«Кумтор» компаниясы 1993-жылдан бери соцфондко төлөмдөрдү төлөбөгөндүктө айыпталууда


Тоо-кен профсоюзу, Кыргызстандагы алтын өндүрүүчү эң чоң «Кумтор» компаниясы 1993-жылдан бери социалдык фондко төлөмдөрүн төлөбөй келет деп билдирди. Компания өз кезегинде, профсоюз кызматкерлери жаңылышып жатат деп билдиришүүдө.

Азыркы күндө 1300дөн ашуун кызматкерлер жумушка чыгуудан баш тартышты. «Кумтор» компаниясынын жетекчилигинин айтымында, кен иштетүү процесии азырыча токтотулган.

Тоо-кен профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Таджибаев «Клоопко» берген интервьюсунда, тоолуу райондордо иштегендердин айлык акысына дагы кошумча 60% кошулган. Тоолуу райондордо иштегендердин айлык акысынын 60% кошумча суммасынан «Кумтор Оперейтинг Компани» соцфондко төлөмдөр жүргүзгөн эместигин билдирди.

«1993-жылдан 2010-жылга чейинки мөөнөттө кызматкерлердин эсеп-кысабына акча которулбай, соцфондко да төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес, демек пенсиондук төлөмдөрү да жыйынтыкта аз болот», — деди Таджибаев.

Митингчилердин эң негизги талабы — кызматкерлердин айлык акысын 6-7%га көбөйтүү болуп саналат. Таджибаевдин айтымында, бул соцфондко кете турган төлөмдөрдү жабуу үчүн керек.

Профсоюз тарабынан айтылып жаткан сөздөргө караганда «Кумтор» компаниясынын версиясы башкача болуп чыгууда. Алардын айтымында, кызматкерлер жөн эле айлык акысын 10%га көбөйүшүн талап кылып жатышат.

Канадалык компания, соцфондко бардык төлөмдөрдү жүргүзгөндүгүн жана профсоюз кызматкерлерди жөн эле адаштырып жаткандыгын билдирип, айлык акынын үч пайызга көтөрүүгө даяр экенин маалымдады.

Митингчилер мындай шарт менен макул эместигин билдирген, себеби компания шахтада каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берген эмес.

Каза болгондордун үй-бүлөсүнө болгон төлөмдөрдөн баш тартуу

Профсоюздун экинчи талабы — компаниянын мурунку кызматкери Асанбек Орозалиевдин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү. Таджибаевдин айтымында, ал алтын кенинде алган жаракаттарынан каза болгон.

«2009-жылы алган травмалардан каза болду. Бул маселе боюнча сот-медициналык экспертизанын жана Октябрь райондук сотунун чечимдери бар», — деди профсоюздун төрагасы.

«Кумтор» компаниясынын айтымында, Орозалиев кен казуу ишинде иштеп жүргөндө эмес, компаниядан кеткенден кийин эки жыл төрт ай өткөн соң каза болгон. Ошондой эле, эки миллион сомдон артык бардык компенсациялар төлөнүп берилген.

Кийинчерээк Орозалиевдин үй-бүлөсү компанияны сотко берген. Сот өкүмү боюнча «Кумтор» компаниясы кошумча компенсация төлөп бериши тууралуу чечим чыкан. Бирок компания мындай талапты аткаруудан баш тартып, жогорку сотко кайра арыз жазган.

«Орозалиевдердин үй-бүлөсүнө акча каражатын тез арада төлөп берүү талабын аталган компания басым катары кабыл алат. Соттун чечимин туура эмес, бул чечим мыйзамга каршы»,-деп жазат өзүнүн билдирүүсүндө «Кумтор» мекемеси.

Соцфонддун кызматкери бул жагдай боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, «Клооптун» кабарчысына «эртең байланышсаңыздар телефон аркылуу сүйлөшө турган сөз эмес» деп билдирген.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы