Абактагылардын туугандары митингдеги «бейбаштык» үчүн эки ай СИЗОдо камалышат

Бишкектеги №1 СИЗОсунда кармалып жаткан жакындарын колдоп, митингге чыккан эки адамга карата «бейбаштык» үчүн эки айлык камоо өкүмү чыгарылды. Укук коргоочулар мындай өкүмдү «чектен ашкан» жана аларды камакка алуу «көрсөтмөлүк» дейт.

16-январда козголоң болгон №1 СИЗО имаратынын алдындагы митингдин эки катышуучусуна картата Бишкек шаардык соту чечимди өзгүрүүсүз калтырды. Рысбек Эсеналиев жана Камиль Исмаилов Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин «Бейбаштык» 234-беренеси боюнча айыпталды.

Алгач мындай өкүмдү Октябрь райондук соту чыгарган.

«Эркиндик үнү» укук коргоочу фондунун маалыматы боюнча, райондук сот Айнура Камбаралиева, Эсеналиев жана Исмаиловго карата «мыйзамсыз» чечим чыгарган.

Сот айым чечим кабыл алуу учурунда «телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан», дейт «Эркиндик үнү» расмий маалыматында.

«Тыюу салынганына карабастан кеңешүү бөлмөсүндө 30 мүнөт бою телефон аркылуу сүйлөшүп жатты. Соттордун мындай мыйзамсыз өкүмү саясий боёкту алып жүргөндүгү анык», — дейт «Эркиндик үнү».

Камбаралиева «Клоопко» берген интервьюсунда бул иштин үстүндө иштеген сот катары айыптоолорго эч кандай комментарий бере албаарын айтып өттү. Алардын сот иши азырынча жабыла элек, тергөө иши улана берет деп кошумчалады.

«Чектен ашкан өкүм»

Эки айга камоо өкүмү «чектен ашкан» дейт, "Эркиндик үнү" фондунун жетекчиси Сардар Багишбеков.

Айыпталгандардын экөө тең мурун кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгын, экөө тең Бишкектин тургундары болуп жашы жете элек балдарын баккандыгын белгиледи. Кылмыш кодексине ылайык, жогорудагы факторлордун баары жазаны жубатуучу болуп саналат.

Багишбековдун айтымында, сот камакка алуу эмес, башка альтернативдүү жаза — үйдө камоо же шаардан кетпөө милдеттенме сыяктуу чечим чыгарса болмок.

«Бул ЖАМКтын түздөн-түз кызыкчылыгында да. Абактагылардын туугандары ЖАМКка карата же анын кызматкерлине нааразычылыгын билдире алышпагандай кылып өз күчүн, бийлигин көрсөткүсү келди. Эмне деген абсурд! ЖАМКтын зомбулуктарына каршы чыккан адамдар эми туугандары камалган СИЗОго өзүлөрү камалып калышты», — дейт укук коргоочу.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси «Клоопко» берген интервьюсунда СИЗО ичиндеги окуя жана кырдаалга гана жоопкерчиликтүүмүн, ал эми сот өкүмү боюнча эч кандай комментарий бере албайм деди.

Айыпталгандардын адвокаттары Эльмира Жунушалиева жана Эрнис Акматов сот жубатуучу факторлордун эске алынбагандыгы үчүн нааразы.

Акматовдун айтымында, «мындан да оор кылмыш» жасагандарга карата да камакка алуу чечими кабыл алынбайт. Ал эми Исмаиловго карата «катуу өкүм" чыгарылды дейт.

«Мыйзамсыз өкүм»

Юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов «Клоопко» берген интервьюсунда Эсеналиев жана Исмаиловду камакка алуу «мыйзамсыз» болгонуну түшүндүрдү.

«Эркиндикте жүрүп сот жана тергөөдө качып кетет деген шектенүүлөр  далилденсе гана аларды камакка алуу мүмкүн. Ал эми биздикилер кылмыштын оордугуна гана шилтеме жасап коюшат, бул деген конституция жана эл аралык нормаларды бузуу дегендик», — дейт юрист.

Сотко балким басым жасалгандыр, дейт Токтакунов.

«Соттор деле так эле чиновниктердей иштейт. Мындай адамдар дайыма коркуп турушат, ар бир кадамын бийлик менен сүйлөшүп жасайт, мыйзам алдында эмес, бийлик алдында коркушат», — деп Токтакунов нааразы.

СИЗОдогу козголоң жана митинг

Рысбек Эсеналиев жана Камиль Исмаилов экөө тең  Жаза аткаруу кызматы тарабынан №1 СИЗОдо камалгандарга карата зордук колдонууга каршы митинг учурунда камакка алынган.

«Эркиндик үнү» фондунун координатору Асель Койлубаева телерепортерлор камерага Эсеналиев жана Исмаилов имараттын ичине кирүү аракеттеринде капыстан терезин сындырып алгандыгын  тартып алгандыгын айтып берди.

Багишбековдун айтымында, "жардыруу жана ок атуу" угулуп жаткан СИЗОдогу кырдаал жөнүндө ЖАМК эч бир маалымат бербей жаткандыктан Эсеналиев менен Исмаилов расмий маалымат алууга аракеттенип жатышкан.

16-январда №1 СИЗОдо козголоңу болду. Кээ бир маалыматтар боюнча тинтүү иштеринен, экинчилердин айтымында криминалдык аталыктын башка түрмөгө которулушунан болгон.

Анда ЖАМКтын жетекчиси Шейшенбек Байзаков, тинтүү иштери  учурунда абактагылардын  СИЗО кызматкерлерине кол салуусунан кагылшуу башталгандыгын айткан.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, ЖАМК спецназы жана улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери «абактагыларды сабап баштагандыгы» козголоңдун негизги себеби болгон.

СИЗОдогу козголоң жөнүндө кененирээк маалымат

Автор: Аида Ишмухамедова

Редактор: Анна Лелик