«Хостер.кг» сервериндеги авария: азыркы күндө 50 сайт калыбына келтирилди

Хостинг-провайдерлердин бири сервердеги авариядан кийин 200гө жакын сайтты калыбына келтирип жатат. Азыркы күндө резервдик көчүрмөлөрүн жөнөткөн адамдардын 50дөй веб-баракчасы калыбына келтирилгендиги маалымдалды.

«Хостерге» «бэкаптарын» — резервдик көчүрмөлөрүн жиберген сайттар алгачкылардан болуп кайра ишке киришишти.

Компаниянын башкы директору Сергей Ершовдун айтымында, калыбына келтирилген сайттар тактап саналган жок.

«Тилекке каршы, калыбына келтирилген сайттарды саноого убакыт жок, колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз. Кийинчерээк тактап, санап баштайбыз. 53төй жакын интернет-булак калыбына келтирилди», — дейт Ершов.

Компаниянын маалыматтары боюнча, 14-февралда серверде «орчундуу жана сейрек болуучу авария» болгон, 220га жакын сайттар «бэкаптарын» жоготуп иштебей калышкан.

Резервдик көчүрүү системасы 18-февралда калыбына келтирилди, бирок компаниянын кызматкерлери азыркыга чейин интернет-баракчаларды калыбына келтирүү үстүндө иштеп жатышат.

Хостинг-провайдердин башкы директору Сергей Ершов «Клоопко» берген интервьюсунда, авариянын себеби азырынча аныктала элек, бирок техникалык жабдыктар менен байланыштуу дейт.

«Техникалык жабдыктар менен байланыштуу, тышкы же ички факторлор болушу мүмкүн», — дейт компаниянын жетекчиси.

«Хостер» компаниясында да, сайттын ээлеринде да интернет-баракчанын резервдик көчүрмөлөрү жок болгондуктан кээ бир сайттарды калыбына келтирүү мүмкүн эмес деп компания чочулайт.

Кардарлар сотко берүүгө даяр

 «Хостер.кг»деги авариядан кийинки чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылып «Дизель» форумунун колдонуучулары кол чогулта башташкан.

 Хостинг-провайдер «макулдашуунун шарттарын аткарбагандыгы» «Дизелчилердин» негизги нааразычылыгын жаратты .

«Хостер.кг компаниясы жарнамалык кампаниясында кардарларын алдап, жалган маалыматты колдонгон болуп жатпайбы. Анткени, хостер ар бир 72 саатта «бэкап» жасап турат деген жарнама активдүү интернет-колдонуучулардын көңүлүн буруп, хостерди тандоодо негизги себеп болгон да», — дейт jaziz колдонуучусу.

Анын оюнда, «Хостер.кг» «бэкаптар» жок деп убагында кабарлашса, сайттардын ээлери өз алдынча башка аракеттерди көрө башташат эле.

Jazizдин оюнда, интернет-баракчалардын ээлери сотко арыз жазыш керек.

«Сот жыйынтык бербейт»

Дагы бир «Хостинг.кг» компаниясынын башкы директору Эмиль Зайниеев «Клоопко» берген интервьюсунда сот иши «ийгиликсиз» болот деп айтып өттү.

«Сайттардын ээлери аларды сотко берип жатыптыр, тергөө иши башталганы жатат. Укук коргоо органдары келип серверлердин баарын экспертизага алып кетет, жыйынтыкта сайттардан эч нерсе калбайт... […] Мындай чечим туура эмес деп ойлойм», — дейт Зайнеев.

Ушундай эле окуяга кабылган Украиналык хостинг компаниянын мисалы келтирип, сот ишинин жыйынтыгында эч кимге компенсация төлөнбөгөндүгүн айтты. Зайнеевдин айтымында «Хостер.кг» компаниясы болгону «чоң кырсыкка кабылды».

«Хостер.кг» расмий сайтында жоопкерчиликтин баарын түшүнүп, кардарлар алдында актанбайбыз деп жазган.

Хостинг-провайдер компаниясынын өкүлү сотко кайрылуу ар бир кардардын укугу деп эсептейт. Анын айтымында, компания кардарларга чыгымдарын төлөп берет.

«Хостер.кг»

«Хостер.кг» компаниясы өзүнүн серверинде сайттарды жайгаштыруу боюнча Кыргызстан рыногундагы эң чоң компаниялардын бири. Бештен ашуун компания менен атаандашып келет.

Компаниянын веб-баракчасына маалыматына  таянсак, эки жарым миңден ашуун сайт компаниянын кызматын колдонуп келет.

Компаниянын кардарлар тизмесинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, «Кылым шамы» адам укуктарын коргоо борбору, «Келдике» зергер дүкөнү, «Кыргыз-инфо» гезитинин интернет-редакциясы, «Фэшн.кг» интернет-дүкөнү ж.б. орун алган.

Фотодо: 27-декабрдагы резервдик көчүрмөнүн негизинде калыбына келтирилген tamasha.me веб-сайты

Автор: Раим Досункулов

Редакторлор: Илья Каримджанов жана Анна Лелик

Которгон: Бермет Абдыкадырова