Кыргызстандык КВН командалары байгесиз калышы мүмкүн


КВН улуттук лигасынын финалисттери 120 миң сом байге фондусуз калышы мүмкүн. КВНчилер акча үчүн ойнобойбуз,- деп билдиришүүдө, бирок лиганын жетекчилиги байге фонду болшу мүмкүн экенин билдирди.

«Кыргызстан КВН» оюндарынын бул жылкы сезонунун башталышында клубдун президенти Евгений Акопян, акыркы 17 жылдын ичинде квнчилерди биринчи жолу 120 миң сомдук байге күтүп тураарын айтты.

КВНдин финалистери 50 миң сом, экинчи орунду алгандар 30 миң сом, үчүнчү орунга ээ болгондор 20 миң сом, ал эми төртүнчү орунга жетишкендер «Ысык-Көл-2012» жайкы кубогуна алты жолдомо менен сыйланаарын КВНдин президентти билдирди.

Жарым финал оюндарынан кийин Акопян «Клоопко» берген интервьюсунда, КВНди «акча үчүн ойношпойт»,- деди.

« КВНди чемпиондук наам үчүн ойношот. Наамды сатып да албайсың жана сата да албайсың, аны утуп алуу гана мүмкүн», — дейт Акопян.

Анын айтымында, финалдык оюнда командалар кубок, медаль жана дипломдордун ээси болот.

«Байгелерге келсек, өнөктөштөрүбүз жардам берет. КВН командаларынын жеңүүчүлөрүнө жайында Ысык-Көлдө болуп өтчүү кубок оюндарына жолдомо берилет. Менимче жакшы эле байге», — деди алып баруучу.

«Кыргызстан КВН» оюндарынын администратору Айдана Нышанова, байге фонду болушу мүмкүн, бирок бул так маалымат эмес деди. Анын айтуусу боюнча, КВН акча үчүн ойнолбойт.

«Алар акча жок ойноп үйрөнүп калышкан»,-деди Нышанова.

«Биз акча үчүн ойнобойбуз»

17-сезондук КВН оюнунун финалчылары «Клоопко» бергени интервьюларында, Акопян байге фонду болушу мүмкүн деген сөздөрүнөн кабар экендигин айтышып, бул ишке ашпай калса түшүнүү менен кабыл алаарын кошумчалашты.

«Другая логика» КВН командасынын оюнчусу Елена Редько, байгелүү фонддун болгону кубандырат, бирок «анчалык маанилүү эмес»,- деп айтты.

«Демөөрчүлөр менен бир аз келишпестикетр болгонуна байланыштуу жагдай өзгөрдү. Байге фонду боюнча маселеси өз күчүндө экенин билебиз. Бирок болобу, болбойбу — азырынча белгисиз. Мунун баары администрация жана уюштуруучуларга көз каранды. Жалпысынан алганда биз үчүн ал маанилүү деле эмес. Эгер жеңишке жетсек жайкы кубокко жолдомо алаарыбызды билебиз», — деди Редько.

«Марго Дэвич» командасынын мүчөсү Евгения Морозова, алардын командасы үчүн акчалай байге «андай деле маанилүү эмес» экенин билдирди.

«Бизге эң негизгиси чемпион болуу. Калганы маанилүү эмес», — деди Морозова.

Анын командасы оюнга эки ай мурун даярдана баштайт, ошондуктан жеңишке жетүү үчүн кылдаттык менен даярданышыбыз керек,- дейт КВНчи кыз.

Финалга чыккан «Симпотичные с ИИМОП» командасынын мүчөсү Муста Жаныбеков «Клоопко» берген интервьюсунда, «Кыргызстан КВН» лигасынын жетекчилиги байге фондунун болушу үчүн билеттерди сатууну сунуштаганын айтып берди.

«Биз оюнчулар билеттин сатуунун кажетти деле жок, байге фонддун кереги деле жок деп сүйлөшкөнбүз», — дейт Жаныбеков.

Эки команда финалда биринчи жолу ойношот

Оюндун 17-сезонунуда «Другая логика», «Симпотичные с ИИМОП», «Марго Дэвич» жана жарым финалдын лидери «ДНК» командалары финалга өттү. Финал 13-майда Спорт Ордосунда болот.

12-февралда болуп өткөн жарым финалда биринчи орунду ээлеген ДНК (КММА) командасы калыстар тобунун айтуусу боюнча азыркы күндө фавориттердин бири болууда. 2009-жылы ушул эле команда улуттук КВН лигасында коло медалдын ээси болгон.

Экинчи орунга Бишкек гуманитардык университетинин «Марго Дэвич» командасы ээ болду. Бул команда мурдагы жылкы сезондун финалында катышып, үчүнчү орунга жетишкен.

«Симпотичные с ИИМОП» жана «Другая логика» (КМТУ) командалары биринчи жолу финалга чыгышты.

«Симпотичные с ИИМОП» командасы «Клоопко» берген интервьюсунда, жеңишке жетүү «бардык максаттардын» орундалышы болот,-деди.

«Другая логика» командасынын оюнчусу Алиса, финалга өтүү алардын командасы үчүн «өтө маанилүү» экенин билдирди.

«Финалга өтүү биздин команда үчүн өтө маанилүү, анткени факультеттер аралык лигада биринчи орун ээлеп, жарым финалда төртүнчү орунга жеткенбиз. Бирок финалга чыкканыбызга кубанычтабыз. Чын эле аракеттенгенбиз, финалда мыкты командалар менен бирге ат салыштык», — деди Алиса.

17-сезондун финалы 13-майда Спорт Ордосунда болуп өтөт.

«Веселый строитель» (КММА), «Не дай Бох!» (Раззаков атындагы КМТУ), «Марго Дэвич» (БГУ), «Пиноколада»(БААУ, КУУ жана №70 гимназия мектеби), «Очная ставка» (ИИМ Академиясы) жана «Есть контакт» (КТУ) командалары мурдагы жылдын жеңүүчүлөрү болуп саналат.

Жарым финалдын жыйынтыгы

Жарым финалдын жыйынтыгы боюнча сегиз команда - «Дисерт» (КРАО), мектеп лигасынын курама командасы, «Москва», «Очная ставка» (ИИМ Академисы), «Есть контакт!» (КЭУ), «Спрингфилд», МУК курама командасы жана «Волшебник Гудвин» оюндан четтетилди.

«Кыргызстан КВН» лигасынын президенти Евгений Акопян «Клоопко» берген интервьюсунда, мыкты тамашаны айта албады, бирок «ачуу чындыкты» тамашага салып, тартуулаган командалар жагат,- деди.

«Көп эле тамашалар болду. Кайсы бирөөнү бөлүп көрсөтүү татаал. Орчундуу темаларды тамашалаган командалар жагат. Кандайдыр бир олуттуу саясий темага карата тамашалар болсо купулума толот», — деди Акопян.

Жеңишке жеткен командалар дайыма мага жагат,-деп лиганын президенти кошумчалап өттү.

«Жеңүүчү деп аталгандан кийин демек, команда ошол нерсеге татыктуу. Финалга өткөн төрт команда тең үч конкурстан өтүштү, чын эле күчтүү командалар. Калыстар тобуна эч кандай нааразчылыгым жок», — деди Акопян.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Илья Каримджанов