Кыргызстан боюнча көгүлтүр оттун баасы кымбаттап айрым жерлерде газ берилбей жатат


Кыргызстандыктар февраль айынан тартып көгүлтүр оттун 1м кубуна 14 сом 61 тыйындан төлөйт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 36 тыйынга кымбат. Муну менен катар Бишкектин тегерегиндеги айрым жерлерде газ берүү токтотулган.

Кыргызгаз басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, Казакстандан келген көгүлтүр отун көлөмү сууктан улам азайган. Ошондуктан газ аз көлөмдө берилип жатат. Мындай абал 11-12-февралга чейин уланмакчы.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында көгүлтүр от менен камсыз кылуу эки күн мурун токтотулган.

«Газдын өчкөндүгү – бул чындык. Эки күндөн бери газ жок. Азыр элдер бизге чалып газды эмне үчүн өчүргөндүгү жөнүндө сурап жатышат»,–деп айтты төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн орун басары Талант Мураталиев .

Ошондой эле Мураталиевдин айтуусунда, алар караган подстанцияда ремонт боло тургандыгына байланыштуу кечки саат 12ден таңкы 6га чейин электр жарыгы болбостугун «Клоопко» берген интервьюсунда билдирди.

Төмөнкү Ала-Арча айылынын Можайский көчөсүнүн тургуну Настянын айтуусунда, жарык көп деле өчпөйт.

"Эгер өчө турган болсо үч-төрт сааттай убакытка өчкөн кездер болот. Ал эми газ болсо кечетен бери жок",-деп айтты.

Ошол эле жердин тургуну Азиреттин айтуусу боюнча, газдын өчкөнүнө эки күн болгон.

"Свет бат бат өчөт. Ал эми газ токтоп калган",-деп айтып берди ал

Белгисиз бойдон калгысы келген Бишкек шаарынын тургуну, газ эки күндөн бери жоктугун жана азыркы кезде бат бат светтер өчүрүлүп жатканын билдирди.

Газдын кымбатташы

Айрым эл өкүлдөрү Кыргызстанда кен байлыктардын аз болгондугуна байланыштуу Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан жогору баада көгүлтүр отту сатып алууга аргасыз болуп жаткандыгын айтып келет. Эске салсак өткөн жылы газ башкармалыгы кардарларга жаратылыш газы төмөнкү баада берилишин жарыялаган болчу.

Ар бир айда доллар курсунун өзгөрүлүшүнө байланшытуу газ баасы кайра эсептелип, ага карата жаңы баа белгиленип турат.

Январь айында газдын 1м3 баасы 14 сом 51 тыйынды түзгөн болсо, февраль айына карата жаңы баа бекитилди. Февраль айында газдын 1м3 үчүн Кыргызстандын жашоочулары 14 сом 61 тыйындан төлөшмөкчү.

«Февраль айындагы газдын баасынын 11 тыйынга кымбатташы доллардын курсунун көтөрүлүшүнө байланыштуу болду»,–деди «Кыргызгаз» ААКнын директорунун орун басары Евгений Орленко.

«Мындан сырткары, тарифти белгилөөдө газды Казакстандан жана Өзбекстандан сатып алуу жагдайы да эске алынат»,–деп кошумчалады Орленко.

Айрым жашоочуларды газ баасынын өзгөргөнү тынчсыздантса, кээ бирлери үчүн эч кандай деле мааниге ээ эмес.

«Газга болгон баанын көтөрүлүшү мени көп деле ойлондурбайт. Анткени газды башка мамлекеттерден сатып алгандан кийин, алар белгилеген бааны төлөшүбүз керек»,-дейт Бишкек шаарынын тургуну Алтынбек Кудукеев .

«Мен газды колдонбойм. Бирок газ колдонуучуларга газдын баасынын кымбатташы оор болот. Азыр анын үстүнө жумуш акы аз. 11 тыйын деле аз эмес да. Элге эле кыйын болот»,-дейт Ош шаарынын тургуну Кылыч Ысманов.

Белгилей кетсек акыркы жолу газдын 1000м3 Кыргызстан -Казакстандан 195 доллардан, Өзбекстандан 305 доллардан сатып алган. Мындан аркы баалардын бекитилиши да доллардын жогорулашы же түшүшүнө байланыштуу болот.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Сүрөттүн ээси: Элмурат Аширалиев