Ош шаарындагы шайлоолор: өзбек тилиндеги көрнөктөр кыргыз тилиндеги нускасыз болбойт дейт бийлик өкүлдөрү

«Улуттар Биримдиги» партиясы Ош шаарында өзбек тилиндеги  көрнөктөрдү илген. Мындай кадам мамлекеттик тил комиссиясынын нааразычылыгына алып келди. Алардын айтымында, көрнөктөр кыргыз тилинде гана болуш керек. Жалпысынан, Кыргызстанда үгүттөө иштерин каалаган тилде өткөрүү мүмкүн.

Мамлекеттик тил комиссиясынын жарнама боюнча адиси Бактыбек Айтиев «Клоопко» берген интервьюсунда, үгүтөө иштериндеги көрнөк жана баракчалар орус жана кыргыз тилинде гана болуш керек дейт.

«Ал деген болбой, бул деген мыйзам бузууда. [... ] оручса жана кыргызча эле болуш керек», – деп билдирет жарнама адиси.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын «кулактандыруулар, жарнактар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин — расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат» деген 27-беренесине шилтеме жасады.

Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси Эркайым Мамыткерим кызы, «керек болгон учурда» башка тилдерде жазуу мүмкүн, бирок «арипинин өлчөмү мамлекеттик тилдегиден чоң болбоого тийиш» дейт.

Ош шаардык шайлоо комитетинин катчысы Рысбек Нурдинов үгүттөө кагаздарынын өзбек тилинде гана болушунун мыйзамдуулугу жөнүндөгү маселени тактоо боюнча Борбордук шайлоо комитетине кат жөнөтүлөөрүн маалымдады.

БШКнын басма сөз катчылыгы өз кезегинде, үгүттөө иштери талапкер каалаган тилде жүргүзүлөт деп билдирди.

ОшМУнун студенти Элмурат Кочкор уулунун айтымында, шаардык кеңешке аттанып жаткан партиялардын ичинен «Улуттар Биримдиги» партиясы гана өзбек тилиндеги көрнөктөрдү илген.

Бул партиянын лидери — Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов. Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык кагылышуудан кийин Эл аралык кризистик топ Мырзакматовду «катаал жана тайсалбас жаш улутчул-лидер» деген мүнөздөмө берген.

«Фабула» гезити Мырзакматовдун партиясынын мындай кадамдарын тамашалашып — өзбек тилиндеги көрнөктөр менен «Улуттар Биримдиги» партиясы «өзбек шайлоочуларынын» добушун алууга аркеттенген дейт.

«Шайлоо күрөшүндө орус жана кыргыз тилдерини колдонулушуна көнүп калганбыз. Меке, бир аз ашыра тырышып койду го...», — дейт «Гезиттер» сайты «Фабуланын» макаласына шилтеме жасап.

Борбордук шайлоо комитетинин сайтынын маалыматы боюнча, Ош шаардык кеңешине «Ата Мекен», «Республика», КСДП жана «Улуттар Биримдиги» сыяктуу сегиз саясий партиядан 696 талапкер аттанып жатат.

«Жарандык коом жана демократия үчүн коалициясынын» көзөмөлдөөчүсү Бакыт Оморкуловдун айтымында, пассивдүү үгүттөө иштеринен, шайлоочулар партиялардын платформалары үчүн эмес, партиянын лидерлерине карап добуштарын беришет.

«Азыр эл партия артында турган адамга добуш берип жатышат. Мисалы, «Улуттар Биримдиги» партиясы үчүн эмес Мелиске (шаардын азыркы мэри Мырзакматов — ред.) добуш берүү. КСДП партиясына да так эле ушундай жагдай (бул партиянын фаворити ОшМУнун ректору Каныбек Исаков — ред.)», — дейт Өмүркулов.

Кыргызстандын Ош, Токмок шаарларында жана Ысык-Көл облусунда 4-мартта жергиликтүү кенештерге шайлоо өтөт.

Автор: Элмурат Аширалиев

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Асель Джоокаева
Сүрөттүн автору: Элмурат Кочкор уулу