Өзгөндө кечиндеси спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салынды

Өзгөн районунун аймактык депутаттары 22:00 дөн кийин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салган токтом кабыл алды. Райондун жашоочулары бул токтомдун иштеп кетүүсү "кыйын" экендигин айтышууда.

Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаевдин айтуусунда, 17-январда болуп өткөн райондук активинде спирт ичимдиктерди сатууга кечки саат 22:00 дөн кийин тыюу салынган токтом иштелип чыкты. Анын мөөнөтүн бир саатка кеч жылдырарын планда бар экендигин белгиледи.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Раимберди Курманкуловдун "Клоопко" берген интервьюсунда, алардын айылы биринчилерден болуп токтомду кабыл алгандыгын айтты. Ал ошондой эле чыр чатактын көпчүлүгү ичимдиктин кесепетинен болуп жаткандыгын кошумчалады.

Бул маалыматты ушул эле айылдын аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Усөн Минбаев тастыктады. Анын маалыматында, Өзгөн районунун жаштары ичимдикке берилип бири бири менен мушташып жана уурулук жасагандар көбөйүүдө.

"Андыктан генофондубузду бузуп албоого азыртан аракет кылышыбыз керек[...]. Биз жапкыла десек [дүкөндөрүн сатуучуларына]биздин тиричилик ушул менен, силер айлык аласыңар деп түшүнбөй кайра эле ачып алгандар көп. Мыйзам деген мыйзамда баш ийиш керек",—деди Минбаев.

Бирок Өзгөн районунун ИИМи атайын спирт ичимдигин ичип алуу кесепетинен кылмыш иштери боюнча статитикасын бергенден баш тартты.

"Тыюу салуу кыйын"

Ал эми алкоголдук ичимдиктердин сатуучулары Кыял Кенжебаев жана Нурлан Зулпуев айыл өкмөт бул маселе боюнча маалымдабаганын билдиришти.

"Азыркы учурда спирт ичимдиктер сатылып эле жатат. Мен бул туурасында элдерден уктум",–деп нааразы болду Кенжебаев.

Кызыл–Октябрь айыл өкмөтүнүн орун басары Кубанычбек Сопуевдин айтуусунда, кээ бир жашоочулар алкоголдук ичимдиктерди үйлөргө бекитип сатышы мүмкүн.

"Аксакалдар менен биргеликте түшүндүрүп жатабыз [элге]. Мыйзамдуу иштеген дүкөндөрдө сатпоо боюнча. Бекитип үйлөрдө саткандарды айтыш кыйын",–деди Сопуев.

Өзгөн районунун айрым тургундарынын айтуусунда, 22:00 дөн кийин алкоголдук ичимдиктердин сатуусуна тыюу салынганы менен, мындай нерсе ишке ашаарынан күмөн санашат.

Юристер колдоодо

Юрист Шерадил Бактыгуловдун мындай токтомду кабыл алуу туура экендигин билдирди. Көпчүлүк мамлекеттерде 20:00дөн кийин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынгандыгын жана муну Кыргызстан боюнча жайылтуу керектигин айтты.

"Статистика боюнча кылмыштуулук көпчүлүк учурда мас абалда жасалат. Мындай абалда адам агрессивдүү боло баштайт. Бул негизги маселе, айылда милиция жок. Болсо да беш алты айылга бирөө. Айылдарда тынчылык болуш үчүн[…]",–деп түшүндүрдү юрист.

"Кылым Шамы" коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да Кыргызстан боюнча мындай токтомду кабыл алуу зарылдыгын билдирди.

"Ондон кийин кайсыл нормалдуу адам арак ичет? [Бул токтом] сатып алуучу жана сатуучунун эч кандай укугун бузпайт. Арак ичкендин арты мушташка алып барат. Ал эмне адамдын укугуна жатпайт бекен?",–деп суроо берди Абдирасулова.

Автор: Сапаркул кызы Майрамкан

Редактор: Айзат Шакиева