Бийлик өкүлдөрү «Фергана» сайтын колдонууга чектөө койду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Фергана» жаңылыктар сайтын «өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинде» 27-февралга чейин колдонууга чектөө койду. «Фергана» сайтынын редакциясы бийлик өклдөрү менен соттошууга даяр экендигин айтты.

Кыргызстандык интернет-провайдерлер 21-февралда «Фергана» кабар агенттигинин сайтын колдонууга чектөө коюу буйругун алышкан. Бул токтомду алгач «Кыргызтелеком» ишке ашыра баштады. Калган провайдерлер азырынча «Фергана» сайтын колдонууга чектөө коюууга шашылышпай эле, комментарий берүүдөн да баш тартышууда.

«Элкат» компаниясынын өкүлдөрү техникалык жактан сайтты беш мүнөттө эле чектеп коюуу мүмкүн дейт.

Улуттук байланыш агенттигинин документин боюнча, бардык интернет-провайдерлер 27-февралга чейин «Фергана» сайтын колдонууга чектөө коюшу керек.

Кыргызстандын бүткүл аймагында сайтты колдонуу чектелгендиктен бардык макалалар эми «Фэйсбуктагы» расмий баракчада жарыяланат деп кабар агенттиктин редакциясы маалымдады. Мындан сырткары, колдонуучуларга чектөөдөн өтүү үчүн онлай-куралдарды сунуштады.

Байланыш агенттиги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругуна жетекчилик кылышса, премьер Парламенттин 2011-жылдын 9-июнундагы токтомуна шилтеме жасап жатат.

Премьер жетекчиликке алган Жогорку Кеңештин токтому «2010-жылдын апрель - июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө» деген аталышта. «Фергана» сайтына чектөө коюуу сунушу 30-пункт менен берилген, бирок мындай сунуштун себептери эч түшүндүрүлгөн эмес.

2012-жылдын 2-февралында Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова Жогорку Кеңештин отурумунда сайтты колдонууга чектөө коюуу үчүн өлкө ичинде техникалык мүмкүнчүлүктөр жок дегенине карабастан да «Фергана» сайтына тыюуу салышкан.

«Фергана» сайтынын редакциясы Кыргызстандык бийлик өкүлдөрү менен соттошууга даяр экендигин билдирди.

«Өкмөт жана парламент ортосундагы компромисс»

«Фергананын» башкы редактору Даниил Кисловдун оюнда, сайтты чектөөдө президенттин да, премьердин да кызыкчылыгы жок. Анын айтымында, мындай чара парламент жана аткаруу бийлигинин ортосундагы «компромисстин» жыйынтыгы.

«Бул компромисс — Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрү арасында болуп жаткан таң калыштуу бир процесстин жыйынтыгы. Ар кайсы саясий күчтөрдүн катышуусу менен болгон процесс — бир тарабынан өкмөттөгү «бизнесмендер», экинчи тарабынан парламенттеги улутчул-патриоттор», — дейт Кислов.

Депутаттар «Фергана» сайтын колдонууга чектөө коюуу кадамдарын сайт «чындыкка туура келбеген жалган маалыматты жарыялоо менен улуттар аралык кагылышууну күчөтүп жатат» деп түшүндүрүшкөн.

«Ферганага» чектөө коюуулар Кыргызстандын укук коргоочулары арасында наарзычылык жараткан.

«Эркиндик үнү» фондунун жетекчиси Сардар Багишбековдун оюнда «Фергана» сайтын колдонууга чек коюуу — сөз эркиндигин бузуу.

«Азыркы күндө бул маселенин укутук тарабын карап жатам, «Фергана» сайтына адвокаттык кызматымды сунуштоого даярмын», — дейт Багишбеков.

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бийликтин мындай кадамдарын «конституцияга сыйбагандык» дейт.

«1937-жылкы окуялардай», — дейт укук коргоочу Сталиндик репрессияларды эскертип.

Бул «Фергана» сайтына коюлган биринчи чектөө эмес. 2010-жылдын февраль айында Курманбек Бакиевдин уулу менен байланыштуу мыйзамсыз каржы операциялар жөнүндөгү бир нече макалалардан кийин сайттын интернет-баракчасы ачылбай калган.

Кисловдун айтымында, 2005-жылкы төңкөрүш алдында да сайтка чектөө коюу аракеттери болгон, ошондуктан ал мындай басым жана куугунтуктоолорго эч таң калбайт.

«Биздин кабар агенттик 2005 жана 2010-жылкы төңкөрүш жөнүндө так жана туура маалыматтын негизги булагы болуп калган», — дейт Кислов.

«Фергана» сайтын колдонууга чек коюуу кадамдарына кандай көз караштасыз? Кайсы провайдердин кызматын колдонуп келесиз? Азыркы күндө «Фергана» сайтына кире аласызбы? Комментарийлеринизди төмөндө калтырыңыз


Автор: Болот Сатаркулов

Редакторлор: Бектур Искендер жана Илья Каримджанов

Которгон: Бермет Абдыкадырова