Ташиевдин айткан сөзү өкмөт өкүлдөрүн жана укук коргоочулардын кыжырын кайнатты


Депутат Камчыбек Ташиев «Де-Факто» гезитине берген интервьюсунда Өкмөттү «таза кандуу кыргыз» жетектеш керек деп айткан. Өкмөт мындай сөздөрдү жоопкерчиликсиз деп билдирди, ал эми Ташиев комментарий берүүдөн баш тартты.

Камчыбек Ташиев «Де-Факто» гезитине берген интервьюсунда, Өкмөт башчылыгына «таза кандуу кыргыз» келиши керек,- деп билдирген.

«Мен ачык эле айтайын, таарынышпасын, өкмөт башчылыкка таза кандуу кыргыз улутунун өкүлү турушу керек. Кыргыз мамлекети үчүн чындап күйгөн адамды алып келиш зарыл. Биз татарларды, еврейлердин, орустардын ж.б.улуттардын артынан жүрүп келдик. Бабанов келгени эми күрддөрдүн артынан жүрө баштадык. Ошого келе атабыз. Чындап улутту ойлогон адам, таза кандуу кыргыз болууга тийиш. Минтип Россия, Казакстанда деле айтып атышат. А эмне үчүн биз аны ачык айткандан уялышыбыз керек?» — деп жазат «Де-Факто» гезити саясатчынын сөздөрүн.

Ташиев «таза кандуулук» деген түшүнүктү интервьюда түшүндүрүп берген жок.

«Ата Журт» оппозициондук фракциясынын жетекчиси, жакында болуп өткөн президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин негизги атаандаштарынын бири болгон Ташиевдин мындай сөздөрү кыргыз интернет колдонуучулары арасында дүрбөлөң жаратты.

«Эгер Ташиев Бабановдун апасы жөнүндө айтып жатса, кечирим сурашы керек»,—деди «АйкөлЭл» партиясынын лидери жана Кыргызстандагы атактуу «твиттерчилердин» бири Эдиль Байсалов, Бабновдун апасы — этникалык күрд экенин эске алып.

Jam Ka лакап атындагы блоггер «Ташиевдин улутчулдугу өсүп жатат» деген пикирде.

«Ташиев мырзадан сурагым келип жатат, кайсы укукка таянып башка улуттардын өкүлдөрүн жогорку мамлекеттик орундарга атануу укугунан четтетип жатат. Эми эмне, татар, еврей, орустар пол жуугуч жана көчө тазалагыч болуш керекпи?», — деди колдонуучу.

«Клооптун» кабарчылары Ташиевден интервью алуу аракетинде «интервьюну орус тилинде бербейм»,- деп айткан. Кийинчерээк кыргыз тилинде алуу максатында байланышканыбызда ал да жыйынтык берген жок.

Ташиевдин интервьюсун «Де-Факто» гезити 7-февралда чыгарган.

Мындан сырткары Ташиев, оппозициондук күчтөрдүн Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен биригиши жөнүндө, радиоактивдүү көмүрдүн Чүй облусуна алынып келгендиги үчүн Өкмөт жана парламентти таркатуу, президент Атамбаев жана премьер Бабановдун ортосундагы тирешүү жөнүндө журналисттер менен болгон маегинде айтып берген.

Өкмөттүн таасирлениши

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров «Клопко» берген интервьюсунда, Ташиевдин сөздөрүн «саясий жактан туура эмес» деп билдирди.

«Мени оюмча, Ташиевдин айткан сөздөрү улуттар аралык кагылышууга алып келиши мүмкүн, этникалык жактан башка улуттарды дискриминациялап жатат. Азыркы коомчулукта мындай сөздөрдү айтуу жоопкерчиликсиз жана туура эмес. Кыргызстандын бардык жарандары улуту, расасы, жынысы жана жашына карабастан бирдей укукка ээ»,—дейт Каназаров.

Каназаровдун оюнда, башкы прокуратоура мындай сөздөрдү ким айтканына карбастан бул окуяга көңүл буруш керек.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун, премьер-министрдин кесипкөйлүк сапаттынын өзгөчөлүктөрү анын улутуна көз каранды эмес деп, Ташиевдин сөздөрүн «провакациондук» сөздөр деп билдирди.

«Мындай сөздөр өлкөдөгү улуттар арасындагы карым-катнаштын күчөшүнө негиз болот. Ушундай ойлонбой айтылган сөздөр этникалык кагылшууга алып келет да, оппозициондук партиянын лидери болуп туруп антип айтышы туура эмес»,— дейт акыйкатчы «Клоопко» берген интервьюсунда.

Ташиевди жоопкерчиликке тартуу үчүн башкы прокуратурага кайрылаарын Турсунбек Акун айтып өттү.

«Генералдык прокуратура жооп катары бир нерсе кылыш керек. Ташиевдин дагы бир жаман сапаты бар, айткан сөзүн мойнуна албайт. Ошондуктан, ушундай окуялар болбош үчүн ойлонуп туруп сүйлөш керек. Ал эми Ташиев биринчи айтып анан ойлонот» — деди акыйкатчы.

Башкы прокуратурасынын басма сөз катчылыгынан комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 299-беренеси боюнча:
Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга,
улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалаганда, эгерде бул жосундар эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса, эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүүбир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бештен жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Фашистик лозунг

Укук коргоочу Гульшайыр Абдирасулова, Ташиевдин таза кандуулук жөнүндөгү сөздөрүн «фашисттик лозунг» деп эсептейт.

«Таза кандуу жана «таза кандуу эмес» деген түшүнүктөр бизде жок. Мындай сөздөр фашисттик жана болбогон нерсе. Менимче мындай айтылган сөздөр белгилүү бир улуттун өкүлүнө айтылган»,—деп укук коргоочу нааразычлыгын билдирди.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова да мындай сөздөрдү айтуу туура эмес деп билдирди.

«Июнь окуялары дале эсибизде. Бул биздин жүрөк дартыбыз, Ташиевдин деңгээлиндеги саясатчылар мындай окуяларга этиятык менен мамиле жасоосу керек болчу»,—дейт Ошурахунова.

Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрди «иштебегендиги үчүн» сындай алат, бирок эч качан дискриминациялабашы керек,-деп айтат Ошурахунова.

«Мындай деңгээлдеги саясатчы өкмөт башчынын ишмердүүлүгү жөнүндө эч нерсе айтпай эле койсо болмок, анан дагы тукумун чукуп баштадыбы?! Эмне деген жаңылык! Биз аларды башка бирөөнүн канынын канчалык деңгээдле таза экенин карашсын деп же урук-тукумун изилдегиле деп шайлаган жокпузда. Мыйзамдардын аткарылышын, башка бийлик бутактардын ишмердүүлүгүн тескесин деп шайлаганбыз», — дейт укук коргоочу.

Укук коргоочу Конституциянын 16 — беренесин эске алып, расасы, этникалык тиешелүүлүгү, тили, жынысы жана дини боюнча дискриминацияланбашы керек,- деп эскертип кетти.

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы