Сокулук районунун укук коргоочусу жаңы акимди "кызматтык ордун" сатып алгандыкта айыптоодо


Чүй облусунун Сокулук районунун укук коргоочусу Уран Рыскулов жаңы шайланган аким Мукаш Осмонкуловду 6-фералда өткөн административдик шайлоодо ордун «сатып алган» деп коррупциячылыкта күнөөлөдү. Осмонкулов мындай айыптоолорду четке кагып, эч кандай орунду сатып алганым жок деп билдирүүдө.

Уран Рыскуловдун айтымында, болуп өткөн шайлоодон кийин райондук кеңештин 7 депутаты мандаттарын өткөрүп берген, азыркы күндө дагы алтоо отставкага кетишкен.

«Отставкага кеткен 13 райондук кеңештин депутаттарынын биринин айтуусунда, ага 5 миң доллар акча сунуштаган, бирок ал баш тарткан», — деп айтат Рыскулов.

Райондук кеңештин дагы бир депутаты Ольга Иванькова укук коргоочунун пикирине кошулат. Депутаттын айтымында, райондук кеңештин мурунку төрагасы Мукаш Осмонкулов жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарын сатып алган.

«Республика» партиясынын мүчөсү болгон Осмонкулов көпчүлүк добуш менен жеңишке жетти. Райондук кеңештин 28 депутатынын 20сы ага добушун берген. «Клоопко» берген интервьюсунда коррупция боюнча айыптоолорду четке кагып, шайлоо «таза» өттү деп билдирди.

«200 адамдай келди, шайлоо процессине өздөрү күбө болушту. Шайлоо таза өттү»,— деди жаңы аким.

Администрация жетекчилигине талапкерлер «Республика» партиясын жетектеген премьер-министр Өмүрбек Бабанов тарабынан сунушталат.

Эсептик комиссянын төрагасы Орозалы Мамаевдин билдирүүсүндө, эч кандай добуштарды сатып алуу болгон эмес, тескерисинче коркутуп-үркүтүүлөр мурунку аким Эркинбек Аширбаев тарабынан болуп жатат. Ал 2010-жылы апрель окуяларынан кийин аким болгон.

«Бир дагы депутаттан арыз түшкөн жок. Бир гана депутат жаңы шайланган аким менен иштей албайм деп, мандатын өткөкрүп берди», — дейт Мамаев.

«Аширбаевдин адамдары депутаттар мандаттарын өткөрүп берүүсү үчүн күч колдонууга чейин барышууда», — деди эсептик комиссиянын төрагасы.

Чүй облусунун Сокулук районунун мурунку акими Эркинбек Аширбаев, депутаттарга эч кандай басым көрсөтүлгөн жок,- деп бардык күнөөлөрдү четке какты.

Осмонкулов добуштарды сатып алгандыгын же албагандыгы боюнча эч нерсе деген жок, бирок кйиничерээк «эл арасында ушактар жүрүп жатат»,- деп кошумчалады.

«Добуштарды сатып алды деген маалыматтар бар, бирок мен бул боюнча эч нерсе дей албайм, мындай маселени тиешелүү органдар чечиши керек», — деди Аширбаев.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Татту Укуева