Башкы прокуратура «Ата Журт» партиясынын депуттарынын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын четке какты

Башкы прокуратуранын басма сөз катчылыгынын маалыматында «Ата Журт» партиясынын депутаттарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү маалымат «чындыкка жатпайт». Ал эми ММК өкүлдөрү башкы прокуратура жана парламенттеги булактарына шилтеме жасап жатышат.

Башкы прокуратура «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди, партиялаштары Нариман Тюлеев жана Нурлан Сулаймановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү сунуш жөнөтпөгөндүгүн пресс-релизинде маалымдаган.

«24.kg» кабар агенттигиндеги Махинур Ниязованын макаласы «чындыкка жатпайт» дейт башкы прокуратура расмий сайтында.

Ал эми Ниязова 22-февралда жарыялаган макаласында , башкы прокуратуранын маалыматына шилтеме жасайт.

Макала боюнча, башкы прокуратура үч депутатты кол тийбестик укуганан ажыратууну пландаштырып жатат.

Башкы прокуратурага шилтеме берүү менен «Оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана анын партиялаштары Нариман Түлеев менен Нурлан Сулайманов тууралуу прокуратуранын иликтеп чыккан билдирүүсүн парламент карап чыгат», дейт макаланын автору.

Макала боюнча, оппозициялык «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 2010-жылы база курууга арналган аймактан жер тилкесин өздөштүрүп алгандыкта күнөөлөнөт. Агенттик кайсы базанын курулушу жөнүндө сөз болуп жатканын тактабады.


Ал кезде Ташиев кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда өзгөчө кырдаалдар министринин ордун ээлеп турган.

Нурлан Сулайманов транспорт жана байланыш министри болуп иштеп жатканда «бир нече миллион сом» уурдагандыкта айыпталып жатат, дейт «24.kg».

Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеев кызматтык ыйгарым укугун аша чапкандыгы жана 84 миң АКШ долларына зыян келтиргендиги үчүн күнөөлөнөт, деп билдирет маалымат агенттиги башкы прокуратурага шилтеме берип.

«Саясий буйуртма»

Жергиликтүү ММКларда чыккан маалымат «Ата Журт» партиясынын депутаттарынын көңүлүн өзүнө бурду. Партия лидерлери Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков муну «саясий буйуртма» деп аташты.

« Нурлан Сулайманов жөнүндө сөз кыла турган болсок, Бишкек-Ош автожолун курууда жалданган түрк компаниясынын арызынын негизинде иш козголгон экен. Куруу иштери аяктаган да. Буга чейин эмнеге кайрылышкан эмес? Мунун баары саясий буйуртма», — дейт «ЦентрАзия» маалымат агенттиги Келдибековдун сөздөрүн.

«Бул иш көпчүлүккө жакпагандыгы түшүнүктүү, ошондуктан мени куугунтуктоолор башталды. ӨКМдагы ишмердүүлүгүм боюнча кылмыш иши козголот, мамлекеткке тиешелүү жер тилкесин меничиктештирип алган имишмин. Жер тилкеси эмес, бир да кышка тийген эмесми», — дейт «К-Ньюс» кабар агенттиги Ташиевдин сөздөрүн.

Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жаныбек Салиев да парламентке сунуш жөнөтүлгөндүгү тууралуу маалыматты четке какты.

«Парламентке мындай сунуш [«Ата Журт» депутаттарына] жөнөтүлгөн эмес. Жалгыз гана депутат Исхак Пирматовдун иши боюнча сунуш жиберилген», - дейт Салиев.

Анын айтымында, башкы прокуратура «Республика» партиясынын депутаты Исхак Пирматовго гана кылмыш ишин козгоду. Ал күйүүчү майдын мыйзамсыз түрдө өлкөгө алып келгендигинде айыпталып жатат.

«Республика» фракциясынын депутаты Пирматов бул ишти «жасалма» деп, атайын түзүлгөн депутаттык комиссия бул ишти акыйкаттык менен чечерине ишенем деп кошумчалады.

«Тергөөнүн билдирүүсү боюнча мен күйүүчү майды арзан баада сатыптырмын. Алардын логикасы боюнча майды арзан баада сатып жаткандыгы үчүн күйүүчү майлары менен соода кылган бардык компанияларды камакка алыш керек», — дейт Пирматов.

Анын айтымында, кылмыш курамы болбогондуктан тергөө эки жолу жабылган.

Автору: Элмурат Аширалиев

Редактору: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Асель Джоокаева