бери, ички авиа каттамдар арасында Бишкек-Ош рейси гана калган. Үч авиакомпания тең ички Бишкек-Ош каттамдарын «Боинг», БАе, советтик Ту жана бразилиялык «Эмбраер» учактарында жүргүзүшөт.

Ички каттамдардын токтотулушунан улам өзгөчө Баткен облусунун тургундары жабыр тартты. Себеби Баткен жана Исфана шаарлары борбор калаабыздан эң алыс жайгашкан аймактардын бири. Эң алыскы обасттун тургундары Бишкекке келүү үчүн 1000 километрден ашуун сапатсыз кыйыр жолду басып өтүүгө аргасыз.

Баткен, Исфана жана Жалал-Абад облусунун аба майдандары учуу массасы 30 тоннадан ашпаган учактарга ылайыкташтырылган. Ал эми мындай көрсөткүчкө жакынкы арада тыюу салынган АН үлгүсүндөгү учактар гана туура келчү.

Авиатрафик» компаниясы колдонуп жаткан БАе учактарынын максималдуу массасы 42 тоннага жетет. Бирок «Клооптун» кабарчылары Баткен аба майданында оңдоо иштери жасалдыбы жокпу аныктай алышкан жок.

Баткен аба майданынын директору Амирбек Имаров «бул нерсеге укугум жок»,- деп айтып, аба майданынын инфраструктурасы боюнча комментарий берүүдөн баш тарты.

Сүрөттө: Баткен облусунун борбор аянты.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы