«Революционерлер» прокуратурадан коррупция менен «чечкиндүү күрөшүүнү» талап кылып жатышат [видео]

«Апрель Байрагы» биримдигинин лидери прокуратуранын кызматкерлерин катуу сынга алып, коррупционерлердин «тизмесин» окуп берди. Алардын айтымында, бул фактылар боюнча кылмыш ишин ачууда прокуратура «эч бир кадамдарды жасабай жатат». Башкы прокурор Салянова конкреттүү далилдерди берүүнү айтты.

15 бирикмеден турган «Апрель Байрагы» коомдук кыймылы Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова, Бишкек шаарынын прокурору Талантбек Кожонов жана Чүй облусунун тескөө органынын жетекчиси Нурлан Сулайманкулов менен жолугушту.

«Революционерлердин» айтымында, прокуратуранын кызматкерлери өз кызматын «кылдаттык менен аткарбай жатышат» деп Саляновага коррупцияга тиешеси бар криминалдык дүйнөдөгү адамдардын аттарын окуп берди.

Өз кезегинде башкы прокурор бош сөздөрдү айта бербей, конкреттүү фактылардын берилиши айтты.

Салянова «революционерлердин» коррупционерлер жөнүндө маалымат берүүсү үчүн эки айда бир жолугуп турат.

В "Апрель Байрагы" кыймылына "Мекен үчүн", "Элдик Сакчы", "Патриот" элдик дружиналары, "Мекен Шейиттери" жана «Айкөл Ала Тоо» укук коргоочу уюмдар кирет.

http://obs.kg/view/62e/%C2%AB%D0%A0%D0%B5%D0%B2%D0%BE%D0%BB%D1%8E%D1%86%D0%B8%D0%BE%D0%BD%D0%B5%D1%80%D0%BB%D0%B5%D1%80%C2%BB_%D0%BF%D1%80%D0%BE%D0%BA%D1%83%D1%80%D0%B0%D1%82%D1%83%D1%80%D0%B0%D0%B4%D0%B0%D0%BD_%D0%BA%D0%BE%D1%80%D1%80%D1%83%D0%BF%D1%86%D0%B8%D1%8F_%D0%BC%D0%B5%D0%BD%D0%B5%D0%BD_%C2%AB%D1%87%D0%B5%D1%87%D0%BA%D0%B8%D0%BD%D0%B4%D2%AF%D2%AF_%D0%BA%D2%AF%D1%80%D3%A9%D1%88%D2%AF%D2%AF%D0%BD%D2%AF%C2%BB_%D1%82%D0%B0%D0%BB%D0%B0%D0%BF_%D0%BA%D1%8B%D0%BB%D1%8B%D0%BF_%D0%B6%D0%B0%D1%82%D1%8B%D1%88%D0%B0%D1%82_

Автор: Bstark

Редактор: Илья Каримджанов