«Кыш болбойт» - интернет тармагында белгилүү болууда


Президентке талапкерлердин бири Арстанбек Абдылдаевдин «Кыш болбойт!» деген «пайгамбарлык сөзү» орус тилдүү интернет-мемдердин «Луркмор» сайтында пайда болду. Бул энциклопедияда Кыргызстан менен түздөн-түз байланышкан алгачкы макала.

«Кыш болбойт» деген макала «Луркмор» сайтында 2-февраль күнү кечинде пайда болгон. Аны FlameFull лакап атындагы интернет колдонуучусу жүктөгөн.

«Бизге жөнөтүлгөн Кыргызстандык псевдо-ванганын кээ бир фактыларга таянган терең маанидеги гипотезасында Кыргызстан жер энергиясынын ядросу, ал эми кыргыздар адамзаттын түптөөчүсү»,-деп жазат Абдылдаев кайрылуусунда.

Бул жерде Абдылдаевдин журналисттерге, аяндары жөнүндө айтып берген эки пресс-конференциясынын видеосу жүктөлгөн.

Баракча пайда болгондон кийин макала кайра иштелип чыгуу үчүн «Ниасилили» рубрикасына жөнөтүлгөн.

Ал 2-мартка чейин кайра иштелип чыгышы керек, же болбосо сайттан толугу менен өчүрүлөт.

«Бул макала күнүмдүк реалияларга төп келбейт», - деп жазылган «Кыш болбойт» макаласынын баракчасында.

Макаланы «Луркмордо» калтыруу жөнүндөгү талкууда,жашыруун колдонуучулар өз пикирлерин жазып калтыра башташты.

Пикирлер эки жака бөлүнгөн — бир «макул», эки «каршы». Аноним колдонуучулардын бири макала «болбогон эле нерсе», сайтка жүктөлбөш керек деп билдирди.

Ал эми экинчи жашыруун колдонуучу «Кыш болбойт» бул- «нормальный тема» деп билдирген.

«Суперулуттар, бабалар жөнүндө өзүнчө дагы бир макала жазса болот. Протоукрлар же болбосо протокыргыздар жөнүндө», деп жазат белгисиз колдонуучу.

«Луркмор» «Википедия» эркин энциклопедиясынын принцибинде жасалып, программалык камсыздандрууда системасы бирдей, башкача айтканда ар бир каалочу макала кошуп, аны оңдоп түзөй алат.

Айырмасы — «Луркмор» интернет-жаргондорду колдонуу менен популярдуу интернет-окуяларды жана мемдер жөнүндө макалаларды жарыялайт.

«ЛайвИнтернеттин» статистикасы боюнча 2012-жылдын февраль айында «Луркмор» бир күндө 200 миң колдонуучу чогулкан.

2000-жылдардын ортосундагы «Превед» тамашасы жөнүндөгү макала же болбосо «Луркмордун» стилинде жазылган белгилүү адамдар боюнча макалалар мисал боло алышы мүмкүн.

Аталган энциклопедия стилистикага эч чектөө койбойт, бирок туура эмес фактыларды жазууга тыюу салат.

«Кыш болбойт»

2011-жылдын декабрь айындагы пресс-конференциядан тартылып алынган видеодон кийин президенттикке талапкерлердин бири болгон Арстанбек Абдылдаевдин орус тилдүү интернет-мейкиндигинде белгилүүлүгү арткан. Анын видеосун жарым миллиондон ашуун колдонуучу көрүүгө жетишкен.

Абдылдаев «Кыш болбойт»- «Батышты суу каптайт» деген сөздөрдү айткан.

«Серепчи» Мирлан Асакеев экөө, кыргыздар «Дүйнөдөгү байыркы эл, кыргыздардын игрек-хромосомасы, Адамдын игрек-хромосомасы менен окшош» деп маалымдашкан.

Латвиялык Стас Давыдовдун «This is хорошо» тамашалуу берүүсү да Абдылдаевдин белгилүүлүгүнүн өсүшүнө өбөлгө болгон. Анткени Стастын кайсы бир берүүсү Абдылдаевдин пресс-конференциясы жөнүндө болгон.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы