Ошто каттоосу жоктор шайлоого катыша албагандыгына нааразы

4-мартта боло турган шаардык кеңештин шайлоосуна каттоосу жок, бирок Ошто көп жылдан бери жашап келген тургундар, добуш бере албастыгына нааразы. Серепчилердин билдирүүсүндө, мындай мыйзам шайлоочулардын укугун чектейт.

Азанбек Райимбердиев Ошто беш жылдан бери жашап жатат. Бирок кандай шайлоолор болсо да мурнуку жашаган айылына барып шайлаганын айтты.

"Паспорту болсо жөн эле шайлоого катышыш керек. Каттоом айылда, бир да шайлоого катышпадым",—деп айтты Райимбердиев.

Ош шаарынын жашоочусу Байыш кызы Элвиранын айтуусунда, шаарда жашагандан кийин шайлоого катышыш керек.

"Туура эмес болсо керек. Шаарда жашагандан кийин ар кимдин акысы бар да шайлашка. Анан кай жакка барып шайласын? Кайдан келсе ошол жакка барып шайлап келиш керекпи? Бул жерде каттоосу жоктор калып кетишеби шайлашпай?",—деп нааразы болду Элвира.

Ал эми Алай районунан Ошко келген студент Динара Бечелованын оюу боюнча, шайлоогө катышуу үчүн паспорт гана жетиштүү.

"Ар жактан келгендер бар да. Айыл-кыштактан келгендер шайлай албай калат. Туура эмес деп ойлойм [...]",—деди Динара.

Бирок Оштун тургуну Чынтемир Каримов "Клоопко" берген интервьюсунда, Ош шаардык депутаттарды жергиликтүүлөр гана шайлаш керек дейт.

"Шаарда каттоосу барлар гана шайлаш керек башканын кереги жок. Ош шаарынын кеңешине депутаттарды оштуктар гана шайлаш керек",—деген оюн билдирди Каримов.

Саясатчы Токтогул Какчекеев бул чектөө Кыргыз Республиканын конституциясында болгону менен туура эместигин айтып АКШдагы мисалды келтирди.

"Ага эч кандай таарыныч болбош керек, анткени бул Жогорку Кеңештин шарттын карап кабыл алган мыйзамы болуп жатат[…]. Бул туура эмес чынын айтканда. Америкада мисалы бардыгынын укугу бар ошондуктан ал жерде салык төлөгөн жана өзүнүн менчиги болсо анда шайлоого катышууга уруксат",—деп түшүндүрдү саясатчы.

"Чыр-чатак чыгып кетиши мүмкүн"

"Демократия жана жарандык коом үчүн" каолициясынын байкоочусу Бакыт Оморкуловдун оюнда, жок дегенде шаарда көп жылдан бери жашагандарга шайлоо укугун бериш керек. Каттоосу жоктор катыша албагандыгынан шайлоо күнү чыр-чатак чыгышы мүмкүн.

"Көп кыргыз жарандары шайлоого кире албай калат [...]. Шаарда көп жыл жашагандарды киргизиш керек эле. Иштеп жатышат шаарга салык төгүп жатышат. Айрыкча студенттерди, аскер кызматкерлерин, аспиранттарды киргизбей койгону туура эмес болуп жатат. Бул дагы адамдын укугунун чектелиши […]. Бул жөнөкөй шайлоо эмес эл экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн",—деп айтты Оморкулов.

Бул боюнча Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Ырысбек Нурдинов, конфликт чыгарбаш үчүн аймактык комиссия тарабынан алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтты.

"Үймө-үй кыдырып,түшүндүрүп жатат каттооңор барлар анан өздүк номери барлар шайлоого катыша алат деп. Каттооңор болсо дагы паспортунар жок болсо катыша албайсынар деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат [коммисия мүчөлөрү]. Тополоң арыздар чыкпаш үчүн",—деди Нурдинов.