Кыргызстандын мыкты футбол клубу таркалып кетиши мүмкүн


Кочкор-Аталык «Нефтичи» клубунун менеджери Медер Сыдыков, «Кыргызнефтегаз» тарабынан каржылоо токтотулгандыгын кабарлады. Нефтегаз компаниясынын башкы акционери мамлекеттик мүлктү тескөө фонду Сыдыковдун сөздөрүн четке какты.

2010-жылдын чемпиону «Нефтичи» клубунун менеджеринин айтымында, футбол клубу таркатылуу алдында турат. Себеби, мамлекеттке тиешелүү болгон «Кыргызнефтегаз» мекемеси футболчуларды каржылоодон баш тарткан.

«Клубду таркатуу үчүн кагаз түрүндө уруксат берүүчү документ жазып бергиле деп жатам. Себеби мен оюнчуларды бошотуум керек. Оозеки түрүндө айтышкан, бирок жазуу түрүндө эч кагаз келе элек», — деди клубдун менеджери.

Сыдыковдун айтуусу боюнча, ал мамлекеттик мүлктү сактоо фондунан футбол клубун каржылоосун жалдырап жалбарбасын билдирген жана анын оюнчулары башка клубка өтүүгө даяр.

«Азыр биздин эч нерсеге каалообуз жок, элдердин айтымында, жалынып-жалбарбасаң, өкмөт сани байкабайт экен. Эгер мамлекет бизди колдоп каржылагылары келбесе, артынан чуркап, жалынуунун эмне кереги бар?», — дейт Сыдыков.

Мамлекеттик мүлктү тескөө фондунун «Кыргызнефтегаз» компаниясы боюнча куратору Махабат Ибраимованын айтымында, нефтигаз мекемеси футбол клубун каржылоого тыюу салган эмес.

«Андай болгон эмес, биз тыюу салган жокпуз. «Кыргызнефтегазга» «Нефтичи» клубуна болгон демөөрчүлүк ишин токтоткула деп да айткан эмеспиз», — деди Ибраимова.

Мамлекеттик мүлктү тескөө фонду «Кыргызнефтегаз» компаниясынын акцияларынын 85 пайызына ээ, бул деген- аталган мекемени мамлекеттик компаниянын негизги акционери катары көрсөтөт.

Бул маселе боюнча жооптуу адам бош эмес,- деп билдирген, «Кыргызнефтегаздан» комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов, клубдун таркалып кетүүсү жөнүндөгү жаңылыкты таң калуу менен кабыл алды, бирок футбол клубунун «оор финансылык абалы» жөнүндө мурунтан эле кабардар экендигин кошумчалап өттү.

«Албетте мындай командасыз, оюнчуларсыз жана машыктыруучуларсыз калуу өкүндүрбөй койбойт. Бирок, каржы маселесин чечип, Кыргызстандын 2012-жылдагы Жогорку лига оюндарына катыша алат деген үмүтөмүн»,—деди футбол федерациясынын өкүлү.

Кочкор-Аталык «Нефтичи» клубу Кыргызстанда 60 жылдан бери ойноп келе жаткан эң чоң клубдардын бири, 2010-жылы «нефтичилер» биринчи жолу өлкө чемпиондугун утуп алышкан.

2011-жылы «Нефтичи» командасы АФК президентинин Кубогунда болуп өткөн беттешүүдө биринчи тандоо этабында үч жеңишке жетип, биринчи орунду ээлеген.

Бирок, Камбоджиялык «Пномпень Краунга» жеңилип турнирдин финалына өтө алган эмес.

2011-жылкы кыргызстандын чемпионатында «Нефтичи» командасы бир топ каржы маселелерине туш келген. Ошого карабастан вице-чемпион болууга жетишкен.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Анатолий Шаршеев