Кара-Кулжа районундагы айылда бир жумадан бери суу жок

Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылындагы суу сордургучу 8-февралда бузулуп калган. Аны оңдоо үчүн 300 миң сом акча каражаты керектелет. Мындай акча айыл жашоочуларда, айыл өкмөттө да жок.

Ынтымак айылынын башчысы Салибай Тойтуков жер алдындагы суунун көлөмү төмөндөп кеткендиктен, суу сордургуч бузулуп жана сордургуч жайгашкан кудук да ишке жарабай калгандыгын айтты.

«[...] Оңдотконго каражат жок. Эгерде жалпы оңдото турган болсо 300 миңдин тегерегинде кетет. Эми ал сумманы өкмөт тарабынан бере албайт»,—деди айыл башчы.

Ушул айылдын мугалими Аскербек Төрөкулов, малдарды сегиз чакырым алыстыктан сугарып, таза сууну ар жактан ташып келээрин билдирди.

«Иче турган сууну [коңушу айылдардан] Адырдан, Кара-Арыктан эки жактан ташып ичип жатабыз»,—деп кейиди Аскербек.
Ал эми айдоочу Ороз да Төрөкуловко кошулуп, «мал ичкидей же адам ичкидей суу жок»,—деп кыйналып жатканын айтты.

Суу сордургучтун оңдолооруна ишенбестигин кошумчалады.

Ушул эле айылдын тургуну Жылдыз Дүйшөнбиева «Клоопко» берген интервьсунда, бул суу сордургуч бир жума мурун жаңы оңдотулгандыгын, жылда бузулганда эл акча топтоп өздөрү оңдоп жүрүшкөндүгүн айтты.

«[...]Малдарды деле жыгылып-тыгылып Кара-Арыкка айдап барып, ар ким ар жакка сугарып жатышат. Базар-Арыкта да суу жок [...]. Элдердин мына шарты келишпейт. Жылда [эл] жанынан акча топтоп оңдоп жатышкан»,—деген маалыматын берди Дүйшөбаева.

Ош облустук айылдардын ичүүчү суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Хамид Бакировдун айтуусунда, азыркы учурда кайсыл министрликтин астында түзүлүү жөнүндө токтом жок болгондугуна байланыштуу бул суроого жооп бере албайт. Бирок бул маселени Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) аркылуу чечсе болот.

«Биз кайсы министрликке карайбыз маалымат жок. Бирок АРИС аркылуу акча бөлүнөт. Кимге карашыбызды билбей калдык. Токтом чыгыш керек анан бул суроого конкреттүү жооп беребиз»,—деп айтты Бакиров.


Башка айылдарда да суу жок

Камчыбет Таиров Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ынтымак айылы жөнүндө маалыматы жок экендигин, бирок Тоготой айылында да таза суу жоктугун маалымдады.

«Ынтымак айылында суу бар эле болучу кандай чыкпай калды билбейм. Тоготой айылындагы сууну божомол менен эмдиги жумага оңдойбуз. Суу жок болгонуна 15 күн болуп калды[...]. Мисалы мен машинам менен барып туруп, бир жумага ылайык ташып алам»,—деп айтты жооптуу катчы.

Ал эми Чалма айылынын тургуну да Абдыкадыр Абдираев, жылда тоңбогон суу түтүктөрү быйыл күндүн сууктугуна байланыштуу тоңуп калгандыгын билдирди.

Сүрөттө: Ак-Буура дарыясы