Мындан беш жылдай мурда www.literatura.kg расмий сайты ачылып, интернет китепканасынын үстүндө ишин баштаган. Азыркы тапта анда 1200дөн ашуун китеп жайгаштырылган болсо, анын 400дөйү кыргыз тилинде. Муну менен катар интернет чөйрөсүндө кыргыз тилдүү колдонуучуларга кыргыз тилиндеги китептерди сунунштап келген бир топ сайттар ачылган.
Кыргыз тилдүү интернет колдонуучуларга кыргыз тилиндеги маалыматтардын жеткиликтүү эместиги азыр деле маселе бойдон калууда. Айрым сайттар мына ошол маселени жоюу максатында ачылса, айрымдары жаш авторлорду колдоо ирээтинде ачылган.
«Жаш авторлорду колдоо кору тарабынан ачылган "Литература"сайты 2007-жылдын орто чендеринде өз ишин расмий түрдө баштаган. Башында эгемендүүлүк кезиндеги китептерди чыгарган болсок, кийинчерээк Кыргызстанга тиешелүү болгон бүт адабияттарды чыгара берүүнү туура көрдүк. Азыркы тапта сайттагы китептердин үчтөн бир бөлүгү кыргыз тилиндеги китептер»,–деди аталган сайттын кыргыз бөлүмүнүн редактору Турусбек Мадылбай.
Интернет китепканага кирген колдонуучулардын күнүмдүк көрсөткүчү боюнча ага 100дүн тегерегинде окурман баш багат.
Дагы бир "Биздин-кж" сайты кыргыз тилиндеги китептерди интернет колдонуучуларга сунуштап келет. Сайттын жетекчиси Чоробек Сааданбековдун «Клоопко» берген интервьюсунда, буга чейин интернетте кыргызча китептерди сунуштаган сайттар болгон эмес, -деп билдирди.
«Интернет чөйрөсүндө кыргыз эли, кыргыз тили жана кыргыз тарыхы сыяктуу темаларды орус тилдинде талкуулап келишкен. Биз өзүбүздүн көз карашыбызды аныктаган жана тастыктаган шилтемелерди бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан 2010-жылы эки-үч бала биригип бул кыргыз тилдүү китепкананы түзгөнбүз»,–деп айтып берди Сааданбеков.
Сааданбековдун айтуусунда, алар эки жылдын ичинде А4 форматындагы 40 миң бетти (болжолдуу 200 китепти) электрондоштуруп, сайтка жайгаштырышкан.
Ошондой эле жакынкы аралыкта "Биздин-кж" сайтына кыргыз-англис, кыргыз-немец, кыргыз-француз жана кыргыз-кытай онлайн сөздүгүн жайгаштыруунун үстүндө иштеп жатышкандыгын билдирди Сааданбеков.
Бул сайттын күнүмдүк колдонуучуларынын саны 200дөй.
Кыргыз тилинде 3000дей макаласы менен өз кампасын толуктап жаткан "Кыргыз маданияты" сайтынан көбүнесе кыргыз адабиятына байланыштуу маалыматтарды табууга болот.
Сайттын негиздөөчүлөрүнүн бири Марат Токоевдин айтуусу боюнча, алар адабиятка жакын адамдар болгондугу үчүн ошол багытка басым жасашат.
«Карап көрсөк эл эң көп кирген бет адабият бети экен. Күнүнө 300дөй адам кирип окуйт. Өзүбүз дагы адабиятка жакын болгондугубуз үчүн ушул багытка басым жасап жатабыз»,–деди Токоев.
Андан сырткары кыргыз тилиндеги китеп жана маалыматтар менен "Жанызак-кж"жана "Кыргыз инфо" сайттары да колдонуучуларга өз кызматтарын көрсөтүп келет.
Азыркы коомдо интернет колдонуучуларынын санынын күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы байкалат. Алар керектүү болгон китепти же маалыматы мурдагыдай болуп китепканага барып отурбай, үйдө отуруп эле интернет тармактарынан алып колдонушу мүмкүн.
Кыргыз улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн башчысы Айтбүбү Самарбекованын айтуусунда, алар заманбап талапка жараша иштегенге аракет кылып, атаандашуу жараянынан коркушпайт.
«Күнүнө китепканага 400-500дөй окурман келет. Физикалык окурмандарыбыздын саны 17.494 болсо, ал эми виртуалдык окурмандарыбыздын саны 101.849га жетти. Биздин сайтыбызга кирип, ошондон пайдаланып жаткан окурмандарыбыздын саны жылдан жылга өсүп жатат»,–деди Самарбекова.
Ошондой эле Самарбекованын айтуусунда, алар 16 миң бетти санариптик форматка өткөрүп, мындан ары да китептердин электрондук версиясын жасоонун үстүндө иштеше тургандыгын билдирди.
Мындан үч жылдай мурда интернетте кыргыз тилиндеги китептердин жок болгондугуна байланшытуу
«Дизель» форумунун колдонуучулары атайын тема ачып, аны ошол жерде талкуулашкандыгын билсек болот.
Аталган форумдунkyrgy.com аттуу колдонуучусу, көп китепти электрондогонго жетише элекпиз, 2010-жылы буюрса кичине болсо да архив толуп калаар, деген үмүтүн билдирген.
Ал эми азыркы учурда мурдагыга салыштырмалуу интернет китепканасынын кампасы көбөйгөндүгү тууралуу Tariar аттуу форумчу, мындай китепканалардын кереги бар экендигин белгилеген.
«...Кээде айласыздан интертордон китеп издөөгө туура келет. Ааламтор китепкананын, албетте кереги бар. Азыркы кезде кыргыз ааламтор китепканаларынын ичинен "биздин.кг" ресурсу сүйүндүрбөй койбойт. Ылайым көбөйүп турсун ушу ресурстун кампасы. Жана ушундай ресурстар пайда боло берсин»,–дейт Tariar интернет колдонуучусу.
Редактор: Айгул Гуламидин кызы