Президенттик камердик оркестр - биринчи жолу эстрада ырчылары менен сахнада


«Менин биринчи сүйүүм» фестивалынын алкагында, биринчи жолу президенттик «Манас» камердик оркестри менен биргеликте, бишкектик «Санрайз» рок-тобу жана «Элес» тобунун мурунку солисти Адил Чекилов филармониянын чоң залына казак музыканты Коблан Мусиндин «В нашем парке зима» чыгармасын ырдап чыгышат. Коблан Мусиндин бул ырына учурунда клип тартылган.

Камердик оркестрдин жетекчиси Эрнест Асаналиевдин айтуусу боюнча, «Манас» камердик оркестринин эстрада ырчыларын менен болгон алгачкы чыгармасы болуп саналат.

Музыканттар казак композитору Коблан Мусиндин «В нашем парке зима» чыгармасын «Менин биринчи сүйүүм» фестивалында алгачкы жолу аткарышат. Бул фестиваль 10-12-февралда Улуттук филармониянын чоң залында болуп өтөт.

Асаналиевдин айтымында, эстрада ырчылары менен ырдап чыгуу идеясы мурунтан эле ойлонуштурулган, бирок президенттик оркестрдин форматынын өзгөчөлүгүнөн улам бул идея ишке ашпай жаткан.

«Оркестрдид негизги багыты — классикалык музыка, академиялык деңгээлде ойноо. Мусиндин ыры алгачкы кадамдардын бири болот, абдан назик, таза, жаркын ыр Адил тарабынан мыкты деңгээлде аткарылды»,— деп оркестрдин жетекчиси түшүндүрүп өттү.

30 жыл мурун жазылган казак композиторунун ырына клип тартылганын Асаналиев кошумчалап кетти. Тартылган клип жакынкы арада көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

«Академизимден бир аз алыстап, эстрада менен толук кандуу концерт болушун каалайт элем. Бир жолу башка багытка өтсө болот, анан кайра негизги багытка (классикага) кайрылабыз»,—деди дирижер.

Адил Чекилов «Клоопко» берген интервьюсунда, «В нашем парке зима» ырынын автору Казакстанда «өтө белгилүү» экенин айтып өттү, ошондой эле ырчы жигит үч жл мурун Мусин менен Алматадан жолугуп, авторго өзүнүн версиясын ырдап бергендигин жашырган жок.

«Ага менин ырдаганым жактты. Мен андан ырдоого уруксат сурадым»,—деди Чекилов.

«Элес» тобунун мурунку солистинин айтымында, ырды аражировкалоодо «Санрайз» тобунун мүчөлөрү Эркин Мирканов, Абай Агайдаров, Марат Атиевдер жана өзү катышкан. Алардын баары биргеликте филармониянын сахнасында «Зимний парафраз» чыгармасын аткарышат.

«Кайсы бир ырды биргеликте аткарууну каалап жүрдүм эле. Эрнис менен бир жыл мурун кайсы бир кечеде бул жөнүндө сөз кылгынбыз. Музыканттар айткандай — тентектик кылалы дегенбиз. Бирок албетте өз ишибизге олуттуу мамиле кылабыз»,—деди Чекилов.

Музыкант, оркестр менен кийинчерээк «джаз же рок стилиндеги» музыканы аткарууну пландаштырып жаткандыгын кошумчалады.

Биринчи сүйүү жөнүндө фестиваль

«Менин биринчи сүйүүм» фестивалында махабат жөнүндөгү ырларды белгилүү ырчылар жандуу үн менен аткарышат. Жалпысынан алганда 20га жакын катышуучу ырдашат. Алар «Элес», «Достор», «Инсан» топтору, Арсен жана Айбек дуэти, Эркин Мукашев, Омар, Мирбек Атабеков, Адил Чекилов, Каныкей жана Гульнур Сатылганова жана башкалар катышат.

Мындай фестивалды уюштуруу идеясы бир жыл мурун пайда болгон. Уюштуруучу Галым Есназаров кыргыз эстрадасынын «мыкты үндөрүн» бириктиргиси келген.

«Бул фестивалга өтө көп убакыт даярдандык. Бул жылды жаңы жана позитивдүү нерседен баштайлы деп чечкебиз. Кыргызстандын эстрадасынын мыкты үндүү ырчыларын чакырып, бириктирүүнү каалаганбыз. Келечекте уландысы болот»,—деди Ерназаров журналисттер менен болгон жолугушууда.

Эгер фестиваль ийгиликтүү өтсө, анда аталган фестиваль ал ар жыл сайын өткөрүлөт.

Гитарачы Денис Колючий, биринчи сүйүү жөнүндө ыры бар бардык ырчыларга фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгү берилген,- деп айтты.

«Негизги критерий — жандуу ырдоо. Жандуу концерт- жандуу ырдоо, жаңы деңгээлге чыгып жатабыз. Атайын бир тандоо болгон жок»,—дейт Денис Колючий.

Үч күндүк концерттин сценарий өзгөрбөйт. Билеттерди филармониянын кассасынан ала аласыздар, баасы 500-700 сомго чейин.

Сүрөттүн ээси: Илья Каримджанов
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Бермет Абдыкадырова

Автор: Оксана Капишникова