Уитни Хьюстондун өлүмү кыргызстандыктар арасында таасирленүүнү жаратты


Алты жолку «Грэмми» сыйлыгыны ээси, америкалык поп-ырчы Уитни Хьюстондун жасатын Лос-Анджелес шаарында жайгашкан «Беверли Хилтон» мейманкансынан табышкан. Анын өлүмү жөнүндөгү жаңылык күйөрмандарынын арасында ар түрдүү пикирлерди жаратты.

«Элес» тобунун мурунку солисткасы Салтанат Аширова, Хьюстондун өлүмү жөнүндөгү жаңылыкты таң калуу менен кабыл алгандыгын жашырган жок.

«Хьюстон ар дайым таза ырдоочу. Мага ар дайым жакчуу. Анын ырлар жыйнагын үч жолу катары менен угуу мүмкүн эле. Анын ырларын угуудан тажабайсын, кайра кайра укуң келет. Бул деген анын деңгээлинин көрсөткүчү», — деди Салтанат.

Салтанат Аширова «Малышка Би» ырынын аткаруучусу музыкант Нурбек Савитахунов менен биргеликте 14-февраль күнү «Гудзон» жана «Фаб» клубдарында Хьюстондун ырларын аткарышат.

Джаз-бэнддин жетекчиси Викрам Рузахунов, поп-ырчыны туу туткандыгын жана Хьюстондун ырлары анын чыгармачылыгына таасир тийгизгенин айтып өттү.

«Өзүнүн аракетчилдиги менен талантты кантип чыңдоо керектигин көрсөттү. Талыкпас эмгегинин негизинде тунук үнү ага атактуулукка жетишүүгө жардам берди"— деп билдирет Рузахунов.

«Классик» джаз тобунун ырчысы жана актриса Галина Кетова да ырчынын өлүмү жөнүндө кабарды угуп капалангандыгын айтты. Жашоосундагы айрым «жагымдуу жана жылуу» көз ирмемдер Хьюстондун ырлары менен байланыштуу экенин айтып өттү.

«Махабат жөнүндөгү, жашоомдогу эң кооз көз ирмемдердин бири. Алгач өспүрүм кезимде уканмын, дароо жүрөгүмдө оорун алды. Хьюстонду уккандана кийин биринчи жолу ырдап көрүүгө аракеттенгенмин», — дейт Кетова.

Бишкектик «Эхоламия» рок-н-ролл тобунун солисткасы Дина Джуманкулова, ырчынын өлүмунө көңүл айтып, капа болгондугун билдирди, бирок алардын тобу ойногон музыкаларга Хьюстон эч кандай таасир тийгизген эместигин кошумчалады.

«Мага Уитни Хьюстон катуу таасир этти дегенден алысмын, бирок дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы болгондугун билем. Музыкасын кызыгуу менен угуп, алектенчүүбүз деп айта албайм», — дейт Джуманкулова.

Интернет-колдонуучулардын реакциясы

Ырчы каза болгон күнү «Фэйсбук» коомдук тармагында Хьюстондун каза болгондугу тууралуу жаңылыктар толуп кетти.

Колдонуучулардын көпчүлүгү «I will always love you» ырынын саптарын жазуу менен бирге ырчынын сүрөттөрүн, ырларын, сахнага чыккан учурларынан үзүндүлөрдү жүктөшүп жатышты.

«Бүгүн легендарлуу Уитни Хьюстон дүйнөдөн кайтты. Көп жылдар аралыгында менин эң сүйүктүү ырчыларымдын бири болуп келген. Бир нече муун анын ырларын ырдап өстү. Ушундай талантуу адамдар жаш кеткени өкүндүрөт», — деп жазат депутат Улан Чолпонбаев.

«Көптөн бери ырларын уга элек болчумун, кечээ «Телохранитель» кинотасмасынын акыркы кадрларындагы Хьюстондун ырын уккан элем, муну карасаң эртең менен жаңылыктарды койсом... R.I.P», — деп жазат Aysel Sultan колдонуучусу.

«Дизель» интернет-форумунда бул тема төрт баракка чейин жетип, колдонуучулардын көпчүлүгү Хьюстондун ырларынын саптарын колдонуу менен көңүл айтышып жатышты.

«Уф-ф(( абдан капамын((( Анын ырларын угуп чоңойгон элем (( Машинамда бара жатып ырларын уктум, кадимкидей ыйлагым келди. Мындай нерсе менде биринчи жолу болуп жатат, карып баратам го?», — деп жазат Athenian колдонуучусу.

Ырчынын өлүмү

Би-би-синин маалыматы боюнча, Уитни Хьюстондун жасаты Лос-Анджелес шаарындагы «Беверли Хилтон» мейманканасында табылган. Ырчы 48 жашында дүйнө салды.

«Хьюстондун өлүмүнүн себеби азырынчы белгисиз, полиция иликтөө жүргүзүп жатат, анын жыйынтыктары бир жарым-эки айдан кийин белгилүү болот», — деп билдирет Би-би-си кызматты.

Акыркы жылдары ырчы алкоголдук жана баңги заттарын көп колдонгондугуна байланыштуу реабилитациялык борборлордо даарыланып келген. Кабар агенттиктеринин маалыматы боюнча баңги заты Хьюстондун өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Бирок бул маалымат расмий түрдө далилдене элек.

Белгилүү ырчы алты жолку "Грэмми" сыйлыгыны ээси. 12-февралда болуп өткөн «Грэмми» сыйлыгынын 54-аземи Уитни Хьюстондун жаркын элесине арналды.

Ал дүйнөдө эң көп музыкалык сыйлыктарды алган артист катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. 6 “Грэмми” жана 21 жолу АКШнын музыкалык сыйлыгы алган.

Ырчы блюз жана джаз стилин айкалыштырган ритм-энд-блюз жанрында ырдап жургөн. Америкалы үн жаздыруучу компаниялардын ассоциациясынын маалыматы боюнча, Хьюстон АКШда коммерциялык жактан эң ийгиликтүү ырчылардын бири болуп, төртүнчү орунда болуп келген. Өлкө боюнча анын ырлар жыйнагы 55 млн нускада чыгарылган.

«Роллинг Стоунс» журналы белгилүү ырчыны 100 мыкты аткаруучунун катарына кошкон.

Уитни Хьюстон 1992-жылы Мик Джексондун «Телохранитель» тасмасына тартылган. Хьюстондун аткаруусундагы « I will always love you» ыры тасманын негизги саундтректеринин бири болгон.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Оксана Капишникова

Урматтуу колдонуучулар, Уитни Хьюстондун ырлары сиз үчүн кандай мааниге ээ. Төмөндөгү форманы колдонуп өз комментарийлеринизди калтырууңуз мүмкүн.