«Народный» супермаркет түйүндөрүнүн жетекчисин бомба жөнүндөгү жалган маалымат менен коркутушту

Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы «Народный» супермаркетинин менеджерлеринин бирине бомба жөнүндөгү смс-кат келгендигин маалымдады. Менеджер коркутуу болгондугун тастыктап, келген кат жалган болгонун айтып өттү.

УККнын кызматкери, түнкү саат экилерде 9-кичи районундагы «Народный» супермаркетинде бомба жөнүндө маалымат түшкөндүгүн айтып берди.

Басма сөз катчылыктын кызматкери смс-каттын текстин толугу менен айтып берген жок, каттын мааниси менен гана чектелди.

Анын айтымында дүкөндүн менеджеринин уюлдук телефонуна бомба жөнүндөгү смс-кат келген.

Менеджер дароо эле укук коргоо органдарына кайрылган. Улуттук коопсуздук кызматынын атайын ыкчам тобу бомба бар деп шектелип жаткан супермаркетке жөнөтүлгөн.

«Народный» дүкөнүнө келген УКК кызматкерлери бомба жөнүндөгү маалыматтын жалган болгондугун аныктап чыгышты.

Азыркы күндө смс-катты ким жибергендиги аныкталып жатат.

Супермаркеттин менеджери Максат Калкатаева смс-кат жөнүндөгү маалыматты тастыктады. «Эч кандай бомба жок» деп «Клооптун» кабарчыларын тынчтандырды.

Бирок кененирээк комментарий берүүдөн баш тартып, «жумуштан алаксытпагыла» деп телефонду коюп салды.

«Клооптун» кабарчысынын айтымында супермаркеттеги бомба жөнүндө тема түнүчүндө популярдуу «Дизель» форумунда  пайда болгон.

Кийинчерээк тема сайттын администраторлору тарабынан белгисиз себептерден өчүрүлгөн.

Автор: Элмурат Аширалиев

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова