Ишкерлер биримдиги: «Мегаком» мекемесинин жетекчиси коррупция менен күрөшүүнүн курмандыгы болбошу керек


«Коррупциондук схеманын» күч алышында айыпталып жаткан “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун (MegaCom уюлдук компаниясынын) жетекчиси Азамат Мурзалиев убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Ишкерлер биримдигинин билдирүүсүндө, «Мегаком» мекемесинин жетекчиси коррупция менен күрөшүүнүн курмандыгы болбошу керек.

Ишкерлер биримдигинин директору Чынгыз Макешов журналистер менен болгон жолугушуусунда, Азамат Мурзалиевдин «күнөөлөрү далилденген эмес»,-деп билдирип, аны эркинен ажыратуунун ордуна, мамлекеттен сыртка чыгуусуна тыюу салуучу чечим менен алмаштыруусу керектигин айтып кетти.

«Советтик учурдагы колдонуу методу азыркыга чейин бизди таң калтырып келет. Биринчи адамды камака алат, анан күнөөсүн далилдеп баштайт. Андан көрө күнөөсүн далилдесин, андан кийин гана камакка алсын»,-деди Макешов.

Анын айтуусу боюнча,эгерде жыйынтыгында өкмөт өкүлдөрүнүн ордуна, жетекчини каралоо боло турган болсо, бул- коррупцияга каршы аракеттер «болбогон нерсе».

«Биринчи антикоррупциондук кызматтын иши бизди таң калтырды. Биз бийлик структурасынын бетин ачат деген үмүттө элек »,-деп айтты Макешов.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту Мурзалиевди 2 айга УККнын тергөө изоляторуна камакка алынуусу тууралуу чечимин чыгарды. Эскерте кетсек, акча каражатын ысырап пайдаланган жана 140 млн.сомдон ашык зыян келтирилгенидиги үчүн Мурзалиев УКК тарабынан камакка алынган.

«Мегаком» уюлдук компаниясын улутташтыруу механизими бүткөн соң, 2011-жылы Мурзалиев жаңы жетекчи болуп шайланган. Аны бул кызматка Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика» партиясынын мүчөсү, мамлекеттик мүлк министри Нурдин Элебаев дайындаган.

Мурзалиевдин досу Марат Мусуралиевдин айтуусу боюнча, анын досун «Мегаком» мекемесин башка «ТелиаСонера» шведдик-финсылык телекоммуникациондук компанияга арзан сатылышына каршы болгондугу үчүн кармашкан.

«Бир эки күн мурун «ТелиаСонера» тараптын өкүлдөрү келип Өмүрбек Бабанова менен жолугушкан. Ошол күндүн эртеси Азаматты камакка алышты. Балким алардын бул нерсеге байланышы бардыр»,-деп күмөнсүрөдү Мусуралиев.

2011-жылдын ноябрь айында «Мегакомду» сатуу боюнча аукциону белгиленген. Ал аукционго «ТелиаСонера» компаниясы да катталган. Тилеке каршы болуп өтчүү аукцион башка учурга жылдырылган. Себеби скандинавтыктар жалгыз гана талапкер болуп чыга келген.

Редактор жана которгон: Айгул Гуламидин кызы