Эфирдин кымбаттыгынан «Бешинчи каналдын» таңкы телеберүүсү НТС каналына кетти

13-февралдан тартып «Бешинчи каналдын» таңкы оюн-зоок телеберүүсү «Сенин таңың» [«Твое утро»] деген аталыш менен  НТС каналында көрсөтүлүп жатат. Телеберүүнүн башкы продюсери НТС каналы эфирдин чыгымдарынын жарымын төлөп жатат десе, «Бешинчи каналдын» жетекчилиги телеберүүнүн сапатынын төмөндөшүнөн макулдашуу узартылган жок дейт.

Таңкы программа үчүн «Бешинчи каналдан» убакытты сатып алган «Ракета ТВ» менен макулдашуу 2012-жылдын январь айында соңуна жетти. Эми 13-февралдан баштап эртең мененки саат жетиден онго чейин ошол эле телеберүү ошол эле алып баруучулар менен «Сенин таңың» аталышы менен НТС каналында  түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

«Бешинчи канал» ЖАКнын башкы директору Евгения Бердникова «Клоопко» берген интервьюсунда телеберүүнүн сапатынын төмөндөшү макулдашууну токтотуунун негизги себеби болду дейт.

«Акыркы жарым жылдагы «таңкы» телберүүнүн сапаты макулдашылгандагыдан такыр башкача эле. Бизге сөз берилгенден жана алгачкы берүүлөрдөн бир кыйла начар болчу», — дейт Бердникова.

«Бешинчи каналдын» жетекчиси кыргыз тилиндеги жаңы таңкы оюн-зоок телеберүүсү үстүндө канал өз алдынча иштээрин белгиледи. Мурунку телеберүү толугу менен орус тилинде болчу.

НТС каналындагы телеберүүнү мурункудай эле Давид Орбелиани, Евгения Губина, Максим Полетаев, Ассоль Молдокматова жана Айгуль Курманова алып барат.

НТС каналы чыгымдардын жарымын төлөйт

Таңкы телеберүүнүн башкы продюсери Равшан Личаню эфирдин кымбаттыгынан башка каналга кетүүгө аргасыз болдук деп «Клооптун» кабарчысына маалымдады.

«Биз эфирге чыккан убакыттын [эртең мененки 7ден 10го чейин] ижарасын төлөй албай калдык. […]Телеберүү «Ракета ТВ»нын продуктусу болгондуктан телеберүүнүн жамааты толугу менен кетти. Жалпысынан, негизги себеп ушул эле, башка себептер деле болгон эмес», — дейт Личаню.

Анын айтымында НТС каналы эфир чыгымдарынын жарымын төлөгөндүктөн бул долбоор «тобокелге көп кабылбайт».

«Бешинчи каналдагы таңкы телеберүү биздин каражатка жасалчу, эфир учурунда биздин жарнамалар коюлчу. […] Ал эми НТС каналынын сунушу боюнча кирешенин он пайызын аларга беребиз, тобокел азыраак», — дейт долбоордун жетекчиси.

Эки телеканал тең Кыргызстандын бүткүл аймагында көрсөтүлөт.

Долбоор жөнүндө пикирлер

«Твиттердеги» @abakiroff лакап атындагы колдонуучу  «Бешинчи каналда таң» телеберүүсүнүн алыскы ракустардагы көрүнүштөрү жакчу эмес дейт.

«Твиттердин» @dyrain аттуу дагы бир колдонуучусу жаңы берүүнүн арткы фону «сонун экен», бирок «бош, толук иштелип бүтө элек» деп пикирин айтып кетти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча шаардык башкармалыгынын каттоо жана анализдөө борборунун жетекчиси Елена Аильчиева «Фэйсбуктагы» баракчасында «Бешинчи каналда таң» телеберүүсү жергиликтүү каналдардын ичинде эң мыктысы эле, ошого карабастан орусиялык «Биринчи каналдын» телеберүүсүн көрөм деп жазган.

«Бешинчи каналда таң»  берүүсүнүн жарнамалык роликтерин «өтө жаман» деп блоггер Мурат Алайчиев сынга алган. Анын айтымында Кыргызстандыктарга Кыргызстанда өндүрүлбөгөн ичимдик жана авто унаалар жөнүндө жарнамаларды көрсөтүү кереги жок.

«Мен америкага каршы эмесмин, бирок эфирдин кыргыз коомчулугуна ылайыктуу болушун каалайм. Эгер көрүүчүлөрүңүздү билимдүү жана интелегентүү деп эсептесеңиз, жок дегенде, сапаттуу роликтерди жүктөбөйсүнөрбү», — деп Алайчиев нааразы.

Алып баруучу Евгения Губина «Клоопко» берген интервьюсунда жаңы студиядагы "көрүнүштү өзгөртүү керек" дейт.  Азырынча бир гана эфирди алып бардым, бирок жакшы нукка болгон өзгөрүүлөр бар деп кошумчалады.

Жергиликтүү телеберүүлөр

«Бешинчи каналдагы» алгачкы таңкы берүү 2007-жылы пайда болгон. «Отличное шоу» деген аталыштагы телеберүү каналдын жеке продуктусу эле.

2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин телеберүү токтотулган. Беш айдан кийин Равшан Личаню жетектеген «Бешинчи каналда таң» ["Утро на пятом"] телеберүүсү ишке кирген.

Үч саатын ичинде алып баруучулар ар кандай жаңылыктарды, оюн-зоок сюжеттерди көрсөтүп, студияга конокторду чакырып, көрүүчүлөрдүн чаалууларын кабыл алуу менен бирге ар түрдүү конкурстарды өткөрүшчү.

Долбоордун башкы продюссеринин айтымында, НТС каналындагы телеберүүдө азырынча эч кандай өзгөрүүлөр күтүлбөйт.

Мындан сырткары кыргызстандыктар башка жергиликтүү каналдардагы кыргыз тилиндеги таңкы тедеберүүлөрдү да көрө алышат.

Эртең менен кандай телеберүүлөрдү көрөсүз? НТС каналындагы «Сенин таңың» («ТВое утро») берүүсүн көрдүнүзбү? Төмөндөгү формага комментарийлериңизди калтырыңыз.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Илья Каримджанов

Которгон: Бермет Абдыкадырова