Ош шаардык соцфонд: Борбордук базардагы сатуучуларды камсыздандыруу полисине төлөөгө чакырат


Ош шаардык социалдык фондунун башкармалыгынын маалыматында, борбордук базардагы көпчүлүк сатуучулар камсыздандыруу полисине акча төлөшпөйт. Бирок сатуучулар бул маселе боюнча маалыматы жок экендигин билдиришти.

Шаардын соцфондунун жеке ишкерлер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Равшан Эргешовдун "Клоопко" берген интервьюсунда, борбордук базардын сатуучулардын «20 пайызы гана» камсыздандыруу полиси үчүн төлөйт.

2010-жылы этникалык коогалаңдан кийин борбордук базарда полис үчүн төлөгөндөрдүн саны азайган көбүнчө курулуш буюмдарын саткан адамдар гана соцфондко төлөшөт.

Мыйзам боюнча, ар бир ишкер соода-сатык кылган жерине акча төлөш керек. Ачык жер болсо айына -100 сом, 10 тонна контейнерге -150 сом, ал эми 10 тоннадан ашса -200 сом.

"Базарда төлөмдү айыл өкмөтүнөн төлөйм, мен мектепте иштеймин, анан базарга чыгам. Мен бир жерден төлөсөм болду да деп ойлошот. Төлүмдүн баары эсептелип, ошол адамга пенсия чыгат. Ар бир жерде иш жүргүзсө анын баары өзүнө калат, өзүнүн карылыкка болгон кам көрүүсү",—деп түшүндүрдү Эргешов.

Ошондой эле азыркы учурда борбордук базарда соцфонддун кызматкерлери камсыздандыруу полисине төлөө керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана ар бир жеке ишкер катоодон өтүп жаткандыгын кошумчалады.

Бирок сатуучу Альфиянын айтуусунда, соцфонддун түшүндүрүү иштери жөнүндө уккан да, көргөн да жок.

"Жок төлөбөйбүз, билбейбиз эмнеге төлөйбүз, ал жөнүндө бизге эч ким маалымат берген жок",—деди сатуучу.

Дагы бир өзүн тааныштыргысы келбеген сатуучу, бир гана базардын кароолчусуна акча төлөгөндүгүн айтты.

Ошондой эле базарда былтыркы жылдан бери иштеп келе жаткан Назгүл Сабирова да камсыздандыруу полиске төлөбөгөндүгүн билдирди.

"Беш сом табамбы, 1000 сом табамбы,күнүнө 10 сом гана [шыпырганга]төлөйм",—тааналды Сабирова.

Ал эми контейнерде иштеген Жаркынай Арымова келечектеги жашоосун ойлоп соцфондко акча төлөйт.

"Мурун 80 сом төлөйт элем. Азыр 150-160 сомго чейин төлөйбүз",—деп айтты Арымгулова.

Серепчилердин пикири

Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаевдин оюнда, базардагы сатуучулар соцфондко акча төлөө келечекте пайда алып келээрине ишенишпейт.

"Кийин пенсиясы аз болот, ошондуктан төлөгөнгө базардагы ишкерлердин кызыкчылык жок",—деп айтты Кыдырбаев.

Ал эми экономист Айылчы Сарыбаев соода кылып жаткандар бир күн менен жашап жатат деп билдирди.

"Экинчи жактан алардын социалдык камсыздоо жок. Кийин алар өзүн коргой албайт. Социалдык коргоодон чыгып кетет",—деп сөзүн жыйынтыктады Сарыбаев.

Редактор: Айзат Шакиева