Футзал боюнча турнирде «Ата Журт» курама командасы коалициядан жеңишти тартып кетти

«Ата журт» оппозициялык партиясынын депуттары футзал боюнча турнирде коалиция жана өкмөттүн командаларынан жеңишти илип кетишти. Жеңүүчүлөрдүн лидери Камчыбек Ташиев турнирдин мыкты дарбазачысы болсо, «Республика» партиясынын депутаты Канатбек Исаев мыкты оюнчу деп табылды.

Оппозициялык партиясынын футболчулары өкмөттүн курама командасын 11:4 упайы менен талкалады. Ал эми коалициянын «Биримдик» командасынан 7:5 упайы менен жеңишти илип кетишти.

«Биз жеңиш үчүн төрөлдүк жана мындан ары да жеңиш үстүндө болобуз», деди «Ата Журт» оппозициялык фракциянын лидери Камчыбек Ташиев «Клооптун» кабарчыларына.

Футбол сүйүүчүсү жана «ата-журтчу» Садыр Жапаров гол киргизүүдөн жана жеңишке жетүүдөн рахат алаарын айтты. Оппозициялык партия мындай турнирде экинчи жолу жеңишке жетип жатат.

Коалициянын курама командасы өкмөттүн футболчулары менен 5:5 упайы менен ойноп, экинчи орунга татыды.

КСДП фракциясынын депутаты Токтогул Тумановдун айтымында, коргоочулардын начардыгынан коалициянын курама командасы бир топ голду өткөрүп жиберишти.

«Туруктуу курама команда менен ойноп, буга чейин бир нече машыгуу өткөрсөк, жыйынтык башкача болмок», дейт депутат.

Көрүүчү болуп келген «Республика» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова, мындай турнирлер керек деп билдирди «Клоопко».

«Министр менен депутат кучакташканын кайсыл жерден көрүп жүрөсүз? Ал эми бул жерде алар баарлашып, кучакташып жатышат», дейт депутат айым.

«Арыктайбыз, чуркайбыз» деп депутаттар айткан менен, «бир нече күндөн кийин эле жалкоолонуп таштап коюшат» деп Султанбекова «Клооптун» кабарчылары менен бөлүшүп кетти.

Үчүнчү жана акыркы орун ээлеген команданын мүчөсү Өкмөт аппартынын жетекчиси Төрөгул Бековдун айтымында, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн негизги максаты байланыш куруу.

«Парламент жана өкмөт бир нукта иштеп, арканды бири бирине тартпашы керек», — дейт Беков.

Кызыктуу көз ирмемдер

Коалиция курама командасынын «Ата Журт» футболчулары менен болгон беттешүүсүндө Дастанбек Жумабеков торго илинип, башынан жаракат алды. Жаркатка карабастан оюнду улантып, бир нече жолу башы менен да ойногонго жетишти.

«Ата-Журтчулардын» дарбазачысы депутат Ташиев оюндун башында дарбазаны таштап салып, атаандаштар тарбына чуркап жөнөгөн, бирок гол киргизе алган жок.

Вице-премьер Жоомарт Оторбаев коалиция менен болгон матчта депутат Токтогул Тумановго чалынып жыгылды. Жерден туруп футболчулар бири-бирине кол сунушту.

Жыйынтыктар жарыяланып жаткан учурда «Ата Журттун» күйөрманы алып баруучунун колунан микрофонду жулуп «Ата Журт — чемпион!» деп кыйкырууга жетишти.

Номинациялар

Турнирдин жыйынтыктары боюнча, эң мыкты оюнчу деп «Республика» фракциясынан депутаты Канатбек Исаев табылды.

Камчыбек Ташиев мыкты дарбазачы деп аталды. Ал команданын дарбазасына тогуз гана голду өткөрүп жиберген. Он гол киргизип «бомбардир» номинацисына «ата журтчу» Садыр Жапаров татыды.

Мыкты коргоочу вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, ал эми мыкты чабуулчу болуп «ата мекенчи» Равшан Жээнбеков аталды.

Турнирдеги биринчи голдун автору Байгазы Кенжебаев болду. Оюндун биринчи мүнөтүндө спорт жана дене тарбия агенттигинин жетекчиси Байгазы мырза коалициянын дарабазына топ киргизди.

[KloopGallery Album="турнир по футзал"]

Редактору: Илья Каримджанов
Автору: Зарема Султанбекова

Которгон: Асель Джоокаева
Сүрөттөрдүн автору
: Михаил Савочкин