«Украина таланттары» конкурсунда кыргызстандык жигит Майкл Джексондун стилинде бийледи


Зухраб Бейшекеев «Украина таланттары» конкурсунун биринчи туруна катышты. Майкл Джексондун стилиндеги бийлөө номери менен тандоо турунан өткөн жигит, көрүүчүлөрдүн баасын күтүп жаткан учуру. Мурдагы жылы ушул эле конкурста Кыргызстандын атынан Атай Өмүрзаков катышып, финалга чейин жеткен.

Жети жаштагы Зухраб Бейшекеев «Украина таланттары» («Україна має талант») аттуу конкурсунун төртүнчү сезонунда поп-музыкант Майкл Джексондун стилиндеги бийин бийледи. «Кыргызстандын таланттары» долбоорунун директору Вячеслав Кудиновдун айтымында, Зухрабдын бийи украиналык калыстар тобун таң калтырбай койгон жок.

«Баарына жакты, адамдардын баары таң калышты», - деди Кудинов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Майкл Джексондун стилинде бийлеген Бейшекеевдин бийи смс аркылуу добуш берүү туруна өттү, анын жыйынтыктары марттын алгачкы күндөрүндө белгилүү болот. Кудинов, эгер кыргызстандык бийчи жигит кийинки турлага өтсө демөөрчүлүк көрсөтүүнү улантаарын билдирди.

Зухраб Бейшекеевдин атасы Руслан «Клоопко» берген интервьюсунда, уулу бий менен бир жылдан бери машыгып, Украиналык конкурска өзү даярданганын айтып берди. Анын айтымында, сахнага чыгуунун алдында Зухраб «эч толкунданган жок».

«Жакшы бийледи. Сахнага чыгып, эч толкунданбай, эмоцияга алдырбай жакшы бийлеп берди. Кубанып жатты десем да болот», — деди Бейшекеевдин атасы.

Эгер элдердин смс-добушунан өтсө, анда уулум экинчи турга даярдана баштааарын атасы кошумчалап кетти.

Видеодо Зухрат Бейшекеевдин «Кыргызстанддын таланттары» конкурсунун тандоо турундагы бийи:
http://obs.kg/view/5iB/Talents_show_in_Kyrgyzstan

Чет өлкөгө чыгуу максатты - тажрыйба алмашуу

Украинага болгон сапардын негизги максаты -«Украина таланттары» конкурсунун кандай өтөөрүнө күбө болуп, тажыйырба алмашуу болду,- деди Кудинов.

«Калыстар тобуна биздин кыргызстандык таланттардын бийлерин көрсөттүк, аларга аябай жакты, Украинада биздин катышуучуларды көрүүдө кубанычта экенин жашырышкан жок»,— дейт Кудинов.

Январь айынана тартып элдик долбоорду иш жүзүнө ашырып жаткан Кудинов, Зухраб Бейшекеевден тышкары дагы көптөгөн катышуучулар башка өлкөлөрдө болуп өтчү конкурсатрга барып катышарын билдирди.

«Украина таланттары» конкурсунун төртүнчү сезонуна катышуу үчүн арыз былтыркы жылдын жай мезгилинде жиберилген. Кудиновдун айтымында, 1 миллион гривенге ээ болуу максатында, конкурстун биринчи туруна 35 миң катышуучудан 600 адам гана өткөн.

Украина таланттары конкурсуна Бейшекеев кыргызстандык катышуучулардан экинчи болуп барган. Биринчи жолу бул конкурска Атай Өмүрзаков катышып, финалга чейин жеткен.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы