Орусиянын президентине талапкер Орто Азия мамлекеттерине виза режимин киргизүүнүн сунуштап жатат

Орусиянын президентине талапкер, жеке ишкер Михаил Прохоров жеңишке жетишсе Орто Азия мамлекеттери үчүн чек араны жаап, виза режимин киргизүүнү пландап жатат. Кыргызстандын саясатчылары мындай сунушту «популисттик» дешүүдө.

Мындай чара Орто Азия мамлекеттеринен болгон миграцияны контролго алуу үчүн керек, дейт Прохоров журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

«Мигранттар бизге керек, бирок бул маселени контролго алышыбыз керек. Ооба, биз көчөлөрдү тазалагыбыз келбейт, биздин балдар башкага татыктуу. Бирок көчөлөрдү бирөөлөр тазалаш керек да», — дейт «РосБизнесКонсалтинг» кабар агенттиги Прохоровдун сөзүн.

Мигранттардын атайын орус тилин жана маданиятын үйрөнүүсү үчүн виза режими киргизилет деп бизнесмен түшүндүрүп кетти.

«Орто Азия мамлекеттерине виза режимин киргизем. Мигранттар бизге керек, бирок алар биздин тилди билип, маданиятыбызды сыйлашы керек», — дейт талапкер расмий твиттер-эккаунтунда.

Прохоровдун шайлоо алдындагы программасы боюнча 2012-жылдын 1-январына карата Бажы биримдигине кирбеген Орто Азия мамлекеттерине виза режими киргизүү пландаштырылган.

Азыркы күндө Бажы биримдигине расмий түрдө үч гана мамлекет кирген — Орусия, Белорусия жана Орто Азия мамлекеттеринен жалгыз Казакстан. Кыргызстан биримдикке кирүү ниетин билдирген, бирок кирүүнүн так датасы азырынча белгисиз.

Орусиянын премьер-министри жана президенттике талапкер Владимир Путин Орто Азия мамлекеттери үчүн виза режимин киргизүү идеясына терс пикирин билдирген. Анын айтымында, мындай чектөөлөрдөн Орусия Орто Азия мамлекеттериндеги таасирин жоготуп, бул мамлекеттин «алсыздашына» алып келиши мүмкүн.

«Мындай чечим жарандардын кирешесине, өндүрүшкө жана экономиканын деңгээлине терс жыйынтыктарды гана алып келет», — дейт «Регнум» кабар агенттиги Путиндин сөздөрүн.

Орусиялык премьер өзүнүн программасында мыйзамсыз иммиграцияны жокко чыгаруу үчүн миграция кызматынын укугун күчөтүүгө басым жасап жатат.

«Мыйзамдуу миграция маселесинде адамдын квалификациясы, компетенттүүлүгү, маданий жана тартибинин ылайыктуулугуна басым жасалыш керек», — дейт орусиялык саясатчы өзүнүн программасында.

Азыркы күндө президенттик орунга негизги талапкердин бири премьер Владимир Путин эсептелинет. Орусиядагы белгилүү блоггерлердин бири, drugoi лакап атындагы Рустем Адамагов өткөргөн альтернативдүү интернет-добуш берүүдө Прохоров алдыга оозуп чыккан.

Кыргызстандык бийлик өкүлдөрүнүн реакциясы

«Ата Журт» фракциясынын депутаты Роман Шин бизнесмендин мындай сөздөрүнө терс көз карашта.

«Азыркы күндө тескерисинче бардык адамдар эшиктерин бири-бирине ачып жатат, биз болсо бир топ мамлекеттерге визасыз режимди киргизүүгө аракеттенип жатабыз. Чек араларды кантип жаап саласыңар?», — дейт депутат.

Ата-Мекенчи депутат айым Наталья Никитенко бизесмендин мындай сөздөрү президенттиикке талапкерлердин ортосундагы «курч күрөштөн» бир үзүм дейт.

«Ушул сыяктуу сөздөр, шайлоочулардын кээ бир бөлүгүнө жагышы мүмкүн — анткени бул актуалдуу тема. Эмгек миграция маселеси шайлоочулардын бир бөлүгү тарабынан көтөрүлүп жаткандыр», — дейт Никитенко.

Орто Азия мамлекеттери үчүн виза режиминин киргизилиш боюнча кээ бир жарандардан кайрылуулар түшкөндүгүн кошумчалады.

«Албетте тынчсызданып жатабыз, анткени калкыбыздын жарымын мигранттар түзүп келет. Аларда кабатыр болуп жатышат. Саясий күрөш учурунда айтылып калынган мындай сөздөр, президент тандалгандан кийин, такталып тышкы саясаттагы багыт катары расмий түрдө айтылат деген үмүттөмүн», — дейт депутат айым.

«Ар Намыс» партиясынын депутаты Игорь Гусаров Прохоровдун сөздөрүн «ойлонулбай айтылган» дейт. Бирок мындай чектөөлөр Кыргызстанга тиешеси жок деген үмүттө.

«Орусияга кандай коркунуч көрсөтүшүбүз мүмкүн? Эч түшүнбөйм жатам. Менимче, Кыргызстан тескерисинче жалпы бир системага интеграциялашууга даяр турат. Орусия менен дайыма жакын мамиледе элек. Коңшуларыбыз да бизге салыштырмалуу бай. Аларга кандайдыр бир проблема жаратышыбыз мүмкүн эмес. Балким, кеп Өзбекстан жөнүндө болуп жатат», — дейт Гусаров.

Автор: Бегимай Бекболотова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Сүрөт «Ридус» кабар агенттигинен алынды. «Creative Commons» лицензисында колдонулуп жатат.