Кыргызстандыктар онлайн-флешмоб аркылуу социалдык видеоролик тартышат

Жаздын келишине арналган бул акциянын уюштуруучулары, үйрөнчүктөрдүн 300гө жакын кыска метраждуу видеоклиптерин бир социалдык видеотасмага бириктирүүнү пландаштырып жатышат. Кыргызстандыктарга февралдын акыркы жумасында «Сноу пэтрол» тобунун «Берлин» аттуу ырын аткарып видео тартуу сунушуталган.

Акциянын катышуучуларына «Сноу Петрол» тобунун («Snow Petrol») «Берлин» аттуу ырына бир мүнөттөн ашпаган позитивдүү видео тартуу сунушталган.

Бул ыр жалаң гана «Ла-ла-ла» деген сөздөрдөн турат.

Уюштуруучу — «Ситилаб» студиясынын өкүлү «Клоопко» берген интервьюсунда, марттын башында 200-300дөй видеоклипти монтаждап позитивдүү социалдык роликке бириктиришерин айтты.

Уюштуруучулар роликти Интернетке жүктөшөт, балким жергиликтүү каналдарда да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Акциянын демилгечиси Айбек Баратов сунушталган ыр кыргызстандыктар үчүч «биримдик жана жаздын гимни» болуп калат деген үмүттө.

«Мындай роликти жасоого ыр түрткү болду. Баарына жакты, […] биз дагы ушундай долбоорду ишке ашырышыбыз керек деген ой жаралды», — дейт Баратов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Баратовдун айтымында бул акция жаздын башатына арналып, биримдик жана позитивдүү маанайдын символу болот. Анын айтымында бул идеянын өзгөчөлгү долбоор толугу менен катышууучулар тарабынан даярдалынат.

Катышуучулар үчүн эң негизги шарт камерага «ла ла ла» ырын аткаруу. Эгер видео чет мамлекеттен тартылса арткы фон «так көрүнүп туруш керек».

Акцияга катышууну каалаган Полина Мельникова «Клоопко» берген интервьюсунда, Бишкектин көчөлөрүндө жашыруун камерага жалаң аппак кийинген адамдарды тартууну пландаштырып жаткандыгын айтып өттү.

Бул акциянын өткөрүлүшүнө кандай көз караштасыз? Өз комментарийлериңизди калтырыңыз.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор:Илья Каримджанов

Которгон: Бермет Абдыкадырова