«Клооптун» автоунаалар боюнча сүрөт изилдөөсүнө депутаттардын ой пикирлери


Парламент өкүлдөрү, мурун сайтта жайгашкан, өздөрүнүн автоунаалары тууралуу «Клооп» маалымат порталына айтып беришти.

КСДП жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынан интервью алуу мүмкүн болбоду. Калган депутаттардан жаңы комментарийлер алынган сайын макала жаңыланып турат.

«Ар-Намыс» партиясынан- Игорь Гусаров
«Рэйндж Ровер» авто унаасын айдаган «Ар Намыс» фракциясынын депутаты Игорь Гусаров, «Клоопко» берген интервьюсунда 0065KG номери анын атына жазылганын жана авто унаа жеке машинасы экенин тастыктады. Парламент өкүлү мамлекеттик авто унаадан баш тарткандыгын, жеке тулпары бар экендиги менен түшүндүрдү.

««Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары тарабынан кайсы бир талкуулоосундагы сунуштарына, депутат, велосипедде жүрүү мүмкүн эмес, анткени иштөө графигибиз өтө жыш»,- деп айтып өткөн.

«Ойлоп көрсөңүз, кышында кантип велосипедде жумушка барасыз? Мен бир топ комиссиялардын мүчөсүмүн, мисалы, каржы министрлигине барышым керек, бир сааттан кийин энергетика министрлигинде болушум зарыл, анан мамлекеттик мүлк фондуна жөнөшүм шарт», — деди депутат.

Кымбат эмес, бирок жаңы авто унаалар менен баардык депутаттар камсыз болушу шарт,- деп ойлойт депутат.

Депутат интернет-колдонуучуларынын, авто унаа «байлык, көргөзмө каражатты» деген пикирине кошулбаарын айтып өттү.
«Бүгүнкү күндө авто унаа байлык эмес, бул — керектүү каражат куралы болуп калган. Эгер мурун бизнес менен алек болгон депутат 20 жылдык ишмердүүлүгүндө 50 миң доллар жыйнаган болсо, каалаган авто унаасын сатып алсын, мунун эч кандай терс жагы жок», — деди депутат.

Гусаровдун айтымында, өмүр бою прокуратурада иштеп жүрүп «Лексус LX570» авто унаасын айдаган кызматкерге элдин суроосу пайда болушу мүмкүн.

«Бул менин жеке авто унаам. Мен айдаган авто унаа күйүүчү майды көп талап кылат. Бирок жеткиликтүү деңгээлде бензин менен камсыз болбойм, мага «Тойотанын» нормасында бензин беришет (мамлекет тарабынан депутаттарга «Тойота Камри» авто унаасы берилет). Мен эч кимге онтойсуздук жаратпайм»,-деди депутат.

«Мен — чиновник эмесмин. Макалаңызда жарыяланган адамдардын баары депутаттыка келээрден мурда көп жыл бизнес менен алек болгон жеке ишкерлер. Алардын арасынан бир дагы чиновникти көргөн жокмун, ошондуктан аларды мыйзамсыз акча тапты деп күнөөлөгөн болбойт. Алар 20 жыл аралыгында, көп жылдык бизнес менен иштеп чогулткан каражаттарынын негизинде өз авто унаалары бар. Ошондуктан өз машинелеринде жүрүшөт. Мен принциптериме жараша Жогорку Кеңештен авто унаа алган эмесмин», — дейт депутат Гусаров.

«Ата-Журт» партиясынан депутат- Нарынбек Молдобаев
«Ата Журт» фракциясынын депутаты Нарынбек Молдалиев «Клоопок» берген интервьюсунда, 0021KG номери анын атына жазылгандыгын жана «Лексус LX570» жеке авто унаасын болгондугун тастыктады.

 

 

Молдобаев, авто унаа райондорго барып шайлоочулар менен жолугууга керек,- деген Игорь Гусаровдун пикирин колдоп, ар бир депутаттын жеке авто унаага ээ болуу укугу бар,-деп билдирди.

«Мен өзүмдүн жеке авто унаамды айдайм, мен жеке авто унаамда жүрө алам— бул менин укугум», — деп айтат депутат.

Лондондун мэрин мисал катары көрсөтүшкөн «Дизель» форумунун колдонуучулары, депутаттарга европалык саясатчылардай коомдук транспортто же велосипед менен жүрүү сунуштарын билдиришкен. Бул тууралуу депутат өз пикирин айты кетти:

«Лондон деген бул- дүйнөнүн эң сонун жери. Байлардын баары Лондондо жашаганга аракет кылышат. Ал деген — оазис. Эгер ал жерде жашасам, жумушка жөө эле бармакмын. Велосипед да сатып алмак эмесмин», — деп депутат мырза тамашалады.

«Ата-Журт» партиясынан - Роман Шин
«Ата Журт» фракциясынын депутаты Роман Шин «Клоопко» берген интервьюсунда, 0027KG анын атына жазылгандыгын жана «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү авто унаа айдарын тастыктады. Темир тулпары 2000-жылы чыгарылгандыгын айтып, Гусаровдой мамлекеттик авто унаадан баш таркандыгын билдирди.

 

«Клоопко» берген интервьюсунда, башка депутаттардай эле айдоочусу болгондугун жана белгилүү нормада бензин алаарын айткан, ал эми авто унаасынын ремонтоо иштерине өз чөнтөгүнөн коротоорун кошумчалап кетти.

Шин ошондой эле, «Ата Мекен» фракциясынын атайын автобуста жүрүү демилгеси боюнча өз пикирлерин айтып өттү:
«Ата мекенчилердин мамлекеттик авто унаадан баш таруу керек деген оюн колдойм, бирок Орусиянын өкмөт үйүндөгүдөй бир нече кызматтык машина болушу керек. Алар машинаны чакыртышып, керектүү жерине барышат: үйдөн — жумушка, жумуштан — үйгө. Мен да бул сыяктуу сунушка макул болмокмун», — деди Роман Шин.

«Республика» фракциясынан - Назарали Арипов
«Республика» фракциясынын депутаты Назарали Арипов «Клоопок» берген интервьюснда, 0088KG номери анын атына жазылып, «Лексус LX470» үлгүсүндөгү темир тулпардын ээси экендигин айтып өттү.

 

 

«Жогорку Кеңешке келгенден бери, жеке авто унаам менен жүрөм. 0088 KG номери менин атыма жазылган. Башка жеңилдиктерим жок»,—дейт депутат.

Ариповдун айтуусу боюнча, «мамлекеттик авто унаалардан баш тартуу керек» деген кесиптештеринин сунуштарын түшүнбөөрүн билдирди.

«Биздин милдет — Жогорку Кеңештин бюджетин кыскартуу болуп саналат. Ошондой экен 120 депутаттарга тең бирдей жеңилдиктер берилиши керек —же авто унаа баарында бар болушу керек, же эч кимде жок болушу шарт. Бирок кандай авто унаада, кайсы номерде жүрүү мен үчүн баары бир, негизгиси эл үчүн кызмат кылышым зарыл», — деди Арипов.

Кожобек Рыспаев, «Ар-Намыс»
«Ар Намысчы» Кожобек Рыспаев «Клоопко» берген интервьюсунда, 0074KG анын атында экенин билдирип, «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү темир тулпардын ээси экендигин билдирди.

 

 

«Жеке авто унаамды айдайм, KG номер менен жүрөм. Каалагандар ушундай көк музда велосипед менен жүрүшсүн . Эгер депутат өзүнүн авто унаасын менен жүрсө, KG номер эмне тамак сурап жатыптыр бы? Депутаттар элдердин тандап алган адамы», — дейт Рыспаев.

«Ата -Мекенчилердин» атайын номерлүү авто унаалардан баш тартуу демилгесин «эч түшүнбөйм» -дейт депутат.
«Билбейм эми, ким баш тартып жатса, тарта берсин. KG номер эмне бюджеттен акча жеп атыптырбы, такыр түшүнбөйм: Коррупция күчөп жаткан жерден башташпайбы. Мен депутаттык милдетиме олутуу караган адамын, KG номердин үстүндө тополоң чыгарбай, эл үчүн кызмат кылыш керек, », — деди Рыспаев.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы