Өзбекстанга болгон карыздан Ош шаарынын тургундары газдын өчүрүлүшүнөн жабыр тартып жатышат

Ош шаарынын тургундары мурдагы жылдын декабрь айынан бери газдын өчүрүлүшүнөн жабыр тартып жатышат. Түштүк аймакты көгүлтүр от менен камсыз кылган Өзбекстан алдындагы 60 миллион сомдук карыз газ өчүрүүлөрүнүн негизги себеби дейт жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

Газ иштери башкармалыгынын жетекчиси Керимбек Сарбашев тургундар газ үчүн убагында төлөбөй, өздөрү күнөөлүү дейт. 2011-жылы карыз 59 миллион сомго жеткен.

«Эмнеге Баткен жана Жалал-Абад шаарларында газ берилип жатат, анткени алар убагында төлөшөт. Оштуктар эле кыйкырганды, арызданганды жакшы көрүшөт, газга карыздары төлөөгө убакыт келгенде эле эч нерсе жок», — деп Сарбашев нааразы.

Карыздын үчтөн бир бөлүгү — 15 миллион сом ТЭЦке, 3 миллион сом — муниципалдык «Теплоснабжение» мекемесине тиешелүү болгонун Сарбашев белгилеп кетти.

«Теплоснабжение» мекемесинин кызматкери мамлекет тарабынан каржылоо болбогондуктан газ үчүн карыз төлөнбөй калгандыгын тастыктады. Ош ТЭЦинин кызматкерлери комментарий берүүдөн баш тартышып, карыз жөнүндөгү маалыматты четке кагышууда.

«Өзбекстан декабрь айында газды толугу менен өчүрүп салган, басым өтө төмөн болчу. Өзбекстан карыз үчүн газ бербей жатат, тургундар өздөрү күнөөлү, 59 миллион сом карыз», — дейт Сарбашев.

Азыркы күндө Өзбекстан Ош шаарына 4 миллион 600миң метр куб газ берип жатат, бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда бир миллионго көп болгондугун кошумчалады. Бирок, Сарбашевдин айтымында бул көлөм жетиштүү эмес дейт, анткени шаар тургундары газды тамак жасоо үчүн эле эмес, үй жылытууда да колдонот.

Оштуктардын арыздары

Ош шаарынын Ош районунда жашаган пенсионер «Клооптун» кабарчыларына кыштын башынан бери газ жоктугун айтып арызданды. Анын айтымында, басым өтө төмөн болгондуктан төртүнчү этажга газ жетпей жатат.

«Газ такыр жетпей жатат, баллондогу газ сатып алып колдонууга аргасызбыз. Баллондордун баасы кымбат. Кайрылалы дейбиз, каякка кайрылууну билбейбиз», — деп пенсионер арызданды.

Ош районунуда жашаган ОшМУнун мугалими Манзура Пайзулдаева да газдын декабрь айынан бери жок экенини тастыктады.

«Электроплитада тамак даярдаган оор, кубаттуулугу да төмөн, бирок газ берет деген үмүттөбүз», — дейт Пайзулдаева.

«Түштүк-Чыгыш» районунун тургуну Актилек Карыбеков он балага тамакты плиткада даярдоо оор экендигин айтып, нааразычылыгын билдирди.

Ош шаарынын түштүк бөлүгүндө жашаган Камила Сарыкова да газ кээде гана пайда болот, «кечинде тамак жасап жатканда» эле дейт. Сарыкованын айтымында «Горгаз» мекемесине кайрылуулардын баары жоопсуз калган.

Автор: Асель Талантбекова

Редакторлор: Айзат Шакеева жана Анна Лелик

Которгон: Бермет Абдыкадырова