Бишкек шаарында беш сааттык «Металл фест» концерти өтөт

Металл стилиндеги музыка фестивалында он музыкалык топ катышат. Болжолдуу түрдө концерт беш саатка созулат. «Дизель» форумунун кээ бир колдонуучулары концертте үндүн сапаты начар болот жана катышуучулардын саны ашыкча деген пикирде.

Бул металл музыкасынын экинчи фестивалы, алгачкы концерт 2011-жылы өткөн.

Бишкек, Кант жана Кара-Балта шаарларынан келген он топ беш сааттын ичинде «металл» стилиндеги музыкалык чыгармаларын ойнойт. Ар бир топ өзүнүн музыкалык аспаптарын колдонуп, 30 мүнөттүк концерт берет.

Уюштуруучулар биринчи концерттеги аншлагдын кайталанышын күтүп жатышат. Уюштуруучу Руслан Искаковдун айтымында, алгачкы концертке 700дөй адам келген.

Концерт 18-февралда бишкектик «Метро паб» кафесинде саат 20:00дө башталат.

Бишкектеги биринчи «Текила-блюз» рок-клубунун негиздөөчүсү, 25 жылдык тажыйырбасы бар рок-музыкант Сергей Новосёлов «Клоопко» берген интервьюсунда, биринчи «Металл-фестте» техниканын «начардыгынан» беш мүнөттөкө жетпеген убакыттан кийин кетип калганын айтып берди. Бирок быйыл концертте үндүн сапаты мыкты болот деп ойлойм, дейт Новоселов.

Кыргызстанда «оор» металл стилиндеги музыканы өнүктүрүү керек, «Металл фест» концертинин уюштуруучуларын «эрктүү жана прогрессивдүү» адамдар, дейт музыкант.

«Биздин түшүнүктөрүбүздү кеңейтип, жаштардын акыл-эсине таасир этет. […] попса стилиндеги музыканын көп болушу жакшы эмес, тең салмактуулук үчүн башка нерсе керек [...]», — дейт Новосёлов.

«Нью вэйв» тобунун музыканты Глеб Курнёв «Клоопко» берген интервьюсунда «Метро паб» кафесинин залы музыкалык концерттерге ылайык, ал эми үндүн сапаты музыканттардын техникасына жараша болоорун айтты.

«Кээ бир музыканттар атайын профессионалдуу техника менен иштесе, экинчилери кытайдан чыгарылган гитаралар менен сахнага чыгып жатышпайбы, ошон үчүн үндүн сапаты да начар», — дейт Курнёв.

"Дизель» форумунуну B9KA лакап атындагы колдонуучусу залдын акустикасынан музыканттардын үнү жана музыкасы угулбайт дейт.

«Сахнадан музыка эмес, түшүнүксүз бир нерсе угулат =( », — дейт B9KA.

Фестивалдын уюштуруучусу Искаков сахнадагы үндүн сапаты жөнүндөгү маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

«Катышуучулардын саны ашыкча»

«Дизель» форумунун колдонуучулары экинчи «Металл фест» концертинин өтүшү боюнча күмөн саноолорун билдиришти, алардын айтымында катышуучу музыкалык топтордун саны ашыкча.

«6-10 топторго сахнага чыгуу оор болот... Чарчап калышат, кээ бирөөлөр ичкиси келет... Сахнага чыкканга жараша, соо чыгыш керек да...бирок оор болот... Балдар, кармангыла!», — дейт Syndicate09 колдонуучусу.

Курнёвдун тобу сахнага үчүнчүлөрдөн болуп чыгат, анын айтымында он топ көп эмес. Мурдагы жылкы концерт таңкы саат үчтө бүткөндүгүн кошумчалады.

Фестивалдын мурунку катышуучусу Malderдин оюнда, «бардык организм эле мындайга чыдай бербейт».

«Санап көргүлө он топ 30 мүнөттөн ырдаса беш саат болот + техниканы даярдоо […]. түнкү саат 12ге жакын көрүүчүлөрдүн жарымы залда же даартаканада кусундулар арасында жатат, же болбосо көчөдө жүргөн болот», — дейт «Дизелдин» колдонуучусу.

Кыргызстандагы металл-музыка

Металл-стили рок-музыканын жанрларынын бири. 1970-жылдары Англия жана АКШда калыптанган. Анын өзгөчөлүгү — узакка созулган гитра солосу, агрессивдүү ритм жана электрогитаранын бурмаланган үнү.

Кыргызстанда алгачкы рок-топтор 80-жылдардын аягында түзүлө баштаган. 90-жылдардын ортосунда кыргызстандык сахнада 15ке жакын металл-музыка стилиндеги ырчы-топтор болгон.

Новоселовдун айтымында сапаттуу металл музыкасын азыркы күндө эки-үч ган топ аткарат.

Авторлор: Оксана Капишникова жана Илья Каримджанов

Которгон: Бермет Абдыкадырова