Каракол: Эки өспүрүмдүн мушташы бычактоо менен аяктады

Теңтушу мушташта бычак менен сайып салгандыктан 13 жаштагы Каракол шаарынын тургуну ооруканада. Жабыр таркан өспүрүмдүн апасы кол салган баланы жазалоону талап кылып жатат. Юрист, жашы жетпеген бала түрмөгө отургузулбайт деген пикирин айтты.

Жарадар болгон өспүрүмдүн апасы «Клоопко» берген интервьюсунда уулу операциядан кийин араң кыймылдап жүргөнүн айтты.

«Төрт күн реанимацияда жатты. […] Азыр акырындык менен бир нече кадам жасап жатат, бирок баары бир оор», — дейт.

Апасынын айтымында, 9-февралда анын уулу мушташып жаткан инисине болушам деп бычакталган.

«Ал бокско барат, машыгуудан келе жаткан экен. Инисине болушуп, мушташып жаткан балдарды бөлө баштаган. Досу инисин кармап тургуча, уулум экинчисин [аты иликтөө үчүн жашырылды] ачуусун басайын дегиче болбой тигил бычагын чыгарып сайып салган», — дейт.

Жаракаттан кийин сегизинчи класстын окуучусу тез жардам чакырып, облустук ооруканада ага операция жасалган. Апасынын айтымында «оор операция» жасалды.

Ички каноодон өспүрүм көп кан жоготконун апасы кошумчалады.

Үйдө камоо

"Бычактап салган" деп айыпталып жаткан мектеп окуучусу, тергөө ишинин аягына чейин үйүндө камалып турат. Мындай өкүмдү 11-февралда Каракол шаардык соту чыгарды.

Жабыр таркан өспүрүмдүн апасынын айтымында, күнөөлүү тарап алардын үй-бүлөсүнө эч кандай акчалай компенсация да төлөгөн эмес, бирок айыпталган өспүрүмдүн апасы кечирим сураган.

Жаркат алган өспүрүмдүн апасы бычактап кеткен жигитти сот ишине чейин «изолятордо кармап турууну» суранган.

«Изолятордо отуруп турсун деп ата-энесине сунуштадым, отуруп ойлонуп көрсүн. Анын кылган иши жазасыз калбаш керек, сотко чейин отуруп, эмне кылып салганын түшүнсүн да», — дейт.

Анын айтымында, өспүрүм жигит бир күн гана изолятордо отурган. Азыркы күндө ал үйдө камалып турат.

ИИМдин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов «Клооптун» кабарчыларына өспүрүмдү убактылуу кармоочу жайда кармоо канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенини айта алган жок. Так жоопту кийинчерээк берерин айткан.

«Клооптун» кабарчылары айыпталып жаткан өспүрүмдүн аты-жөнү менен төп келген колдонучуну «Мэйл Агент» аркылуу табышкан.

Кабарчыбыз менен болгон маегинде айыпталып жаткан өспүрүм экенини тастыктап, «эч кимге жамандык каалаган эмесмин» деди.

«Эч кимге жамандык каалаган эмесмин — кандайча болуп кеткенин өзүм да билбей калдым»,— деп жазды.

Ысык-Көл областык РИИБнин жашы жете электер боюнча инспекциянын жетекчиси Елена Тишакова, бычактап кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин «Ден-соолукка атайлап оор зыян келтирүү» 104-беренеси боюнча тергөө иши ачылгандыгын маалымдады.

«Так маалыматты азырынча эч ким бере албайт, тергөө иши жүрүп жатат», — дейт Тишакова «Клооптун» кабарчыларына.

Анын айтымында, негизги себеп — өспүрүмдөр ортосундагы келишпестик.

«Бирөө эки жылдан бери бокско барат экен, ал эми экинчисиники эки эле күн болуптур. Ушунун негизинде түшүнбөстүктөр пайда болгондур. Балким бири-бирине жакпай же рингде бир нерсени бөлө албай калышкан, бирөө күчтүүрөк болуп калгандыр», — дейт Тишакова.

«Жаза бере алышпайт»

Юрист Расул Усеитов айыпталып жаткан өспүрүмдүн күнөөсү далилденген учурда деле түрмөгө отургузулбайт дейт.

«Зордуктоо же өлтүрүү боюнча эле 14 жаштагыларды жазалоо мүмкүн», — дейт Усеитов.

Анын айтымында, өспүрүм үчүн эң катуу жаза үч жылга чейинки үйдө камоо өкүмү, ал эми ата-энеси акчалай штраф төлөшү мүмкүн.

Юрист Нурбек Токтакунов өспүрүмдүн күнөөсү далилденсе ал атайын адистик техучилищеге реабилитациондук окууга жиберилиши мүмкүн дейт.

Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 104-беренесине ылайык күнөөкөр 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок кылмыш жоопкерчилигине 14 жаштан кийин гана тартуу мүмкүн.

Өспүрүмдү кылмыш аркеттери үчүн жазалоо керекпи? Ооба болсо, эң максималдуу жаза кандай болуш керек? Жок десениз эмнеге? Төмөндөгү формага комментарийлеринизди калтырыңыз.

Сүрөттө: Караколдун көчөлөрүнү бири

Автор: Азат Рузиев

Редакторлор: Илья Каримджанов жана Анна Лелик

Которгон: Бермет Абдыкадырова