Министрликтердин сайтарын баалоо боюнча: адилет министрлиги мыкты, маданият министрлиги жаман деп табылды


Кыргызстандын мамлекеттик структраларынын веб-сайттары көз карандысыз эксперттердин текшерүүсүнөн өтүп, сайттардын колдонулушу, жаңылануу тездиги жана колдонуучулардын саны боюнча баалоо иштери жүргүзүлдү. Рейтингде адилет министрилигинин сайты бардык критерийлер боюнча максималдуу жогорку баллдарды топтоп эң мыкты веб-сайт деген наамга татыган.

Мындай изилдөө жүргүзүүнүн демилгечиси «Интернет саясат боюнча жарандык демилге» коомдук фонду болгон. Алардын буйуртмасы боюнча «Промотанк» компаниясы мамлекеттик структуралардын 80 веб-сайтын иликтеп чыгышкан.

Бир сайт максималдуу 70 упай топтоого мүмкүн эле, адилет министрлиги жыйынтыктын негизинде 68 упай топтогонго жетишкен.

Министрликтердин веб-булактары 14 критерий боюнча бааланды. Критерийлер арасында сайтты колдонуу жеңилдиги, маалыматтардын жаңыланып туруу тездиги, интернет-баракчага колдонуучулардын кирүүсү, маалымат издөө кызматы жана кайсы тилде сунушталганы да каралаган.

Адилет министрилигинин веб-сайты бардык көрсөткүчтөр боюнча жогорку «беш» деген упайга ээ болгон, бирок эки көрсөткүч боюнча — маалыматтын жаңылануу тездиги жана интернет-баракчага колдонуучулардын кирүүсү боюнча «төрт» деген баага татыган.

«Издөө кызматында мааниси боюнча маалымат издөөнү жакшыртыш керек, сайттагы маалымат бир жумада бир жолу гана жаңыланат экен. Жалпысынан алганда адилет министрлигинин сайты башкаларга салыштырмалуу мыкты», — деп айтылат отчетто.

Экинчи орунда 67 балл менен каржы министрилиги жайгашкан.

Ал эми эң начар веб-сайт деп 50 упай топтогон Маданият министрлиги табылды. Издөө кызматы жана колдонуучулардын бланк-формаларды алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү критерийлери боюнча бир да упайга татыган эмес. Мындан сырткары маалыматтын жаңылануусу жана министрликтин көрсөткөн кызматтары боюнча маалымат жетишсиз болгондуктан «үч» деген баа коюлган.

«Бул министрликтин сайтында кемчиликтер байкалган, мисалы сайттагы маалыматтар бир айда бир жолу гана жаңыланат, кирүүчүлөрдү санаган эсептөө кызматы жок, издөө кызматы иштелип чыккан эмес, кандай кызматтарды көрсөтөөрү боюнча маалымат толук берилген эмес, башка министрликтердин сайттарына шилтемелер жок, сайттын маалымат базасы боюнча да эч нерсе табууга мүмкүн эмес», — деп жазылат отчеттук комментарийде.

Министрликтин веб-сайтына жоопкер болгон басма сөз катчылыгы бул отчеттун жыйынтыгы боюнча конкретүү эч нерсе айта алышкан жок, бирок «сайттын үсүтндө иштейбиз»,- деп сөз берип кетишти.

«Министрликтин структурасынын бекитилишин күтүп жатабыз, анткени азыркы күндө туризм тармагы маданият министрлигине кошулаары боюнча буйрук жок. Буйрук чыкса, жаңы структура да бекитилет, анан биз жаңы сайттын үстүндө иштейбиз», — деди басма сөз катчы Эркин Кайымов.

Башка сайттардын баасы

Министрликтерден тышкары, президенттин, парламенттин жана өкмөттүн сайттары, мамлекеттик комитет, агенттик жана мекемелердин интернет-баракчалары да изилдөөгө алынып бааланган.

Алгачкы үч илтиктин арасынан эң жогорку 64 упайга Жогорку Кеңештин сайты ээ болгон. Алардан бир баллга төмөн турган өкмөтүн интентен сайтты 63 упайга ээ болгон. Ал эми Президенттин расмий баракчасы 58 гана упай топтогон. Бирок үчөө тең формалар жана бланктарды алуу мүмкүнчүлүк көрсөткүчү боюнча «нөл» алышкан, президенттин интернет-баракчасы издөө кызматы болбогондугу үчүн дагы бир «нөл» деген упайга татыды.

Комитеттер арасында эң жогорку упайды Улуттук статистика комитети — 65 упай топтогон. Эң аз 52 упайга Улуттук коопсуздук комитети жана 48 упайга мамлекеттик салык инспекциясы ээ болгон.

УККнын сайтынын негизги кемчиликтери катары, маалыматтын бир жумада бир гана жолу жаңылануусу, кирүүчүлөрдүн санын эсептөөчү кызматынын жоктугу жана маалыматтын бир гана тилде, орус тилинде берилиши болду.

Салык кызматынын сайтынын интерфэйси «ылайыксыз» жана «заманбап эмес» деп табылган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, министрлик жана комитеттердин арасында салык инспекциясынын интернет-баракчасынын дизайны «эң начар» деп бааланган, ошондуктан сайтты «кайра иштеп чыгыш керек». Мындан сырткары маалымат кыргыз тилинде жок, орус жана англис тилинде гана берилет.

Рейтингдеги эң төмөн 29 упайды маркаларды чыгаруучу «Кыргыз Маркасы» мамлекеттик мекемесинин сайты алган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул сайт бир дагы критерийге жооп бербейт жана интерфэйси ыңгайсыз.

Отчет боюнча Мамлекеттик архивдин веб-сайты жок.

«Клооптун» кабарчыларына мамлекеттик архивдин өкүлү , www.arhiv.kg интернет адреси бар, бирок азыркы күндө иштелип жатат, «жакынкы күндөрү ишке киргизилет»,- деп маалымдады.

Изилдөө

Изилдөө жыйынтыктарын баалоо «упай топтоо» методу менен жүргүзүлдү. Эгер сайт критерийге жооп берсе үч, төрт, беш деген упай берилет. Максималдуу упай алуу үчүн 14 критерий боюнча «5» деген упай алыш керек.

Изилдөө ишин жүрүгзгөн «Промотанк» компаниясы, отчетунда Ош жана Бишкекте жайгашкан мамлекеттик органдардын гана сайттары бар экендигин айтып өттү. Ал эми аймактардагы жарандарда интернет аркылуу маалымдоо жокко эсе, деп билдирди.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Анна Лелик