Футбол: жаштар арасы Азия чемпионатынын тандоо турунда Кыргызстан Сауд Аравия менен бир топто ойнойт

2013-жылдын жаштар арасы Азия чемпионатынын тандоо турунда Кыргызстан курама командасы Сауд Аравия, Сирия, Пакистан, Палестина жана Шри-Ланка менен  беттешет. Башкы машыктыруучу жана федерациянын жетекчилиги кыргызстандык футболчуларынын финалга өтүү шансы жогору дейт.

22 жашка чейинки футболчулар үчүн бул биринчи Азия чемпионаты болот, анткени мурун 19 жана 16 жашка чейинки жаштар турнирлери гана өтчү.

Тандоо турунда 41 курама команда катышып, алардын 15и финалга өтөт. Турнирди кабыл ала турган мамлекет азырынча белгисиз.

Кыргызстан «В» тобунда ойнойт. Бул топто Сауд Аравиянын курама командасы фаворит катары саналып келет, анткени алардын «чоңдор» командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын бир нече жолу катышуучусу болгон.

Финалга бир группадан эки же үч команда чыгышы мүмкүн.

Курама команданын башкы машыктыруучусу Мурат Жумакеев финалга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү группадагы бардык командаларда бар дейт.

«Ар бир команданын шансы бар. Биринчи орунда — Сауд Аравиясы болоору шексиз, ал эми экинчи орун үчүн беш команда беттешет», — дейт Санкт-Петербургда өткөн Шериктештик Кубогунунда 9-орунду ээлеген команданын машыктыруучусу.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов «В» тобунун оюндары Сауд Аравияда өтөт болуш керек, ошондуктан финалга өтүүдө акклиматизация дагы таасирин тийгизиши мүмкүн дейт.

«Эгер тандоо оюндары Сауд Аравияда өтсө, климаттын өзгөчөлүктөрүнөн ойноо бир аз татаал болот. Ким акклиматизациядан тезирээк өтүп, ким мыкты даярданса — ошолор группадан чыгат», — дейт Асенов.

Асенов да Джумакеевдин пикирине кошулуп, «В» группасыда Сауд Аравиядан башка командалар  бирдей деңгээлде дейт.

«Тажиктерге салыштырмалуу, биз жакшы группага туш болдук. Финалга өтүшүбүз керек», — дейт футбол федерациясынын басма сөз катчысы.

Тажикстан курама командасы эң күчтүү топко туш болду, алар Азия футболунун дөөлөрү Бахрейн, Иран жана Катар менен беттешет.

Тандоо оюндары 23-июндан 3-июлга чейин өтүп, ар бир группа бир шаарда бири-бири менен ойноп чыгат.

Жаштар арасы Азия чемпионатынын финалында футболчулар үчүн 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат.

Футболчулардын беттешүү тарыхы

22 жашка чейинки футболчулардын турнири Азияда биринчи жолу өтөт, ошондуктан командалар ортосундагы беттешүүлөрдүн статистикасын берүү азырынча мүмкүн эмес.

Кыргызстандын курама командасы 2006-жылы 19 жашка чейинки футболчулар арасында Азия чемпионатына өткөн. Ал оюнда Кыргызстандын Индия жана Иордания менен оюндарында бир дагы тарап жеңишке жеткен эмес, ал эми Түштүк Кореяга 0:7 упай менен жеңишти алдырып жиберишип группадан чыкпай калган.

Жаштар курама командасы Азия чемпионаты-2013тө ойной турган бардык командалар менен чоңдор курама командасынын беттешүү тажыйырбасы бар.

Кыргызстандын жана Сириянын чоңдор курама командасы беш жолу футбол талаасында жолугушкан, ар биринин экиден жеңиши бар. Ал эми бир матчтта эки команда тең бирдей упайга жетишкен.

Палестина менен Кыргызстан эки жолу жолуккан, бир жолу жеңишке жетип, экинчи оюнда эки команда тең бирдей упай топтошкон.

2006-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунда кыргызстандыктар Пакистанды 4:0 упайы менен утуп, ошол эле турнирдин экинчи оюнунда 2:0 упайы менен дагы бир жолу жеңишти илип кетишкен. Бирок кийинчерээк 2006-жылы 0:1 упайы менен жеңилип калган.

Шри-Ланканын футболчулары менен Кыргызстандын курама командасы Неру Кубогу-2009 оюндарынын достук матчында жолугуп, 4:1 упайы менен утушкан.

Сауд Аравиясы менен беттешүүлөрүбүз ийгиликсиз болуп келген, эки матчта тең кыргызстандыктар жеңишти алдырып жиберген.

22 жашка чейинки жаштар арасы Азия чемпионатындагы командалардын топторго бөлүштүрүлүшү:

«A» тобу: Бириккен Араб Эмираттары, Ирак, Оман, Индия, Түркменистан, Ливан

«B» тобу: Сауд Аравия, Сирия, Палестина, Пакистан, Кыргызстан, Шри-Ланка

«C» тобу: Бахрейн, Иран, Таджикстан, Катар, Кувейт, Мальдивы

«D» тобу: Өзбекстан, Иордания, Йемен, Бангладеш, Непал

«E» тобу: Австралия, Япония, Индонезия, Сингапур, Макао, Чыгыш Тимор

«F» тобу: Түндүк Корея, Кытай, Таиланд, Гонконг, Лаос, Камбоджа

«G» тобу: Түштүк Корея, Вьетнам, Малайзия, Тайвань, Филиппины

Сүрөттө: Жаштар курама командасы Шериктештик Кубогу-2012 оюндарында

Авторлор: Бектур Искендер жана Анатолий Шаршеев