Сирия резолюциясы боюнча Кыргызстан добушун бере албады

БУУнун башкы Асссамблеясында кабыл алынган резолюция боюнча Кыргызстан добуш бербеген 17 мамлекеттин ичине кирди. Делегация добуш бере албадык дейт, бирок себептерин түшүндүрбөдү. Бул документ 7 миң адамдын жашоосун алып кеткен Сириядагы кагылышууларды токтотууга чакырат.

Араб мамлекеттер Лигасы тарабынан Сириянын президенти Башар Асадды кызматынан кетүүнү сунуштаган резолюция, 6-февраль күнү БУУнун 137 мүчөсү тарабынан колдоого алынды.

Резолюциянын кабыл алынышына Орусия жана Кытай менен бирге 12 мамлекет каршы болду. Алардын пикири боюнча документ сунуш иретиндеги гана мүнөзгө ээ болуп, анда тең салмактуулук жок.

Орусия Сирияда «ливиялык сценарийдин» кайталанышы — өлкөнүн аймагына чет мамлекеттик аскер күчтөрүнүн киригизилиши мүмкүн деп чочулайт. Алардын айтымында, документте Сирия өкмөтүнө гана кайрылып, ал эми оппозиция өкүлдөрүнө эч кандай сунуштар берилген эмес.

КМШ өлкөлөрүндө бул маселе боюнча пикирлер ар түрдүү — эгер Белорусия Орусияны колдоп каршы добушун билдирсе, Тажикстан жана Кыргызстан добуш берген эмес, ал эми Казакстан Асаддын кызматтан кетишин колдогон.

Кыргызстандын расмий өкүлү атайлап эле добуш бербей койгон жокпуз деди, «Клооптун» кабарчыларынын түшүнгөнүнө караганда системага добушун жөнөтө алышкан эмес.

Кыргызстан бул маселе боюнча добуш берүүдө кандай позиция ээлерин "Клооптун" кабарчылары азырынча аныктай албады.

Сирия бийлигине каршы аракеттерди колдогон АКШ жана араб мамлекеттери, Сириядагы «кан төгүүлөрдүн токтотулушун» талап кылып жатышат.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Сирияда адамзатка каршы кылмыш жасалып жатышы мүмкүн деген.

«Сирияда адамдар жашаган үйлөргө ок атылып, ооруканалар кыйноо борборлоруна айланып калгандыгына күбө болдук. 10го жаңы эле чыккан балдар өлтүрүлүп жатат. Адамзатка каршы кылмыш жасалып жатат», — дейт Пан Ги Мун.

Колдогондор жана каршылар

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Сирия маселеси боюнча мамлекеттин позициясы жөнүндө комментарий берген жок. Асадды колдоо же ага каршы күрөшүү керектиги боюнча серепчилердин пикирлери эки башка.

ТИМдин мурунку жетекчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан Орусия менен бир көз каршата болуп, резолюцияга каршы добушун берүү керек дейт.

«Орусия стратегиялык шериктешибиз, ЖККУ жана ШКУнун мүчөсүбүз, ошондуктан Кытай жана Орусиянын позициясын колдошубуз керек», — дейт ТИМдин мурунку жетекчиси.

«Айкөл Эл» партиясынын жетекчиси Эдиль Байсалов Жекшенкуловдун пикире кошулбайт, тескерисинче Кыргызстан резолюциянын кабыл алынышын колдош керек дейт.

«Сирияны сынга алуу биздин кызыкчылыгыбыз, саясий эркибиз. Анткени биз эки жолу диктаторду тактыдан түшүргөнбүз», — дейт саясатчы.

Сириядагы кырдаалды Кыргызстандын мисалында айтып берди:

«Акаев же Бакиев бир жыл бою Таш-Көмүрдү бомбалап, Чолпон-Ата жана Балыкчынын тургундарын мезгил-мезгил менен өлтүрүп жатат дейли, ал эми Кыргызстандын эли дүйнөлүк коомчулукка кайрылып жатса, коомчулук эч нерсе кылбагандай эле болуп жатпайбы», — дейт Байсалов.

Сириядагы кырдаал

Сириянын президенты Башар Асадка каршы нааразычылык акциялар 2011-жылдын март айында Дераа шаарындагы дубалга революциялык лозунг жазган өспүрүмдөрдүн кармалышынан кийин  башталган.

Укук коргоочу «Хьюман Райтс Уотч» уюмунун маалыматы боюнча оппозиция жана бийлик ортосундагы кагылышуунун жыйынтыгында 7 миңдей адам каза болгон. Каза болгондордун көпчүлүгү Асаддын режимине каршы болгондор.

АКШ, Европа жана араб мамлекеттери Асадды кан төгүлүүдө күнөөлөсө, сириялык президент нааразычылык акциясын басуудагы кадамдары үчүн өзүн күнөөлү сезбейт.

Америкалык Эй-би-си телекомпаниясына берген интервьюсунда, демонстранттарга ок атуу буйругун берген эмесмин деп, бирок ката кетиргенин мойнуна алган.

Башар Асад 2000-жылдан бери бийликте турат.

Сириядагы кагылышуунун чечими кандай болуш керек? БУУнун Асадды бийликтен кетирүү чакыруулары канчалык деңгээлде туура? Төмөндөгү формага комментарийлеринизди калтырыңыз.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Бермет Абдыкадырова