Кыргызстанда «Көз ачыктар таймашы» пайда болот

Орусиялык «Битва экстрасенсов» берүүсүнүн аналогу болгон «Көз ачыктар таймашы» УТРК телеканалында пайда болот. Премьеранын датасы азырынча белгисиз. Президенттикке талапкерлердин бири «көз ачык» Арстанбек Абдылдаев кастингге катышышы мүмкүн деп жардамчысы маалымдады.

Телеберүүгө көз ачыктар, экстрасенстер, элдик дарыгерлер жана хироманттар катышат. Алар серепчилердин сынына өзгөчө паранормалдык жөндөмдөрүн көрсөтүшөт.

Телеберүү кыргыз тилинде болот, азырынча премьеранын так датасы белгисиз. Азыркы күндө 1-мартта өтө турган катышуучуларды тандоо жарыяланды. Тандоо туруна ар бир каалоочу катыша алат.

«Көз ачыктар таймашынын» редактору Айбек Акматов, бул Кыргызстандагы алгачкы реалити-шоу болоорун айтып берди.

Биринчи сезон 40 мүнөттүк 10 телеберүүдөн турат. Кечки саат 19:00 жана 00:00 ортосундагы убакытта көрсөтүлөт.

Акыркы үч финалчы смс-добуш берүү аркылуу аныкталат, дейт Акматов.

УТРКнын башкы режиссеру Канат Култаев телеберүүнүн рейтинги «жогору» болот деген пикирде, анткени орто азиялык көз ачыктар канчалык деңгээлде күчтүү экендигин көрүү Кыргызстандыктарга кызыктуу болот.

Анын айтымында, бул орусиялык «Битва экстрасенсов» телеберүүсүнүн аналогу болбойт, анткени башкача форматтагы берүү болот.

«Аты же мааниси окшош болушу мүмкүн, бирок телеберүүнүн форматы жана тапшырмалар таптакыр башка болот», — дейт Култаев.

Интернет-мейкиндиктеги белгилүү көз ачык Арстанбек Абдылдаевдин жардамчысы Мирлан Аскеев катышуу үчүн чакыруу келгендигин айтты.

Асакеев Абдылдаев катышышы мүмкүн деп кошумчалап кетти.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова