Ош: Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо үгүт иши "активдүү эмес"


Талапкерлердин айтуусунда, үгүт иштерин жүргүзүүгө күндүн сууктугу тоскоолдуктарды жаратып жатат. Ал эми шаар тургундары буга кошулуп, шайлоо жөнүндө маалымат аз экендигин айтышууда.

3- февралдан баштап үгүттөө иштери расмий түрдө башталган. Бирок суукка байланыштуу бардык партиялар 10-февралдан кийин шайлоочулар менен жолугуп, үгүт иштери башталаарын билдиришти.

«Биздин аба ырайга карасак 12-февралдан баштап күн кичине жылый баштайт экен. Ошондон баштап эл менен ар кичи райондордо жолугушууну баштайбыз»,—деп билдирди «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынын лидери Абдубахаб Нурбаев.

Ал эми КСДП партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Зуура Каденова алардын партиясынын үгүтчүлөрү үйлөрдү кыдырып маалымат таркатып жатканын айтты.

"Негизинен үгүт иштеринде биринчиден материалдарды илүү андан кийин биринчи сандагы маалыматтык бюллетень газетабыз чыкты. Атайын жолугушуулар эми пландаштырылган, ал 10нан кийин башталат",—деп айтты Каденова.

Азыркы учурда башка партиялар көрнөк жарнактарды илүү менен алектенүүдө.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиеванын "Клоопко" берген маегинде, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өз убагында документтерин борбордук шайлоо комиссиясынына тапшырбагандыктан аккредитациядан өтпөй калгандыгын маалымдады. Аларда эми жарнама аркылуу үгүттөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес.

«Бир гана Ош шамы гезити аккредитациядан өттү […]. Алар [ММКлар] жөн гана маалымат бериши мүмкүн, агитацияны жүргүзө алышпайт»,—деп түшүндүрдү комиссиясынын төрайымы.

"Үгүт иштери активдүү эмес"

Шаар тургундардын айтымына караганда, партиялардын үгүт иштери активдүү эмес жана шайлоо жөнүндө маалыматы аз.

Ош шаарынын жашоочусу Акила Абдибаитова жакында боло турган шайлоодон кабары жок экенин айтса, борбордук базарда соода кылган Эрназар Калыбеков, шайлоо тууралуу маалымат аз болуп жатканын кошумчалады.

«Көчөлөргө партиялардын баннерлери илинип калыптыр. Бирок эмнеге илингенин билбедим»,— деди Абдибаитова.

Токтогул Приевдин айтымында, шаардын келечегине "кайдыгер карабастан" талапкерлер жөнүндө өзү маалымат чогултуп жүрөт.

«Шаардын келечегин ушулардан үмүт кылабыз да. Ошондуктан азыр маалымат алып, досторума, тааныштарыма дагы жеткирсем дейм»,—деди Приев.

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" байкоочусу Бакыт Оморкуловдун оюнда, талапкерлер үгүт иштерин пассивдүү жүргүзгөндүктөн шайлоочулар партиялардын платформасына кызыкпай, болгону партия лидерлерине карап шайлашат.

"Азыр элдер кайсы партиянын артында кайсы инсан турат ошого жараша шайлап калышкан. Мисалга "Улуттар Биримдиги" партиясын колдоп эмес Мелисти колдоп деген түшүнүк бар да азыр. СДПК деле ошондой",—деди Оморкулов.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматында, 45 депутаттык орунга сегиз партиядан 696 талапкерлердин тизмесин каттоодон өттү.

«Ар кыл тизмелерин беришти, «Комунисттерден» 68, «Республика» 100, «Ата мекен» 90, КСДП 101, «Замандаш» 90, «Адилетүү Кырзыстан» 78, НДПК 69, «Улуттар биримдиги» 100»,—деп комиссиянын төрайымы санап берди.

Редактор: Айзат Шакиева