УКК: Ташиевдин айткандары боюнча экспертиза он күндөн кийин даяр болот


Камчыбек Ташиевдин Өмүрбек Бабанов жөнүндөгү «күрддөр артынан жүрө баштадык» деп айткан сөздөрү боюнча УКК иликтөө ишин жүргүзүп жаткандыгын тастыктады. Депутат комментарий берүүдө баш тартууну улантууда.

Экспертиза жүргүзүү боюнча тапшырманы УККга башкы прокуратура тапшырган.

Ташиевдин «Де-Факто» гезитине берген интервьюсунан эки күн өткөндөн кийин 9-февралда башкы прокуратура тарабынан «филологиялык жана саясий экспертиза» жүргүзүү иши каралган.

Президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин негизги атаандашы болгон, оппозициянын депутаты, Кыргызстанды «таза кандуу кыргыз» башкарышы керек деп айткан.

Азыркы Өмүрбек Бабановдун айынан «биз күрдөрдүн артынан жүрөбүз»,- деп айткан Ташиев, «биз» - этникалык кыргыздар, ал эми «күрддөр» деп премьердин тегерегиндеги адамдарды эске алуу менен билдирген.

Экспертиза кандай өтүп жаткандыгы жөнүндө УКК так комментарий берүүдөн баш тартты .

«Клооптун» кабарчыларына берген маалыматында УККнын басма сөз кызматы, экспертиза жакынкы он күндүн ичинде бүтөөрүн кабарлады.

Башкы прокуратура расмий сайтында жүктөлгөн прес-релиз менен гана чектелип, комментарий берүүдөн баш тарты.

Саясатчынын сөздөрү улуттук, диний, расалык жана аймактык кагылышууга алып келүү мүмкүнчүлүгүн жараткандыкта каралып, экспертиза жүргүзүлөт,- деп билдирет прокуратура веб-сайтында.

Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинде 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылуу жазасы каралган. Бирок Ташиевдин депутаттык кол тийбестиги бар экендиги белгилүү.

«Депутаттын статусу жөнүндөгү» мыйзамы боюнча, башка парламентарийлердин макулдугу менен гана депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн.

Ташиев «Клооптун» кабарчыларына комментарий берүүдөн баш тартты.

«Кечиресиз, бирок Kloop.kgнин кабарчылары менен сүйлөшпөйм», — деди депутат .

Саясатчылардын жана коомдун реакциясы 

Ташиевдин «Де-Факто» гезитине берген интервьюсу интернет колдонуучулары арасында күмөн саноолорду жаратты.
Кээ бирөөлөрү басылма, депутаттын сөзүн бурмалап салган деген пикирлерин айтышууда.

«Клооптун» Ташиев жөнүндөгү макаласына өз комментарийн калтырган NAMAZBAI аттуу колдонуучу «Сөздөрдү бурмалаган, ушундай гезиттерге ишенбегиле деп айтаар элем», — деп жазып калтырган.

«Де-Факто» гезитинин журналисттери «Клоопко» берген интервьюсунда, депутаттын интервьюсунун аудиолору бар экендигин билдиришкен, бирок автор Мирлан Дүйшенбаев аудиосун угузуудан баш тартты.

Интервью чыккандан эки күн өтпөй Ташиев бийликте «таза кандуу кыргызды» көргүсү келгендигин тастыктады. Ал бул жөнүндө «Азаттык» радиосуна берген интервьюсуда билдирип, башка журналисттерди сөздөрдү бурмалагандыкта күнөөлөдү.

Эдил Байсалов баш болгон «Твиттердин» популярдуу бир нече колдонуучулары, Ташиев Бабановдун тегерегиндеги күрддөр деп, анын апасы тууралу айткан деген чечимге келишкен. Ташиев бул пикирди четке какты.

«Республика» партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев, 9-февралдагы парламенттин отурумунда Бабановдун апасы «күрд эмес, этникалык түрк» жана премьер муну эч качан жашырган эмес,- деди.

Оппозициялык «Ата Журт» партиясын жетектеген Ташиевдин сөзү, бийлик структуралары арасында негитивдүү реакция жаратты.

Өкмөт аппартынын маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров «Клопко» берген интервьюсунда, Ташиевдин сөздөрүн «саясий жактан туура эмес» деп билдирди.

«Азыркы коомчулукта мындай сөздөрдү айтуу жоопкерчиликсиз жана туура эмес. Кыргызстандын бардык жарандары улуту, расасы, жынысы жана жашына карабастан бирдей укукка ээ»,—деди Каназаров.

Акыйкатчы Турсунбек Акун мындай сөздөр улуттар аралык мамиленин күч алышына алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Интернет колдонуучулардын пикирлери эки жаат болуп жаткан кез — «Клоопто» калтырган комментарийлер арасында депутатты колдогондор да колдобогондор да бар.

«Башка улуттар жогорку мамлекетик постту ээлөгө укугу жок!» — деп жазат AIDARBEK колдонуучусу. «Башка улуттар» деп кыргызстандагы аз сандагы улуттарды эске алган.

Кээ бирөөлөр Ташиевдин айткан сөздөрүнөн коркуп кетишкен:

«Гитлер да убагында таза кандуулук деген сөздөрдөн баштаган», — деп жазат Candy Cola. колдонуучусу.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бектур Искендер