Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын серепчиси пара бергендигинде айыпталууда

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалыматында мамдирекциянын серепчиси 150 миң сом пара берүү учурунда ИИМдин коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иш жеринде кармалды. Ал эми мамдирекциянын айтымында, милиция кызматкерлери алардын серпчисин коркуткандыктан ал акча берүүгө аргасыз болгон.

Жеке ишкерлерди колдоо боюнча серепчи [аты иликтөө максатында жашыруун бойдон калган] 150 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.

ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында 15-февраль күнү саат төрттө Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын кызматкери  кармалган. Милициянын маалыматында «мурунку мыйзамсыз  иштерин  жашыруу максатында» коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине пара берген.

ИИМдин басма сөз катчылыгынын башкы инспектору Жеңишбек Аширбаев бул маалыматты тастыктап, текшерүү иштери жүрүп жатканда мамдирекциянын серепчиси ИИБнин коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерине текшерүү ишин токтотууну суранып пара берген дейт.

«ИИБнин кызматкерине 130 миң сом жана 800 АКШ доллар пара берип жатканда кармалган. Милдетин ашыкча колдонуп, этникалык кагылшуудан жабыр таркандардын тизмесинде болбогон адамдын атына жеке [бизнесин өнүктүрүү үчүн] акчалай ссуда алган», — дейт Аширбаев.

Ош шаарынын вице-мэри Алимжан Байгазаков «Клооптун» кабарчыларына «коррупциондук махинациялар» жөнүндө уккандыгын айтып берди.

«Ушак сөздөр бар эле, бирок ким экени так белгисиз болчу. Эгер кармалса, туура. Колдойм. Адамдар ссуда алуу үчүн документтерин араң тапшырышат, мындай нерселер менен ойнобош керек» — дейт шаардын вице-мэри.

«Пара берүүгө аргасыз болду»

Ош жана Жалал-Абад шаарын калыбына келтирүү боюнча мамдирекция аппартынын жетекчиси Туратбек Исмаилов «милиция кызматкерлерине пара берүүгө аргасыз болгон» деген пикирде.

«Өздөрүнө берип жаткан жеринен бизге берип жатат деп кармашыптыр. Азыр ошонун баардыгын тактап жатабыз. Ким билет эми мүмкүн коркуткандыр. Бер дегендир өздөрү. Корксо коркуп кетип берсе берип ийгендир . Азыр эми мен ачыгын айта албайм. Буларды [ИИБнин кызматкерлери] билесиңер да, келип коркутат сени олтургузам антем-минтем десе берип салгандыр да», — деген оюн билдирди Исмаилов.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция 2010-жылдын июнь айынын аягында этникалык кагылышуудан кийин түзүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча республиканын түштүгүндөгү этникалык кагылшууда 400дөн ашуун адам каза болгон.

Дирекциянын башкы милдети — кагылышууда жабыр тарткан калкты турак-жай менен камсыз кылуу жана социал-маданий объектилерди калыбына келтирүү. Мындан сырткары мамдирекция жабыр таркандарга материалдык жардам көрсөтүп, жеке бизнести өнүктүрүү үчүн акчалай ссудаларды берет.

Автор: Дастан Умөтбай уулу

Редакторлор: Анна Лелик жана Айзат Шакиева

Которгон: Бермет Абдыкадырова