Акун жана Айтматова балдар акыйкатчысынын керектиги жөнүндө тартышып жатышат

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун «балдар акыйкатчысы» милдетин киргизүү сунуштары анын аппаратын бөлүү аракеттери деген пикирде. Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан Ширин Айтматова, Акун балдар укуктары маселесине келгенде милдетин канаатарлык аткарбай жатат дейт.

Парламенттин 10-февралдагы угууларында каралган бул мыйзам долбоорду Турсунбек Акун сынга алды. Кыргызстанда балдар укуктары боюнча жоопкер адамдын пайда болушу акыйкатчынын институтунун бөлүнүшүнө алып келет дейт Акун.

Укук коргоочу мамлекетте бир гана акыйкатчы болуп, анын балдар укуктары сыяктуу ар түрдүү тармактарда жоопкер адамдары болуш керек деген көз карашта. Акундун айтымында, анын орун басары балдар укуктары боюнча жоопкер адам, ал эми акыйкатчынын институтунда «балдар департаменти» да бар.

«Ширин Айтматова азырынча эч нерсени түшүнбөй жатат, балдар укугу маселесинде да анча кабардар эмес, анткени бул маселе үстүндө бир жыл гана иштеп жатат. Балдар маселеси боюнча мен 20 жылдан бери алектенип келем. Бекешев [Дастан Бекешев — парламенттин депутаты, адам укуктары боюнча комитеттин мүчөсү] экөө дайыма акыйкатчынын институтун жаман тараптан көрсөткүсү келет. Бизге жардам бергенден көрө, тескерисинче жамандашат», — деп акыйкатчы мырза нааразы.

«Ийгиликсиз» деп Орусиялык балдар укугу боюнча жоопкер Павел Астаховду Акун мисал келтирди.

«Анын кадамдары жана коомчулук ортосунда келишпестиктер бар, анткени Орусия анын аракеттерин колдобойт, популисттик нерселер менен гана алек. Бизде да ошондой Астаховдун пайда болгону эле жетишпей жатты эле. Баары аны кыйратып иштеп жатат деп ойлошот. Мен Лукин мырза [Владимир Лукин — Орусиянын акыйкатчысы, адам укуктары боюнча жоопкер адам] менен жолуккам, анын аппараты Астаховду эч колдобойт», — дейт Турсунбек Акун.

«Акыйкатчы милдетин толук кандуу аткарбай жатат»

Кыргызстандын акыйкатчысы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр, анын ичинде балдар акыйкатчысы милдетинин киргизилиши, парламент тарабынан 10-февралда каралып макул табылды.

«Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Ширин Айтматованын оюнда, бийлик балдар маселелерине маани беришпей, каржы маселелерине көбүрөөк көңүл бурушат.

«Сабалган эки бала жаткан ооруканага барып келдим, бирөөнү жакырчылыктан апасы, экинчисин кошунасы сабап салыптыр. Социалдык коргоо кызматкерлерин, балдарды коргоо уюмунан, мактанып жаткан акыйкатчынын институтунан да эч кимди көргөн жокмун», — дейт депутат айым «Клоопко» берген интервьюсунда.

«Балдар укугун коргоо лигасынын» өкүлү Айзат Кокулова балдар акыйкатчысы милдетинин киргизилишин колдойт. Анткени, Турсунбек Акун жана анын институту азырынча бардык маселелер үстүндө иштөөгө жетишпей жатат.

«Ата-энелердин көпчүлүгү акыйкатчынын аппаратын жана башка инстанциялардан өтүп бүткөндөн кийин бизге келишет», — дейт Кокулова.

«Мыкты талапкер»

Айтматованын айтымында, акыйкатчынын институтуна мамлекеттик кызматта мурунтан иштебеген адамдарды алуу керек. Ошондо балдар акыйкатчысынын маянасы төмөн болуп, адамдар «айлык акы үчүн эмес, түшүнүк үчүн» иштегилери келет.

«Мыкты талапкер деп — жаш жигит, бул иш менен алектенүүнү чын жүрөктөн каалаган, эрктүү, өкмөттү, парламентти жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн бардык жагдайларда кабарлап турган, эл аралык уюмдар менен кызматташып, дайыма байланышта болгон, жалпысынан — Кыргызстанда балалык деген эмне экени түшүнгөн, юридикалык жактан сабаттуу адис керек», — деп Айтматова балдар акыйкатчысын сүрөттөп берди.

Депутат айымдын оюнда, балдар акыйкатчысы Орусиялык Павел Астахов жана башка чет мамлекеттердеги адистерден тажыйырба өтүп келиши керек,

Павел Астахов — адвокат, Нобель сыйлыгынын лауреаты Лев Ландау, дизайнер Артемий Лебедев, орусиялык саясатчы жана эстрада жылдыздарынын кызыкчылыктарын сот иштеринде коргоп келген; тыңчы деп күнөөлөнгөн АКШ жаранын жактаган. 2007-2008-жылдары «Путин үчүн» кыймылынын координациондук кеңешинин төрагаларынын бири.

Балдар укуктары боюнча жоопкер өкүл катары педофилия үчүн жазаны катуулаштырууну, Орусиядан балдарды багып ала турган чет мамлекеттик жарандардын өлкөлөрү менен эки тараптуу макулдашуу түзүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Автор: Анна Лелик жана Любовь Шевченко

Которгон: Бермет Абдыкадырова

Сүрөттүн автору: Тимур Райымкулов