Папан тургундарына сөз берилген жер тилкелер төрт жыл бою бериле элек

Папандагы тогуз айылга турак жай үчүн ушул эле айыл өкмөттүн курамындагы аймагынан 2008-жылы жер тилкелери бөлүнүп берилген. Бирок жерге муктаждар азыркы мезгилге чейин ала элек. Мунун себебин айыл өкмөт башчы "эки айылдын ортосунда жер тилкелеринин талаш-тартыш болгондугунан мөөнөтү узарып кеткен" деп түшүндүрдү.

Ош облусундагы 2008-жылы болгон жер титирөөдөн улам өзгөчө кырдаалдар министрлиги Папан айыл өкмөтүндөгү 277 жабыр тарткандарга үй салуу үчүн ушул эле айыл өкмөттө Дыйкан-Кыштак аймагында 15 га жер ажыратып бөлүп берген. Бул ар бир кожолукка 4 сотиктен тиет.

Дыйкан-Кыштак аймагы Папан районуна караганы менен Төлөйкөн районуна караштуу Учар айылынын тургундары жерди ижарага алып дыйканчылык кылып келишкен. Натыйжада ортодо түшүнбөстүк пайда болгон.

Кызыл-Туу айылынын жашоочусу Кудаяр Шадыбаевдин "Клоопко" берген интервьюсунда, жерге муктаждарга бериле турган жерди Учар айылынын айрым дыйканчылары бошотпой койгондугуна байланыштуу төрт жылдан бери маселе чечилбей жаткандыгын белгиледи.

"[...] Анан тартып [жерди] келгенде эки, үч адам бошотпой койгон. Ал жер Учар айылынын жашоочуларына ижарага берилип калган экен. Алар бошотпой биз жерибизди ала албай жүрөбүз",–дейт нааразылана Кудаяр.

Бирок Төлөйкөн районунун башчысы Нурзат Базаров бул маалыматты четке какты.

"Бул тууралуу эч кандай каршылык жок [учарлыктардан] [...]. Негизи эки элдин ортосунда макулдук түзлгөн. Эми бул маселе 5-мартка чейин чечилип бүтөт",–деди Назаров.

Жерге муктаждар

Чычкан-Кол айылынын жашоочусу Уланбек Аликеевдин айтуусунда, бериле турган жер тилкесинин документтер үчүн архитектурага 7100 сом төккөн.

Үйлөнгөндөн кийин айылда жеке турак-жайы жок болгондугунан Ошто батирде беш жылдан бери жашап жүрөт.

"Эки балам бар, жерге муктажбыз. Документин бүтүргөнмүн. Таптакыр жер албаган жер муктаждарага бөлүнгөн […]. Техпаспорт, чиймеси[үйдүн жайгаша турган орду] баардыгы ошол 7100 сомдун эсебинен алынат. Жумушсузмун анча-мынча базарга жумушка барам",–деп кейиди Уланбек.

Ал эми Кызыл-Туу айылынын тургуну Сагынбай Мамитов, 2008-жылы болгон зилзаладан улам үйү 5 сантиметр жарылгандыгын, ошол үйдө азыркы учурда да жетөө жашап жаткандыгын маалымдады.

"Быйыл токтомдун негизинде берген [жерди]. Мен туулгандан бери ушул жерде жашайм. Жер титирөөдө үйлөр жарылган. Үчүнчү даражадагы [үйдүн абалы орточо жабыркаган] деп кетишкен 10 миң сом алганбыз. Беш сантиметр жарылган анан кичине оңдоштуруп койгонмун. Алдыга, аркага чалкалап калган",–деп айтты Мамитов.

"Жакын арада берилет"

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаиловдун айтуусунда, Төлөйкөн айылы менен талаш жерлер бар болгондугунан ушул мезгилге чейин маселе чечилбей келген. Бирок элдин ортосунда чыр чыгарбоо максатында Учар айылына дыйканчылык үчүн 2га жер ажыратып бөлүнүп берилгенин айтты.

27-февралдан баштап жер тилкелери берилээрин кошумчалады.

"Жапалак айыл өкмөтүндө Папан айыл өкмөтүнүн курамындагы жер бар. Шаарга жакындыгы анан суулу жер, андан башка шарты деле жок[...]",–деп түшүндүрдү Исмаилов.

2008-жылы 1-январда Ош облусунда очогу Папанда болгон зилзаладан 167 үй, 6 мектеп жараксыз абалга келген. Ноокат, Араван, Карасуу райондорунун аймагында күчү 5,5-6 Рихтердин шкаласандагы жеткен жер титирөө катталган. Адам өмүрүнө зыян алып келген эмес.

Редактор: Айзат Шакиева