«Виндоус 8» программасы «Пуск» кызматынан баш тартты


«Майкрософт» компьютердик гиганттынын жаңы операциондук системасы мындан ары колдонуучулага көнүмүш болгон «Пуск» кнопкасы жок чыгат. Бишкекте иштеген кеңсе кызматкерлери «Виндоустун» мындай өзгөрүүлөрүн ар кандай пикирде кабыл алышууда.

«Супер сайт для Виндоус» блогунун автору Полл Таррот, «Майкрософт» компаниясындагы өзүнүн булагына шилтеме жасап, «Пуск» кнопкасы жок болгон бета-версиясындагы жаңы операциондук система 2012-жылдын февраль айына чыгат деп жазган.

«Пуск» кнопкасынын ордуна колдонуучу экрандын төмөнкү бурчуна курсорду алып келсе көнүмүш меню чыгат. Жаңы интерфейс атайын «Виндоус 8» үчүн иштелип чыккан.

«Виндоус 7»программасын жаратуучуларынын бири Чайтанья Сарин, «Майкрософттун» расмий блогунда «Пуск» кызматынын функционалдык көрсөткүчүн кайра карап чыгып, эми ал жөн гана менюдан өзүнчө экранга айланат деп жазып калтырган.

«Издөө кызматы жакшыртылды, башка программаларга орундар көбөйдү, динамикалык мозаикалар жана тескөө мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши бардыгы жаңы иштелип чыккан заманбап «Пуск» экранында болот»,—деди жаратуучулардын бири.

Компаниянын дагы бир программисттерини бири Элис Стейнгласс «Майкрософттун» блогунда, «Пуск» кнопкасынын алынышы жөнүндө маалыматты тастыктаган жок. Анын айтымында, кнопканын функциясы жана дизайны гана өзгөрөт.

«Жаңы дизайнда байлантмалар бат иштеп, алардан маалыматты тезтабуу жана алуу мүмкүн. Ошол эле байлантмаларды бат ачып, бир эле учурда бир нече байлантма менен иштесе болот»,—деп билдирди жаратуучулардын бири.

«Майкрософттун» жаңы операциондук системасынын тесттик версияларында «Пуск» кнопкасы бар, бирок ал меню үчүн эмес, интерфейсти алмаштыруу үчүн колдонулуп келген.

Майкрософттун «Виндоус 95» версиясынан баштап 2009-жылдын октябрында чыккан «Виндоус 7» программасына чейин «Пуск» кнопкасы дайыма колдонулуп келген.

Технологиянын эволюциясы

Программист Игорь Башинский мындай ачылышты «эволюция» деп билдирди. Анын айтымында, колдонуучулар жаңы операциондук системага жана «жаңы интеллектуалдык жабдыктар дүйнөсүнө» киргиси келсе аталган программага бат эле көнүп кетишет.

«Мурун элдин баары магнитофон колдончу, ал эми азыр ДиВиДи жана МП3 техникаларын колдонуп келишет, анткени алар менен иштөө жеңил. Жашообузду жеңилдетет. Ушундай эле «Виндоус 8» программасы да колдонуучулардын жашоосун ыңгайлуу кылып жеңилдетет», — деди программист.

Дагы бир программист Чынгыз Сулайманов, колдонуучуларга «Пуск» кнопкасы жок алгач «ыңгайсыз» болот, анткени колдонуучулардын баары мурунку версияга көнүп калышкан деп билдирди.

Жаңы операциондук система эки-ядердик «Кор Ай 3» процессери бар компьютерлерде гана иштей алаарын программист кошумчалп өттү.

«Башка компьютерлерге орнотуу мүмкүн эмес. Эгер орнотулса дагы ал программа жай иштеп калат, себеби жаңы версияда жогорку деңгээлдеги дизайн жана графика колдонулган», — дейт Чынгыз.

«Биринчи мезгилде татаал болот»

Компаниялардын кеңсе кызматкерлери жаңы Виндоуста «Пуск» кнопкасынын жок болушу жөнүндөгү жаңылыкты таң калуу менен кабыл алышты. Көпчүлүгү жаңы ачылыш үчүн көнүмүш адаттарынан баш тартууга дар экендигин билдиришти.

«Ал кнопкага баарыбыз көнүп калганбыз. Алгач ансыз ыңгайсыз болот го, бирок жаңы ачылыштар болуш керек», — деп билдирди компьютеринде «Виндоус ИксПи» программасы орнотулган кеңсе кызматкерлеринин бири Ислам Цуров.

Бирок, кээ бир кызматкерлер мындай жаңылыкты терс кабыл алышууда.

«Мен үчүн «Пуск» кнопкасынын жок болушу ыңгайсыз болот, анткени ушунча жылдан бери мурунку версияга көнүп калганмын», — деди «Виндоус 7» программасынын колдонуучусу Асель Телевалдиева.

«Интернет саясат жана жарандык демилге» (ГИИП) коомдук фондунун адиси Султан Иманходжаев, «Майкрософт» компаниясы интернеттен бекер эле көчүрүп алууга мүмкүн болгон башка операциондук системалар жана программалардан «идеяларды алуу саясатын» жүргүзүп жатат деди.

«Башкалардын жакшы идеяларын өздөрүнө алып жатышат. Мисалы, колдонуу укугун тескөө кызматы, дисктерди тескөө «Линукстан» алынып жатат», — дейт ГИИПтин кызматкери.

Анын айтымында, «Майкрософт» компаниясы көпчүлүк учурда «Линукстан» идеяларды алат. «Линукс» программасына анын негиздөөчүсү Линукс Торвальддын аты ыйгарылган.

"Мындай алып карасак «Майкрософт» мекемеси башкалар тарабынана каралган жана иштелип чыккан «Линукса» дүйнөсүнөн идеаларды алып колдонот",-деп айтты кызматкер.

Иманходжаевдин айтымында, Кыргызстандагы 80% колдонуучулар «Виндоус» операциондук системасын колдонушат, болгондо да лицензияланбаган версиясын иштештишет.

«Колдонуучулардын так санын айта албайм, бирок 99,9% лицензияланбаган программаны колдонуп келишкенин айта алам»,— деди серепчи.

Анын айтымында, жаңы операциондук система 200 доллардан 300 долларга чейин болушу мүмкүн. «Майкрософттун» мурунку системалары 200 долларга чейин болгон, ал эми «Линукс» толугу менен бекер.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Сүрөттө: «Пуск» менюсунун жаны абалы