Саламаттык сактоо министринин орун басары пара алган эмес, карызга сурап турган


Саламаттык сактоо министринин орун басары Оморбай Нарынбековдун адвокаты Марат Токтоматов, башкы врачтык орун үчүн пара талап кылбагандыгын билдирди. Башкы прокуратура иликтөө иши жүрүп жаткандыгын жана далилдөөлөр тергөөчүлөр тарабынан аныкталаарын айтты.

Козголгон иште кылмыш иши боюнча керектүү маалыматтар жана далилдөөлөр жок деп билдирет Токтоматов. Укук коргоочунун айтымында,Нарынбеков пара алган эмес, Урманбетовадан жөн гана карызга төрт миң АКШ долларын сурап турган.

«Кылмыш ишинин козголушуна Урманбетованын арызы себеп болгон. Ал айымдын сөздөрү боюнча Нарбеков аны кайсы бир орунга дайындоо үчүн акча талап кылган», — дейт юрист.

Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер бөлүмүнү жетекчиси Жаныбек Салиев, иш боюнча далилдерди иликтөө бөлүмү аныктайт,
ошондуктан азырынча так маалымат бере албастыгын билдирди.

«Азыркы күндө баланча деген киши баланча деген жерде кармалды деген гана фактылар бар», — деди башкы прокуратуранын кызматкери.

Токтоматовдун айтымында, кармалган чиновнике дароо адвокат кызматы көрсөтүлгөн эмес, бул менен кылмыш-процессуалдык кодекстин «одоно-орой» бузушкан.

Бардык процессуалдык кадамдар Нарбековдун адвокаты келгенде гана башталгандыгын башкы прокуратура тастыктады, ал эми адвокаттын нааразчылыктары — анын жек иши деп билдирди.

Мындан сырткары, адвокат башкы прокуратураны, чиновниктин кармалгандыгы жөнүндөгү маалыматты интернет булактарына таркатып жибергендикте күнөөлөдү.

Адвокат, маалыматтарды таркатуу бул- «маалыматтык басым жасоо» деп билдирип, азыркы күндө Нарбеков «өтө оор абалда» экенин айтып өттү.

«Башкы прокуратуранын таркаткан маалыматына байланыштуу, менин жабырлануучум Нарбеков жүрөгү ооруп, ооруканада жатат», — дейт Токтоматов.

Министрдин орун басары Оморбай Нарбеков укук корго органдарынын кызматкерлери тарабынан чоң көлөмдөгү пара алгандыкта шектелип кармалган. Кээ бир маалыматтар боюнча, Нарбеков бирөөнүн жоопкерчилиги алдында кое берилген.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы