Таластык журналист айым «Республика» тарабынан коркутуулар болгонун четке какты

«Республика» партиясынын мүчөлөрү таластык журналист Мира Сейдикеримованын Өмүрбек Бабановго каршы митингдер жөнүндөгү макаласы жарыялангандан кийин жолуккандыгын тастыкташты. Бирок Сейдикеримова да, партиянын мүчөлөрү да коркутуу болгонун четке кагышты.

Таластык «Дабан» гезитинин башкы редактору Мира Сейдикеримова «Клооптун» кабарчыларына берген интервьюсунда, «Де-Факто» гезитинде Өмүрбек Бабановго каршы митингдер жөнүндө макаласын жарыялагандан кийин «Республика» партиясынын үч мүчөсү менен жолуккандыгын тастыктады.

«Саясат» кабар агенттиги маалымдагандай «коркутуп-үркүтүү» болгон эмес дейт Сейдикеримова.

Журналист айым «АКБ-Кыргызстан» банкынын жетекчиси Батыр Качкынбаев, экс-милиция кызматкери Алтынбек Шербакунов жана «Республика» партиясынын активисти Гульбарчын Чыныбаева келип жарыяланган макаланын тактыгын сурагандыгын айтты.

«Эмнеге мени ишиме, менин макалама кийлигишип жатасыздар? Мени коркутканы келдинерби? деп сурасам — жок, жок, жөн эле сиз менен сүйлөшкөнү келдик дешти», — дейт.

Суроомдон кийин эле «башкача сүйлөп», «сиз менен акылдашалы» дегенбиз деп калышты, дейт Сейдикеримова

«Республиканын» мүчөсү Батыр Качкынбаев эки партиялашы болуп журналист айым менен жолугушууга баргандыгын «Клооптун» кабарчыларына тастыктады.

Банкир мырзанын айтымында Сейдикеримова жазган макаладагы митингчилердин саны 200 деп айтылган, ал эми чындыкта бул сан беш эсе аз. Ушул маалыматты четке кагышын суранганбыз дейт Качкынбаев.

«Биз деле Таласта жүрүп андайды көргөн жокпуз», — деп Качкынбаев журналист менен болгон жолугуусун түшүндүрдү.

Качкынбаевдин айтымында, Сейдикеримованын жообунан кийин маекке чекит коюлган.

Макаладагы мааламаттарды четке кагуу суранычына макул болбогондугун журналист айым да айтып өттү.

«Биз Өзбекстанда же Казактсанда эмеспиз, бизде сөз эркиндиги деген бар, макаламды фактыларга таянып жаздым», — дейт Сейдикеримова.

«Саясаттын» катачылыгы

«Саясат» кабар агентигинин 9-февралдагы макаласында Сейдикеримованы «республикачылар» коркутуп, журналист айым «көчөгө чыккандан коркуп жаткандыгын» жазышкан.

Таластык журналист айым бул маалымат чындыкка жатпайт деп, «Саясат» кабар агенттиги маалымдаган Сейдикеримова прокуратурага арыз жазды деген кабарды да четке какты.

«Саясат» агентигинин кызматкери Нургазы Анаркулов «Клооптун» кабарчыларына «Дабан» гезитинин Улук аттуу кызматкеринен келген электрондук каттын негизинде бул макала жазылгандыгын айтты. Сейдикеримова «Дабан» гезитини башкы редактору.

Улукбек Рысалиев «Дабан» гезитинин редакторунун орун басары болуп иштейт. «Клооптун» кабарчыларына «Саясатка» эч кандай электрондук кат жибербегенин айтты

Ушундай эле макаланы «24.кг» кабар агенттиги укук коргоочу Шамиль Муратка шилтеме жасап жарыялаган.

Мурат «Клооптун» кабарчыларына журналист менен болгон окуя жөнүндө «Саясат» веб-сайтынан окугандыгын айтты, бирок кийинчерээк Сейдикеримова менен сүйлөшүп коркутуу болбогондугун түшүнгөн.

Талас облусунун төрт районунун тургундары 4-февралда болуп өткөн шайлоолордо тандалган акимдерге наарзычылыгын билдирип 6-февралда митингге чыгышкан. Ошол эле митингде Бабановго каршы кыйкырыктар угулган.

Мыйзамга ылайык акимге талапкерлер премьер-министр тарабынан көрсөтүлөт. Митингчилердин айтымында, шайланган акимдердин баары Бабановдун партиясынын мүчөлөрү.

Автор: Элмурат Аширалиев

Редактор: Бектур Искендер

Которгон: Бермет Абдыкадырова