Афиша: 21-февралдан 26-февралга чейин

 

Февраль айынын экинчи жарымы Мекен коргоочуларына арналган. Аскер техникасынын моделдеринин көргөзмөсү жана улуттук филармонияда симфониялык орекстрдин эки концерти өтөт.

Шейшемби, 21-февраль

13:00. «Фонекс» уюлдук операторунун башкы кеңсесинде аскер техникасынын моделдеринин көргөзмөсү өтөт (Шопокова көчөсү, 101/а). Согуш жана жарандык авиация самолетторунун 150 модели (1:144, 1:48, 1:72 масштабында) жана 1946-жылдан кийинки согуш техникасы көрсөтүлөт (1:35; 1:7 масштабында). Көргөзмө 25-февралга чейин болот. Маалымат телефондору: 0 (543) 130 120

11:00-18:00. Василий Дударевдин графика боюнча жеке көргөзмөсү өтөт. Мурун коомчулук сынына чыгарылбаган, ар кайсы жылдарда тартылган графикалык сүрөттөрү көрсөтүлөт. Көргөзмө 10-мартка чейин «Аль Хаят» галереясында өтөт (Москва көчөсү 49, Ибраимов көчөсү менен кесилишет).

18:30. Фотокабарчы Влад Ушаковдун «Репортаждык сүрөт же эмнеге менин фото-сүрөттөрүмдү эч ким сатып албайт» аттуу тренинги болот. Репортаждык сүрөт, интернет мейкиндигиндеги автордук укук, Кыргызстандык жана дүйнөлүк интернет мейкиндигиндеги фото-сүрөттөр жөнүндө айтып берет. «Тренинг жана консалтинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42, Горький менен кесилишет). Билеттин баасы 349 сом. Маалымат телефону: 0 (312) 54 74 21

Шаршемби, 22-февраль

18:30. Кол өнөрчү Светлана Березинанын жетекчилигинде «Өзүңө дос жаса» аттуу тренинг өтөт. Тренингде жүн басуу ыкмаларын үйрөтүшүп, өңдөрдү айкалыштыруу, эскиздин үсүтүндө иштөө, элементтерди жасоо жана бириктирүү сыяктуу бир топ нерселер боюнча мастер-класс өткөрүлөт. Мастер-класс «Тренинг жана консалтинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42, Горький менен кесилишет). Билеттин баасы 599 сом. Маалымат телефону: 0 (312) 54 74 21

Бейшемби, 23-февраль

18:30. Филармонияда Жумакматов атындагы чоң симфониялык академиялык оркестрдин концерти өтөт. Дирижёр — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асаналиев. Билеттин баасы 200 сом. Маалымат телефону: 0 (312) 65 76 75

  • Биринчи бөлүм:

Дворжак — «Славянский танец» №8 Соль мажор; М. Брух — Скрипка жана оркестр үчүн концерт; солист: Кыргыз Улуттук консерваториясынын 2-курсунун студенти — Т. Молдоканов; Мугалим — Э. Асаналиева.

  • Экинчи бөлүм:

Дворжак — Симфония №9 «Из нового света». Дирижёр: КР эмгек сиңирген артисти Э. Асаналиев.

18:30. «Миксуем как можем! Кислотный DJ, хей!» тренингин диджей Адилет Абылов өткөрөт. Диджейликтин негизги түшүнүктөрүн: ритм, композициянын структурасы, керектүү техникалык жабдыктар жана программалык камсыздандыруу жөнүндө маалымат берип, практикада кандай колдонуу керектигин да көрсөтөт. «Тренинг жана консалтинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42, Горький менен кесилишет). Билеттин баасы 549 сом. Маалымат телефону: 0 (312) 54 74 21

20:00 Француз музыкасы жана шансон ырлар кечеси «Фортуна» кафесинде өтөт (Байтик Баатыр көчөсү 5-В, Физприбрдун маңдайы). «А-трио» тобу скрипка, виолончель жана аккордеондун коштоосунда белгилүү шансон ырчылары Джо Дассен, Эдит Пиаф, Ив Монтан, Нино Ферре, Шарль Азнавурдун ырларын аткарышат. Депозит: 1-зал, ар бир адамга 600 сом, 2-зал, ар бир адамга 400 сом. Заказ берүү: 0 (312)548881

21:00. «Промзона» клубунда «Марс'эль» тобунун туулган күнү өтөт. «Скарлет», «Хуллахуп», «Метрика» сыяктуу музыкалык топтор туулган күнгө конок болуп кетишет. Билеттин баасы 300 сом. Маалымат телефону: 0 (312) 244 245.

21:00. «Генацвале» ресторанында маэстро Таалай Бейшеев («Аура» тобу) жана Талант Абдылдаевден («Соленые орешки» тобунун мурунку солисти) «Джазз жана фьюжн парти» жана «Даамдуу музыка кечеси» өтөт. Коноктор джаз, фьюжн, боссанов, свинг, би-боп, латино, диксиленд, фанк, блюз, ска жана регги стилиндеги музыкага күбө боло алышат. Билет баасы 1200 сом.

Жума, 24-февраль

16:30. Орто Азиядагы Америкалык Университеттинде (АУЦА) «Менин кыялым» аттуу кайрымдуулук концерти өтөт. Чүй облусунун алты балдар үйүндө тарбиялангандар «Роллс», «Адажио» топтору, ырчы Юлия Руцкая жана АУЦАнын студенттери менен бир сахнага чыгышат. Бөйрөгү иштебей калган кичинекей Атайга жардам берүү үчүн бул кайрымдуулук концерти өтүп жатат. Билет баасы 150 сом. Маалымат телефону: 0 (555) 90 85 10.

18:30. Открытка даярдоо боюнча адис Дарья Бобровникова «Открыточные поздравлялки или делаем подарки близким и друзьям!» тренингин өткөрөт. Открытка даярдоо, квиллинг, киригами жана 3D декупаж техникалары жөнүндө кененирээк айтып берет. «Тренинг жана консалтинг борборунда» өтөт (Чехов көчөсү 42, Горький менен кесилишет). Билеттин баасы 549 сом. Маалымат телефону: 0 (312) 54 74 21

22:00. Орус драма театрынын (Тыныстанов көчөсү 122) «Театралдык тавернасында» «Эхолами» тобунун «Над уровнем воды» аттуу жеке концерти өтөт. Концертте музыканттар жаңы ырын тартуулашат.

Ишемби, 25-февраль

18:30 Дүйнөлүк деңгээлде белгилүү скрипач, көптөгөн эл аралык конкурстардын лауреаты Хьюго Тиччиати (Швеция) жана Мамлекеттик филармониянын камердик оркестринин катышуусу менен «Дүйнөлүк классика шедеврлары» концерти Филармонияда өтөт. Концерттик программа:

  • Витали Томазо Чакона — скрипка жана камердик оркестри үчүн
  • Лера Аэурбах — Перголези «Стабат Матэр» темасындагы диалогдор
  • Астор Пиаццолла «Времена года»
  • Альфред Шниттке — камердик оркестр жана скрипка үчүн эски стилдеги сюита

Билет баасы 300 сом. Маалымат телефондору: 0 (550)204020; 0 (555) 769073

26 февраля, воскресенье

Жекшемби, 26-февраль

13.00  Орто азиялык призма аркылуу патриархтын күзү. 1-бөлүм. Патриархалдык үстөмдүк жөнүндө талкуу болуп, атайын кинотасма көрсөтүлөт, радиоспекталдерди угуузулуп, сүрөт көргөзмөсү өтөт. Илимий-методикалык көркөм өнөр музейинде өтөт, Тоголок Молдо көчөсү 50 («Спартак» стадионунун маңдайы»). Кирүү бекер. Маалымат телефону: 0772 181505

Кеченин программасы:

13:00 – 14:45 Чыгармадан үзүндү окуу: Г.Маркестин «Осень патриарха» романы (Марат Р.окуйт); Ф.Энгельстин «“Происхождение семьи, частной собственности и государства» чыгармасынан үзүндү (Диана Ухина окуйт)
14:45 – 15:30 «Осторожно. Welcom» анимациондук тасмасынын көрсөтүлүшү (реж: А.Батина, Дж. Мурзахметов, Марат Р.); патриархалдык үстөмдүк темасындагы анимациянын көрсөтүлүшү (705 чыгармачылык тобу)

15:30-16:00 Талкуу-лекция: Орто Азиялык авангардисттер vs. патриархат (Георгий Мамедов)
16:00-18:30 «Шотладниянын акыркы королу» аттуу тасманын көргөзүлүшү (реж: Кевин МакДональд).

 

Автор: Оксана Капишникова

Сүрөттө: Илья Лагутенко Бишкектеги концертинде
Редактор жана сүрөттүн автору: Илья Каримджанов

Которгон: Бермет Абдыкадырова